Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:42

Египет жарандык уюмдардан "АКШнын колун" көрдү


Демонстранттар Египеттин Ички иштер министрлигинин алдында анти-өкмөттүк ураандарды кыйкырышууда. Каир. 2-февраль 2012
Демонстранттар Египеттин Ички иштер министрлигинин алдында анти-өкмөттүк ураандарды кыйкырышууда. Каир. 2-февраль 2012

Египетте Кошмо Штаттар каржылаган бейөкмөт уюмдун 40тан ашуун кызматкери, анын ичинде америкалык 19 жаран сот жообуна тартылганы турат.

Аларды Египеттин аскерий жетекчилиги өлкөдөгү кырдаалды бейстабилдештирүү үчүн сырт өлкөлөр берген каражатты пайдаланды деп айыптоодо. Сот ишине байланыштуу Вашингтон “терең тынчсызданганын” билдирип, чатак Египеттин 1, 5 миллиард доллар жардамды албай калышына кедерги болушу мүмкүн экенин эскертти.
Египеттин Эл аралык кызматташуу министри Файза Абул Наганын сөзүнчө, бейөкмөттүк уюмдарга каршы башталган кылмыш иши -“кутум Египеттеги стабилдүүлүккө сокку урууну көздөгөнүн” көрсөттү.


Сот Египетте баш аламандык уюштуруу үчүн чет өлкөлөрдүн акчасын пайдаланды деп күнөөлөп жаткан 43 адам АКШ каржылаган бейөкмөттүк уюмдардын кызматкерлери. Алардын катарында 19 америкалык, беш серб, эки немец, үч араб улутчулу бар. Калгандары египеттиктер. Алардын бири- Республикачылардын эл аралык институтунун Египеттеги кеңсесинин башчысы Сэм Лахуд. Сэм Кошмо Штаттардын Транспорт министри Рэй Лахуддун уулу. Айыпталып жаткандардын баарына Египеттен кетүүгө тыйуу салынды.

Жөнөкөй кийимчен полициячы бейөкмөттүк уюмдун кеңсесин күзөтүүдө. Каир. 30-декабрь 2011
Жөнөкөй кийимчен полициячы бейөкмөттүк уюмдун кеңсесин күзөтүүдө. Каир. 30-декабрь 2011
Египеттин айбар куралданган коопсуздук кызматтары декабрда демократиячыл жана адам укугун коргоочу 17 уюм жана топтун кеңселерин тинтүүгө алган эле. Маалыматтарга караганда, жарандык уюшмалардын үчөөсүнүн баш кеңсеси Кошмо Штаттарда жайгашкан.

Вашингтон бул иш боюнча Египеттен түшүндүрмө алганы жатканын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Виктория Нуленд билдирди. Өкүлдүн орун басары Марк Тонер жума күнү Вашингтондо жасаган билдирүүсүндө, Египет бийликтерин өлкөдөгү коомдук уюмдардын макамын аныктап коюну сурады:

- Биздин оюбузча, Египет өкмөтү ушул бейөкмөттүк уюмдардын статусун тактап коюшу жана америкалык гана эмес, эл аралык өкмөттүк эмес уюмдарга байланыштуу биздин, ошондой эле египеттиктердин кооптонууларына көңүл бурушу абзел.

Мамкатчы Хиллари Клинтон жарандык институттарга байланыштуу окуя мунаса менен чечилбесе, Египет үзбөй алып келаткан 1, 5 миллиард доллар көмөк пулдан кур калышы ыктымал экенин эскертти.

Өз жообунда Египеттин тышкы иштер министри Мухаммад Амр өкмөт соттун ишине кирише албасын билдирди. Ал эми Египеттин эл аралык кызматташуу министри Файза Абул Наганын сөзүнчө, бейөкмөттүк уюмдарга каршы башталган кылмыш иши -“кутум Египеттеги стабилдүүлүккө сокку урууну көздөгөнүн” көрсөттү.

Файза Абдул Нага Мубарактын өкмөтүндө да иштеген карт бөрүлөрдүн бири.
Хосни Мубарактын режимине каршы көтөрүлүштүн бир жылдыгын утурлай египеттиктер Каирдин ортосундагы Тахрир(Эркиндик) аянтына агылып келишүүдө. 25-январь 2012
Хосни Мубарактын режимине каршы көтөрүлүштүн бир жылдыгын утурлай египеттиктер Каирдин ортосундагы Тахрир(Эркиндик) аянтына агылып келишүүдө. 25-январь 2012

Республикачылардын эл аралык институту(АКШ) өкмөттүк эмес уюмдарга каршы козголгон кылмыш ишини Хосни Мубарак доорунан калган атка минерлер уюштурган “саясый жөрөлгө” деп атады.

Кээ бир талдоочулар Египеттин аскерий жетекчилиги либералдар менен дүниябий группалардын сындоолорунан элдин көңүлүн буруу үчүн “чет өлкөлөрдүн колун” ойлоп тапты дешет. Былтыр февралда Мубарак президенттиктен мажбур кеткенден кийин өлкөдөгү бийлик генералдардын колунда. Алар демократияга өтө жай өтүүдө, убада кылган саясый реформаларды саалгытууда деп сындалып келет.

Бийликтеги аскер башчылар анти-өкмөттүк чыгуулардан “тыш өлкөлөрдүн колу көрүнүп” турганын айтып, Египеттеги кырдаалды курчутуу үчүн чет мамлекеттер демонстрацияларды каржылашууда деп актанып жүрөт.

XS
SM
MD
LG