Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:53

ЦРУнун башчылыгына талапкер Сенатта суралат


Президент Барак Обама Ак Үйдүн контртерроризм боюнча кеңешчиси Жон Бреннанды (оңдо) ЦРУнун башчылыгына талапкер деп көрсөтүүдө. Вашингтон. 7-январь 2013
Президент Барак Обама Ак Үйдүн контртерроризм боюнча кеңешчиси Жон Бреннанды (оңдо) ЦРУнун башчылыгына талапкер деп көрсөтүүдө. Вашингтон. 7-январь 2013

Бүгүн Сенатта президент Обама АКШнын Борбордук чалгындоо кызматы - ЦРУнун башчылыгына көрсөткөн Жон Бреннандын талапкерлиги каралат.

Бреннан баарынан мурда сенаторлордун Ак үйдүн террорчуларды табуу жана жок кылуу боюнча жашыруун программасына байланыштуу суроолоруна жооп берет. Мындай программа бар экени коомчулукка апта башында маалым болгон.

"Маалымат Америка элинен эмес, күнү-түнү Кошмо Штаттарга жана Америка элине зыян келтирүүнүн жолун издегендерден жана зыян келтирип жаткандардан жашыруун сакталууда."


Ак үйдүн терроризм менен күрөшүү боюнча кеңешчиси Жон Бреннан өкмөттүн антитеррордук саясатын жан дили менен колдогон адам катары белгилүү.

Ал президент Буш кезде ЦРУнун Контртерроризм боюнча улуттук борборун жетектеген жана АКШнын пилотсуз учактар программасынын архитекторлорунун бири.

Бул программа террорчуларды, ага катар “ал-Каиданын” “мартабалуу командирлер тобуна кирген” же Кошмо Штаттарга “түздөн-түз кол салуу коркунучу бар топтор менен байланышканы” аныкталган чет өлкөдөгү америкалык жарандарды жок кылганга мүмкүндүк берет.

RQ-11 Raven (Карга) деп аталган алыстан башкарылчу учма аппарат АКШ жана Иран аскерлеринин согушчандарды издөө жана камоого алуу операциясы учурунда учурулуп жатат. Ирактын Пактия провинциясы.
RQ-11 Raven (Карга) деп аталган алыстан башкарылчу учма аппарат АКШ жана Иран аскерлеринин согушчандарды издөө жана камоого алуу операциясы учурунда учурулуп жатат. Ирактын Пактия провинциясы.
Былтыр майда Жон Бреннан АКШнын расмий адамдарынан биринчи болуп, террорчуларды табууда жана жок кылууда пилотсуз учактар колдонулганын коомчулукка ачык айткан:

"Мен колумдан келишинче жөнөкөйлөтүп айтайын. Ырас, мыйзамга ылайык, Кошмо Штаттарга каршы террордук чабуулду алдын алуу жана америкалыктардын өмүрүн сактоо үчүн Кошмо Штаттардын өкмөтү “ал-Каиданын” белгилүү бир террорчуларды бутага алып, сокку урууда коомчулукта көбүн эсе "дрон" (drone) деп аталып жүргөн алыстан башкарылчу пилотсуз учма аппараттарды пайдаланган”.

Шаршемби күнү Ак үй пилотсуз учактарды пайдаланууну негиздеген ошол жашыруун документер Конгресстин чалгындоо комитетине берилсин деп, Юстиция министрлигине көрсөтмө берилгенин билдирген.

Купуя меморандум бар экени ачыкка чыгып кеткенден кийин, америкалыктарды бутага алуунун мыйзамдык негизин кенен билүү үчүн документти Конгресске берүүнү 11 сенатор талап кылган.

5-февралда эле Ак үйдүн өкүлү Жей Карней жашыруун документтер Конгресстин комитетине берилбеши мүмкүн экенин каңкуулаган болчу.

“Бул суроолордун кээ бирлерине токтолсок, маалымат улуттук коопсуздугу үчүн купуя сакталууда. Маалымат Америка элинен эмес, күнү-түнү Кошмо Штаттарга жана анын элине зыян келтирүүнүн жолун издегендерден жана зыян келтирип жаткандардан жашыруун сакталууда”.

Германиянын Heron 1 деп аталган пилотсуз учагы күзөткө чыгар алдында техникалык текшерүүдөн өтүүдө. Ооганстандагы эл аралык күчтөрдүн Мазари Шариф шаарындагы Мармал аскерий базасы. 11-декабрь, 2012
Германиянын Heron 1 деп аталган пилотсуз учагы күзөткө чыгар алдында техникалык текшерүүдөн өтүүдө. Ооганстандагы эл аралык күчтөрдүн Мазари Шариф шаарындагы Мармал аскерий базасы. 11-декабрь, 2012
Адам укугун коргоочулар жана согушка каршы топтор Бреннандын пилотсуз учактар программасын даярдоодогу ролун, мурда террорчу деп шектелгендерди “жакшыртылган ыкма” же сууга чөктүрүп же башка катаал жол менен суракка алууну жана аларды жашыруун жайларда кармоону жактаганы үчүн анын талапкерлигине каршылык айтышууда.

Алардын бири - Code Pink деп аталган тынчтыкты коргоочу уюм. Бул топ жакында Бреннандын Вашингтондун четиндеги тамынын алдында пилотсуз учактардын чабуулунан курман болгондорду түнү бою эскерип, шам жагып турушкан. Бул топтун талабы жөнүндө анын мүчөсү Лаура деген айым:

“Биз адамдардын көңүлүн өлкөбүз колдонгон пилотсуз учактар программасынын кесепетинен өлгөн адамдарга эле эмес, бул талапкерге каршы экенибизге да бургубуз келет. Конгресс талкуу маалында ага катаал суроолорду беришин жана аны ЦРУнун башчылыгына бекитпөөсүн каалайбыз”.

Жон Бреннанды президент Обама 2008-жылы да ЦРУнун башчылыгына сунуш кылган. Бирок президент Буш учурундагы Борбордук чалгындоо кызматындагы ролуна байланыштуу айтылган нааразылыктардан улам талапкерликтен өзү баш тартып койгон.

XS
SM
MD
LG