Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:11

АКШ-Борбор Азия алакалары жана 2014-жылы Ооганстандагы аскерлерди чыгаруу иштери тууралуу АКШнын Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Роберт Блэйк менен "Азаттыктын" Вашингтондогу кабарчысы Ричард Солаш маек курду.

“Азаттык”: Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 2014-жылдын ортосунда "Манас" транзит борбору боюнча эки тараптуу келишимдин мөөнөтү аяктайт, ошондон кийин ал жерде чет элдик бир да аскер калбайт деп айтты. Мындай билдирүү Ооганстандагы АКШ аскерлерин чыгаруу ишин кыйындатпайбы?

Роберт Блейк: Биринчиден, Кыргызстандын өкмөтүнө "Манас" транзит борборунун ишин улантууга шарт түзүп бергени үчүн терең ыраазыбыз. Ал жер Ооганстандагы бардык аракеттердин абдан маанилүү бөлүгү. Ооганстанга бараарда биздин бардык аскерлер "Манас" транзит борборун кесип өтүп жатышат. Ал жердин болочок тагдыры тууралуу сүйлөшүүлөрдү кыргыз өкмөтү менен мына жаңыдан баштап жатабыз. Президент Атамбаев жана анын администрация өкүлдөрү менен алгачкы жолугушуулар болуп өттү. Алдыда дагы көптөгөн сүйлөшүүлөр күтүп турат, алардын жыйынтыгы кандай болорун азыр айтуу өтө эртелик кылат. Ооганстандагы жагдай жалгыз биздин эмес, Кыргызстандын да кызыкчылыгындагы маселе. Ал тууралуу президент Атамбаевдин жана анын кеңешчилеринин пикирин угууга куштарбыз. Кантсе да, транзиттик борбордун келечеги боюнча Кыргызстанды жана бизди канааттандыра турган бир чечим табууга болгон аракетти жумшайбыз. Бул Орусия өңдүү маанилүү өнөктөштөрдү кабатырлантпашы керек.

“Азаттык”: Саналуу айлардан кийин Борбор Азиядагы алгачкы демократиялуу парламенттик система түзгөн Кыргызстандын жаңы конституциясы кабыл алынганына эки жыл толот. Ушул эки жыл ичинде Кыргызстанда болгон окуяларга көз чаптырып, алдыга өнүгүү, демократиялык өнүгүү ойдогудай кетип баратат деп айта аласызбы?

Роберт Блейк: Кыргызстан чынында соңку эки жылда болуп көрбөгөндөй бурулуш окуяларга туш болду. Андан мурун айрым демократиялык жетишкендиктери болбогондо, бул эки жыл ичиндеги кыйынчылык, опуртал окуяларды Кыргызстандан башка өлкө көтөрө алат беле, ким билет. Азыркы демократиялык системаны өнүктүрүп жатканы үчүн мурунку президент Роза Отунбаева, азыркы лидери Алмазбек Атамбаев экөө бирдей алкыш сөздөргө татыйт. Ушунчалык кыйынчылыктарды баштан кечиришти. Ошол эле убакта президент Атамбаев азыр да анын өлкөсү кандай көйгөйлөргө туш болуп турганын бизден жакшы билет. Ал президенттик кызматка киришүү алдында сүйлөгөн сөзүндө улуттар аралык жарашуу, коррупция өңдүү маселелерди ачык айтты. Элди эмнелер түйшөлтүп атканын угуп, анализдеп жатканын көргөзө алды. Кыргыз өкмөтү айрым олуттуу көйгөйлөрдү чечүү багытында баштапкы кадамдарды жасай баштады, жасала турган иштер али арбын. Баарынан башкысы – кандуу кагылышууну баштан кечирген түштүк тараптын экономикасын өнүктүрүп, элдин жашоосун жакшыртуу зарыл. Ал жердеги жамааттардын ынтымагын бекемдеп, бул багытта Өзбекстан менен тыгыз кызматташып, бул коңшулаш өлкө менен сүйлөшүп чек араларын ачтырса, соода-сатыкты өнүктүрүүгө салым кошот эле.

“Азаттык”: Орусиялык маалымат каражаттары АКШ Ооганстандагы аскерлери менен согуштук техникасын Өзбекстан аркылуу чыгарат деп кабарлашты. Атүгүл айрым курал-жарагын ал үчүн Өзбекстанга берет экен деп да жазып жиберишти. Мунун канчасы чындык?

Роберт Блейк: Коопсуздук маселелеринен улам куралдуу күчтөр кандай жолдор менен чыгарылаарын, башка майда-баратын ачык айта албайм. Бирок аскерлер чыгарыла баштаганда, далай курал-жарагын өзүлөрү менен ала кетишет, кайсы бир бөлүгү Ооганстанда калтырылат деп айта алам. Негизги күчтөр жана техника Түндүк түйүнү – The Northern Distribution Network аркылуу ташылып чыгат. Пентагон бул түйүн кесип өткөн өлкөлөрдүн (Тажикстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Орусия, Латвия – ред.) өкмөттөрү менен өз-өзүнчө айрым бир аскердик техника алмашуу тууралуу макулдашып алышы мүмкүн. Андай макулдашуу болгон күндө да, Өзбекстан, же кайсыл бир башка мамлекет менен аскердик алакаларда кандай чектөөлөр каралган болсо, бардыгы эске алынат. Бир нерсени баса белгилей кетким келет - Өзбекстан аркылуу адам өмүрүнө коркунуч келтирчү курал-жарак ташылып өтпөйт. Берилчү техниканын көбү коргонуу жабдыктары, алар керек болсо бул өлкөлөр АКШга колдоо көрсөткөнү үчүн айрым бир кооптуу жагдайларды алдын алууга багытталат.

“Азаттык”: Борбор Азияда 2014-жылы АКШ Ооганстандагы аскерлерин чыгарып кетсе, Вашингтон бул чөлкөм менен кандай алакада болот деген суроо жаралууда. Региондогу жагдай кандай болот? Ооганстандагы талиптердин кол салуу коркунучу келип чыкпайбы?

Роберт Блейк: 2014-жылдан кийин кырдаал кандай болорун алдын-ала айтуудан алыс болгум келет. Эч ким айта албайт. Азыр болгон күчтү Ооганстандагы коопсуздукту күзөтүү иштерин өзүлөрүнө өткөрүп берүүгө жумшап жатабыз. Бул ишке коңшулаш Борбор Азия өлкөлөрү да кошулуп, Ооганстандагы бейпилдикке кызыкдар тарап катары салым кошот деп ишенебиз.

2014-жылдан кийин АКШ Ооганстанга көңүл бурбайт деген көз караш таптакыр туура эмес. Дагы далай жылдары биздин кайсыл бир күчтөрүбүз ал жерде кала берет, алардын көлөмү, максаты кандай болорун азыр ооган өкмөтү менен талкуулап жатабыз. Борбор Азия өкмөттөрү менен да экономикалык жактан тыгыз кызматташып, жалпы чөлкөмдө туруктуу өнүгүү калыптанышына абдан кызыкдарбыз. Анткени Борбор Азия региону – биз үчүн 2014-жылдан кийин да дагы узак жылдарга абдан маанилүү аймак бойдон кала берет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG