Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:03

Референдумду дайындоо боюнча мыйзам долбоору 1-окууда жактырылды


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн жалпы отурумда Башмыйзамды өзгөртүү үчүн 4-декабрда Референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбоорун 1-окууда жактырды. Бул күнү отурумга катышкан 105 депутаттын 94ү “макул” деп добуш беришти. 11 депутат “каршы” добуш берди. Аталган мыйзам эми дагы эки окууда каралат.

7-октябрда Башмыйзамды өзгөртүү маселеси парламенттик угууда талкууланат.

Башмыйзамды өзгөртүү демилгесин парламенттеги беш фракция демилгелеп алып чыгышкан. Бирок “Референдумга” коюлуучу акыркы редакциясына кол коюудан “Бир бол” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракцияларынын башчылары баш тартышкан. Алар муну мурда демилгеленген тексттин башка өзгөртүлгөн варианты сунушталып жатканы менен түшүндүрүшкөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG