Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:06

Обама менен Цзинпин эмнени сүйлөшөт?


Кытай лидери Си Цзинпин менен АКШ президенти Барак Обама
Кытай лидери Си Цзинпин менен АКШ президенти Барак Обама

Кытай президенти Си Цзинпин бүгүн Вашингтондо президент Барак Обама менен жолугат. Ал Кошмо Штаттарга шейшемби күнү расмий иш сапар менен келген.

Ак үйдөгү сүйлөшүүдө кибер чабуулдар, экономика, Түндүк Кореянын ядролук коркунучу жана адам укуктары талкууланары айтылууда.

Кытай лидери Ак үйгө барганда сыйлуу коноктун урматына 21 жолу замбиректен салют атылат.

Бул Си Цзинпиндин Кошмо Штаттардагы биринчи мамлекеттик визити. Анын бул сапарын кээ бир кытай серепчилери өлкөдөгү даңазалуу реформанын атасы саналган Дэн Сяопиндин 1979-жылкы АКШ визитине салыштырууда.

Барак Обама менен Си Цзинпин талкуулай турган башкы тема Түндүк Кореянын ядролук коркунучу болот деген жоромолдор серепчилер арасында жана расмий чөйрөдө көп айтылууда. Анткени Пхеньян өткөн аптада 5 мегаваттык атомдук реакторун ишке киргизип, кайра уран байытууну баштаган. Удаа эле, Улуттар Уюмунун санкциясына карабай, алыс аралыкка же 10 000 чакырымга жетүүчү дагы бир ракетаны сынай турганын жарыя кылган. Бул ракета октябрда сыналары болжолдонууда.

Кездешүү эки лидерге Пхеньяндын ядролук куралдуу болууну же экономиканы өнүктүрүүнү тандап алуусун талкуулоого дагы бир ирет мүмкүнчүлүк берерин АКШ президентинин Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Сюзан Райс да ушул аптада ырастаган. Ал кызматташуудан эки өлкө тең пайда табарын баса белгилеген.

- Кытай регионалдык жана глобалдык проблемаларды жөндөөгө салым кошсо, андан Кошмо Штаттар жана дүйнө утат... Кытай жана Кошмо Штаттар чогуу иштешкен учурда, дүйнө алда канча коопсуз жана алда канча бейпил болот. Бул чындык. Бул байгеси жок оюн эмес. Биздин ортодогу айырмачылыкты жөнгө салуу мүмкүнчүлүгүбүз абдан чоң.

“Вашингтон Пост” гезитинин жазышынча, Барак Обаманын алдында катаал тапшырма турат. Ал Си мырзаны “интернет мейкиндигиндеги америкалык мекеме жана ишканаларга каршы кибертыңчылыктан тартып, Түштүк Кытай деңизиндеги аскердик аэродромдорду курууга чейинки агрессивдүү саясатын карап көрүүгө көндүрүүсү зарыл. Эгер азыркы саммит кырдаалды өзгөртпөсө, өз ара мамиле кескин начарлашы айдан ачык экенин басылма баса белгилейт.

Обама өзү да кытайлык кесиптеши менен сүйлөшүүдө кибермейкиндиктеги тыңчылыкка көңүл бурууну каалаганын айткан.

Си Цзинпин 23-сентябрда Сиэтл шаарында “Майкрософт” компаниясынын кеңсесинде болгон америкалык-кытайлык интернет өнөр өнөр жайчыларынын форумунда сүйлөп, Кытай өкмөтү кибер мейкиндикте коммерциялык маалыматтарды уурдоого эгерим каршы экенин билдирди.

- Кытай бейпил, коопсуз, ачык жана кызматташтыктын кибермейкиндигин түзүүнү жактайт; биз ар бир өлкө интернетке байланыштуу мамлекеттик саясатын өздөрүнүн улуттук реалдуулуктарына ылайык иштеп чыгыш керек, - деген ишенимдебиз. Кытайда биз интернеттин экономикалык өсүшкө кошкон бараандуу ролуна чоң маани беребиз жана өнөр жай тармактарын жакшы өнүгүүгө жетүүгө шыктандыруу максатында “Интернет плюс” саясатын ишке ашырып жатабыз.

Буга чейин АКШ кибермейкиндиктеги хакерлик чабуулдар расмий Бээжиндин тапшырмасы менен жүрүүдө деп андай саясатты токтотууга чакырган.

Ал эми Ак үйдүн башкы экономисти Жейсон Фурмандын пикиринде, АКШ Кытайды улуттук акчасын арзандаткан сыяктуу утурумдук саясатты токтотууга көндүрүшү зарыл. Бээжин 11-августта экспортту колдоо максатында акыркы 20 жылда биринчи жолу юанды 1,9% арзандаткан. Анын кесепетинен Кытай рыногунда иштеген америкалык жана европалык компаниялардын акциялары 10% дейре кунун жоготкон.

Кытай лидери Сиэтлдеги форумда акыркы убакта өлкө экономикасынын өсүү темпи басаңдап, фондулук рынокту өйдө-ылдый кылганын моюнуна алды. Анын себебин, Си Цзинпин дүйнөлүк экономиканын таасири жана узак жылдар Кытайдын өзүндө топтолгон чарбалык проблемалар менен түшүндүрдү.

23-сентябрда Тынчтык боюнча Нобель сыйлыгынын 12 лауреаты президент Обамага кайрылып, Си мырза менен кездешүүдө Кытай абагында отурган Лю Сяобого жана анын зайыбына эркиндик берүүнү суроону өтүнүштү. Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын лауреаты, укук коргоочу Лю Сяобо “мамлекеттик түзүлүштү бузууга элди үндөдү” деп айыпталып, 2009-жылдын аягында 11 жылга соттолгон.

“Вашингтон Пост” гезити жазгандай, Обамага азыр Бээжиндин адам укугун бузууларын Си мырзага айтуучу убак келди.

XS
SM
MD
LG