Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:41

АКШ: кербенге жасалган чабуулга Орусия жооптуу


Гуманитардык жардам кербени 19-сентябрда бутага алынган.
Гуманитардык жардам кербени 19-сентябрда бутага алынган.

АКШ Сириядагы гуманитардык кербенге жасалган апта башындагы чабуул боюнча Орусияны күнөөлөсө, орус тарап дооматтарды четке кагууда.

Эми Сириядагы тынчтык келишимин сактап калуу маселеси кабыргасынан коюлуп турат.

Сириядагы гуманитардык кербендин бутага алынышы дипломатия айдыңындагы кайчы пикирлерге, айыптоо жана актанууларга себеп болду.

Вашингтон ок атышпоо келишимин коркунучка кептеген бул чабуул боюнча Орусияны күнөөлөдү. АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи орун басары Бен Родестин сөздөрү Орусиянын дарегине айтылган кескин айыптоо болуп калды:

- Биздеги маалыматтардын баары абадан сокку урулганын көрсөтүп жатат. Мындай жагдай эки гана жооптуу тарап бар экенин билдирет: же Сириянын режими, же Орусиянын өкмөтү. Кандай болсо да, аймактагы аба соккуларына орус өкмөтү жооптуу деп эсептейбиз. Ок атышпоо келишимине ылайык, орус тарап гуманитардык жардам өткөн аймактагы аба операцияларын алдын алуу милдетин алган.

Ак үй өкүлү Бен Родес Орусияны кескин айыптады.
Ак үй өкүлү Бен Родес Орусияны кескин айыптады.

19-сентябрда жардам жүктөлгөн унааларга жана кампага сокку урулуп, андан кеминде 20 жөн-жай тургун мерт кеткен. Бул окуядан кийин Бириккен Улуттар Уюму Сирияга жөнөтүлгөн бардык жардам кербендерин токтоткон. Уюмдун баш катчысы Пан Ги Мун Башкы ассамблеядагы сөзүндө чабуулду уюштургандарды “коркоктор” деп атады.

“Сирия-Араб кызыл жарым ай” уюму каршылык иретинде Алепподогу бардык ишмердүүлүгүн үч күнгө токтотууну чечти.

Алгач бул чабуулдарды кайсы тараптын учагы уюштурганы белгисиз болчу. Бирок чабуул маалында асманда Орусиянын Су-24 үлгүсүндөгү эки учагы учуп жүргөнүн АКШнын расмийлери “Ройтерс” агенттигине билдиришти. Натыйжада АКШнын чалгындоо кызматы окуяга Орусия күнөөлүү деген тыянакка келген.

Орусиянын өз жүйөөсү бар

Орусиянын Коргоо министрлиги бул кабарды четке кагууда. Орус тарап гуманитардык кербен өрттөлгөн жана аны же “Аль-Нусра фронтунун” согушкерлери, же “Сириялык жарандык коргонуу” тобу жасаган деп ишенет. Нью-Йоркто жолугушуу өткөрүп жүргөн орус тышкы иштер министри Сергей Лавров да дооматтарды четке какканын “Россия-24” каналы кабарлады:

- Биздин авиация ал жакта болбогонун коргоо кызматкерлерибиз билдиришкен. Сириянын аба күчтөрү да ал жакта иштей алмак эмес. Себеби кербенге чабуул көз байланган учурда жасалган. Сириянын учактары андай шартта уча алышпайт, аларда мындай мүмкүнчүлүк жок. Алеппонун чыгышындагы чабуул гуманитардык жүк түшүрүлүп жатканда болгон.

Сириянын армиясы да жардам кербенине сокку урбаганын мамлекеттик медиа аркылуу жар салды.

Алеппо шаарына жакын жерде гуманитардык кербенге жасалган чабуул кеминде 20 адамдын өмүрүн алды.
Алеппо шаарына жакын жерде гуманитардык кербенге жасалган чабуул кеминде 20 адамдын өмүрүн алды.

Тынчтык келишими сакталабы?

Ошентип, тараптардын баары бул чабуулга тиешеси жоктугун айтып жатат. Кантсе да бул окуя Орусия жана АКШнын ортомчулугу менен жетишилген ок атышпоо келишимин кыйла аксатып койду. Вашингтон жана Москва баштаган ондогон өкмөттүн өкүлдөрү соңку зомбулукка карабастан, тынчтык келишими дале иштеп жатат дешет.

Американын мамлекеттик катчысы Жон Керри тынчтык келишими боюнча иш уланаарын, тараптар жума күнү да сүйлөшүү өткөрөөрүн айтты. Британиянын тышкы иштер министри Борис Жонсон болсо эч бир тарап айтканынан кайтпай жатат деп билдирди.

БУУнун Башкы ассамблеясында акыркы жолу кайрылуу жасаган АКШ президенти Барак Обама миңдеген адамдардын өмүрүн алган Сириядагы беш жылдан ашкан согушту күч менен токтотуу мүмкүн эместигин эскертти.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG