Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:10

Пакистанда жанкечтилер полиция академиясына кол салды


Пакистан.
Пакистан.

Пакистандын Кветта шаарында полиция академиясына согушкерлердин кол салуусунан кеминде 44 адам каза тапты. Жүздөн ашууну жаракат алды. Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, жаракат алгандардын көбү академиянын кадеттери. Кол салгандар күзөтчүлөрдү өлтүрүп, автоматтан ок атып, жардыруу уюштурган. Алар 6-7 адамдан турганы айтылууда. Атайын операциянын натыйжасында кол салгандардын бири жок кылынып, экөө өзүн жардырган.

Окуя үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек. Бирок антитеррор операциясын жетектеген генерал Шер Афган согушкерлер “Талибан” менен байланышы бар “Аль-Алими” тобунун өкүлдөрү экенин маалымдады. Полиция академиясына буга чейин эки жолу, 2006-2008-жылдары кол салуу болгон.

XS
SM
MD
LG