Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:56

АКШ аскерлерин Ооганстандан чыгаруу жайлайт


Ооганстандагы АКШ жоокерлери
Ооганстандагы АКШ жоокерлери

Президент Барак Обаманын чечимине ылайык, АКШ аскерлерин Ооганстандан чыгарып кетүү жайлатылат жана быйыл жыл аягына дейре өлкөдө азыркы 9800 аскер калтырылат.

АКШ лидери мындай бүтүмгө Ооганстандын президенти Ашраф Гани сурангандан улам барды.

Кошмо Штаттардын 10 миңдей аскери жыл аягына чейин Ооганстанда калат. Мындай билдирүүнү президент Барак Обама 24-мартта Ооган лидери Ашраф Гани менен болгон сүйлөшүүдөн кийин жасады.

- Биз бүгүнкү чектелүү миссияны колдоо үчүн 10 000ден аз аскер калтырабыз. Былтыр Ооганстандагы аскерлерди чыгаруу планын жарыялагам... Быйыл жылдын соңуна чейин бул 9800 аскерди кармап турабыз деп чечтим. 2016-жылдын аягына чейин аларды Кабулдагы элчиликке жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүнө тийиштүү маселелер үстүбүздөгү жылдын аягында аныкталат.

Барак Обама Ашраф Гани менен бирге өткөргөн маалымат жыйынында, 24-март, 2015
Барак Обама Ашраф Гани менен бирге өткөргөн маалымат жыйынында, 24-март, 2015

Мурда жарыяланган Обаманын планына ылайык, 2015-жылдын соңуна Ооганстанда 5500 чамалуу гана америкалык аскер калтырылышы керек болчу.

Ашраф Гани Вашингтонго расмий сапарга келгенден мурда эле АКШга кайрылып, аскерлерин чыгарып кетүүдө ийкемдүү болууга чакырарын ачык айтып жүргөн.

Президент Обаманын билдиришинче, Ооганстандын коопсуздук күчтөрүн каржылоону жана аларды даярдоого көмөктөшүүнү Вашингтон 2017-жылы да улантат.

- Кечээ жарыялагандай, биз Конгресс менен 352 миң колдуу Ооган полициясын жана аскерин 2017-жылы каржылоо жолун караштырабыз.

Ооганстандагы согуш эң күчөп турган чакта өлкөдө америкалык жана натолук 135 миң аскер болгон. АКШ баштаган күчтөр 2001-жылы Ооганстанга басып кирип, Ооганстандын бирдиктүү майданы (Түндүк альянсы) менен чогуу талибан өкмөтүн кулаткан.

2014-жылы Ооганстандын мурдагы президенти Хамид Карзай карапайым элдин аскерий операциялар кезде бейчеки жабыркап жатканына шылтап, коопсуздук жаатында кызматташуу келишимине кол койгондон баш тарткан. Ошондо осолдоп кеткен эки өлкөнүн мамилесин оңдоого Дүйнөлүк банктын мурдагы кызматкери Ашраф Гани былтыр сентябрда президенттик орунга отургандан бери көп далалат жасоодо. Ал эл аралык коомчулукта белгилүү инсан. Эки ирет Улуттар Уюмунун башкатчылыгына ат салышып, негизги талапкерлерден болгон.

Ашраф Гани Ооганстанда кызмат өтөгөн америкалык аскерлерге алкыш айтып, “трагедия бириктирген башыбызды эми өз ара кызыкчылыктар бириктирүүдө” деди. Анын сөзүнө караганда, АКШ күчтөрүн чыгарып кетүүнү саалгытуу Ооган өкмөтүнө реформаны тездетүүгө жана улуттук күчтөрдүн коопсуздукту камсыздоо милдетин аткаруусуна кепилдик берет:

Ашраф Гани, 24-март, 2015-жыл
Ашраф Гани, 24-март, 2015-жыл

- Америкалык аскерлерди чыгарып кетүүнү саалгытуу реформаны тездетүү, Ооганстандын улуттук коопсуздук күчтөрү башкы вазийпасын мыктылап аткаруусу үчүн аларды жеткилең жетектөө, куралдандыруу жана машыктыруу үчүн пайдаланылат.

Президент Гани 24-мартта Вашингтондо болгон маалымат жыйында акыркы жылдары Ооганстандан 120 миң эл аралык аскерди чыгарып кетүү кээ бирөөлөр боолгогондой “коопсуздукка жарака салбады” же алар күткөндөй “Ооганстан кыйраган жок” деп баса белгиледи.

Ашраф Гани менен өкмөт башчы Абдулла Абдулланын Вашингтондогу үч күндүк расмий сапары 25-мартта карыйт.

XS
SM
MD
LG