Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:28

Москвада Муса Мураталиевдин “Гастарбайтер” аттуу китеби чыкты


Китептин бетиндеги сүрөт.
Китептин бетиндеги сүрөт.

Москвада кыргызстандык жазуучу Муса Мураталиевдин “Гастарбайтер” аттуу романынын бетачары болду. Орус тилиндеги китепке автордун “Идол и Мария”, “Тоска по огню” жана “Нашествие мигрантов” романдары кирген.

Жазуучунун айтуусунда, китепте Орусияга иш издеп агылгандардын жашоосу жана тагдыры, жергиликтүүлөр менен келгиндердин ортосундагы мамиле, мигрант эсебинен байыган жумуш берүүчүлөр жана жергиликтүү бийликтин мигранттарга чектөөлөрү чагылдырылган.

- Бул үчилтик он жылдык эмгектин жыйынтыгы. Мен журналисттик кесипти аркалап, миграция маселесин чагылдырып жүргөн кезде чогулган материалдар, - дейт Муса Мураталиев.

“Гастарбайтер” китеби миң нускада жарык көрдү. Бет ачары “Библио Глобус” соода үйүндө 5-декабрда өттү.

Аземге орусиялык жазуучулар Евгений Попов, Сергей Каратов жана Владимир Вестерман катышышты. Муса Мураталиев бир топ жыл “Азаттык” үналгысынын Орусиядагы кабарчысы болуп да иштеген. (LzT)

XS
SM
MD
LG