Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:24

Иран менен дүйнөнүн бакубат алты державасы 14-июлда Венада түзгөн Ядролук келишим АКШ Конгрессин жаатташтырып жаакташтырган маселе.

Мындай жагдайда келишимди колдогон сенатор-демократтардын саны 42ге жетти. Бул республикачылар үстөмдүк кылган Сенаттын келишимди чанган резолюция кабыл алуусуна мүмкүндүк бербейт. Келишимди Сенат 9-сентябрда талкуулай баштады.

Тегерандын ядролук программасы боюнча Иран жана бакубат алты өлкө кол койгон келишимди дагы төрт демократ сенатор колдоорун жарыялады. Алардын катарында Сенаттагы демократтык азчылыктын лидери Гарри Рид да бар. Ал өз чечими тууралуу 8-сентябрь күнү Вашингтондогу Карнеги атындагы Эл аралык тынчтык үчүн фондундагы жолугушууда жарыя кылды:

- Биздин колубуздагы маселе жөнөкөй эмес. Иран менен АКШ баштаган эл аралык жамаат ортосундагы келишим – тынчтык үчүн жана Американын, Израилдин, өнөктөштөрүбүздүн, ошондой эле кызыкчылыгыбыздын коопсуздугу үчүн эң жакшы жол... Америка өз милдеттенмесин аткарат жана мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Ирандын ядролук куралга жетүүсүнө жол бербейт.

Ушинтип алдагы келишимди 42 демократ колдоору ачык болду. Бул добуштар республикачылар үстөмдүк кылган Сенаттын Иран менен ядролук келишимге каршы чыккан мыйзам долбоорун кабыл алуусу түгүл, андай маселени добушка койгонуна процедуралык жактан мүмкүндүк бербейт.

Президент Барак Обама кокус келишимге каршы мыйзам долбоору кабыл алынса, вето укугун пайдаланарын башынан эле эскертип жүрөт. Президентке вето укугун пайдалануусу үчүн Сенаттагы 34 жана Өкүлдөр палатасындагы 146 демократтын колдоосуна ээ болушу абзел.

Сенаттагы республикалык көпчүлүктүн лидери Митч МакКоннелл болсо өз коллегаларын процессуалдык айла-амалга жамынып, келишимди добуш берүүгө чыгарганга аракет кылган сенаторлордун колун байлабоого үндөдү:

- Мен ар бир сенаторду финалдык добуш берүүгө каршылык көрсөткөнгө жана Америка эли менен Конгресске алдагы маанилүү маселеде айтчу сөзүн сүйлөгөнгө жол бербөө аракетине каршы турганга чакырам.

Ал эми Ак үйдүн өкүлү Жош Эрнест президент Барак Обама мыйзам долбооруна каршы вето колдонбогонду оң көрөрүн, ошон үчүн ядролук келишимдин жактоочулары ага каршыларды өз тарабына оодара алат деген үмүттө экенин билдирди:

- Ал, арийне, Конгресстин келишимди жактаган мүчөлөрү башка мүчөлөрдүн келишимди бузуусуна жол бербөө үчүн тийиштүү кадамдарды жасайт деген үмүттө.

Жош Эрнесттин айтымында, Иран менен ядролук келишимге каршы добуш берүү колго салынбаганы жакшы. Анткени дүйнө өлкөлөрүнүн АКШ жетекчилигине карата болгон ишенимине шек тийгизет.

Өкүлдөр палатасындагы демократтардын лидери Нэнси Пелоси өз партиялаштары Ядролук келишимди колдоосу үчүн ага кол койгон АКШдан бөлөк беш мамлекеттин элчилерин жана мамкатчы Жон Керрини Капитолийге конгрессмендер менен кездешүүгө чакырды. Жон Керри келишимди сүйлөшүүдө башкы фигура болгон.

9-сентябрда Өкүлдөр палатасындагы №2 демократ Стини Хойер да келишимди колдоорун шардана кылды. Мунун менен Конгресстин төмөнкү палатасындагы 188 демократтын 120сы келишимге “ооба” дешти.

Ядролук келишимге АКШ президентине талапкерлердин мамилеси да бир өңчөй эмес. Эгер келишимди демократ талапкер Хиллари Клинтон колдосо, республикачыл талапкерлер Дональд Трамп, Тед Круз жана башка консерваторлор каршы. Бирок Хиллари айым Тегеран келишимдин шартын кантип аткарып жатканын такай текшерип туруу зарыл, себеби Иран жетекчилигине ишенип болбойт, деди 9-сентябрда Вашингтондогу Брукингс атындагы изилдөө борборунда сүйлөп.

Бул келишим Тегерандын ядролук программасын өнүктүрүүнү 15 жылга токтотот. Анын ордуна Иранга каршы киргизилген эл аралык санкциялар алынат.

XS
SM
MD
LG