Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:28

Тогуз-Тородо апийим өстүрүлгөн жер табылды


25-сентябрда Жалал-Абад облустук милициясынын маңзатка каршы күрөш кызматы атайын операциянын алкагында Тогуз-Торо районунун Жалгыз-Кайың участкасынан 2700 даана маңзат өсүмдүгүн табышкан. Облустук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, ыкчам иштердин алкагында бул жердин ээси, Сузак районунун 59 жаштагы тургуну кармалган. Жалпысынан маңзаттын көлөмү 1,1 тонна болмок деп болжолдонууда.

Бул факты боюнча соттук химиялык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. (RsK)

XS
SM
MD
LG