Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:58

Пакистанда пилотсуз учак чабуулунан 2 киши өлдү


Пакистандын коопсуздук кызматкерлери билдиргендей, АКШ учагы өлкөнүн түндүк-батышындагы Түндүк Вазиристан аймагында Мубарак Шахи айлындагы үйдү бутага алган. Аталган булак АФП агенттигине бул имаратты согушкерлер пайдаланып келгендигин бышыктады. Түндүк Вазиристанда Хафиз Гүл Бахадур деген жергиликтүү кор башы үстөмдүк кылат. Ал өз согушунда чек аранын ар жагындагы Ооганстанда ооган жана чет элдик аскерлерди бутага алып келет. АКШнын пилотсуз учак чабуулдары Пакистанда көп нааразылыкты пайда кылууда. Пакистан өкмөтү аны өлкөнүн суверендүүлүгүнө шек келтирет деп сындаган.

XS
SM
MD
LG