Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:17

Беларус Түркмөнстанда иштеген жарандары үчүн камтама болууда


Ашгабад
Ашгабад

Беларус бийлиги Түркмөнстанда иштеген жарандарына айлык төлөнбөй жатканына камтама болууда. Расмий Минск буга байланыштуу "түркмөн тарап Гарлык тоо-кен байытуучу комбинатын куруу боюнча өзүнө алган каржылык милдеттенмелерин аткарбай жатат" деп айтып чыкты.

Бул тууралуу Беларустун Улуттук жыйынынын Республика кеңешинин төрагасы Михаил Мясникович бүгүн Түркмөнстандын элчиси Назаргулы Шагулыев менен жолугушууда айтты.

Түркмөнстан менен Беларус быйыл жазында жылына 1,5 миллион тонна калий семирткичин чыгара турган комбинаттын курулушун баштаган.

Түркмөнстандын түндүк-чыгышындагы Лебап велаятында жайгашкан бул объект өлкөнүн алгачкы тоо-кен өнөр жай ишканасы болот. Ал келерки жылдын март айында ишке берилет деп пландалган. (RK)

XS
SM
MD
LG