Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:22

Кубада АКШ байрагы кайра желбиреди


Куба менен АКШ желеги. Гавана, Куба. 14-август, 2015-жыл.

Куба менен АКШ желеги. Гавана, Куба. 14-август, 2015-жыл.

14-августта АКШнын Кубадагы элчилиги расмий түрдө ачылды. АКШ Мамкатчысы Жон Керри катышкан бул салтанат коңшу эки мамлекет арасында 54 жыл мурда бузулган дипломаттык кызматташуу калыбына келтирилгенин жышааналайт.

Жон Керри соңку 70 жылда Кубага барган АКШнын биринчи Мамкатчысы болду. Президент Барак Обама Куба менен мамилени жөнгө салуу чечимин былтыр декабрда жарыялаган.

Мамкатчы Жон Керри Гаванадагы элчиликтин ачылыш салтанатында эки өлкө бири-биринен обочолонуп, өз ара катташпаган мезгил бүткөнүн, өткөндү унутуп, жаңы багытта кадам таштоого Куба жана АКШ президенттеринин жакшы ыкласы жол ачканын баса белгиледи.

- Биздин лидерлерибиз: президент Барак Обама жана президент Раул Кастро тарыхтын туткуну болгонду токтотуп, бүгүнкү жана эртеңки мүмкүнчүлүктөргө көңүл буралы деген чечиминен улам биз бүгүн бул жерге чогулдук. Бул биз өткөндү унутушубуз керек же унутабыз дегенди билдирбейт.

АКШ Мамкатчысы Жон Керри Кубанын тышкы иштер министри Бруно Родригез менен. 2015-жыл

АКШ Мамкатчысы Жон Керри Кубанын тышкы иштер министри Бруно Родригез менен. 2015-жыл

Барак Обама менен Раул Кастро быйыл 11-апрелде Панамадагы жыйындан тыш убакта кездешкен. Бул АКШ жана Куба жетекчилеринин акыркы жарым кылымдан узак убактан берки алгачкы расмий жолугушуусу эле.

Керри менен кошо салтанатка бир нече конгрессмен жана 1961-жылы январда Гаванадагы АКШ элчилигиндеги туу түшүрүү жөрөлгөсүнө катышкан үч жоокер да келди. Мамкатчы өз сөзүндө Вашингтон мындан ары да адам укуктары, сөз эркиндиги сыяктуу демократиялык дөөлөттөрдү коргой берерине Куба жетекчилигинин көңүлүн бурду.

- Мурдагы саясат Кубаны демократиялык өзгөрүүлөргө алып барган жок. Кыска мөөнөттө эле өз ара мамиле нормалдуу нукка түшөт, өзгөрүүгө алып барат деш чындыкка коошпойт. Кубанын келечегин Кубанын эли аныктайт. Башкаруунун мүнөзү, сапаты жана жоопкерчилиги сырттагы кимдир бирөөлөрдүн эмес, бул өлкөнүн жарандарынын эркине ылайык болот. Бирок АКШ дайыма демкратиялык принциптердин жана реформалардын коргоочусу бойдон кала берерин Гаванадагы жетекчилер жана Куба эли билиши керек.

АКШнын Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, 1959-жылкы Кубадагы революцияга чейин бүгүнкү баа менен эсептегенде, кубалык фермерлер жылына Америкага 2,2 миллиард долларга айыл чарба азыктарын саткан. Америкалык фермерлер Кубага 600 млн. долларга товар экспорттогон. АКШ 2008-жылы Кубага 685 млн. долларга жүгөрү, фасоль жана бакма канатуулар этин сатса, былтыр экспорт 286 млн. долларды араң түзгөн. Буга бир жагынан куш тумоосунун чыгышы, экинчиден Кубанын Орусия, Жапония, Мексикага карызын төлөгөнгө байланыштуу импортту кыскартуусу, үчүнчүдөн, америкалык банктар кубалыктарга кредит бере албаганы үчүн элдин7 накталай акча менен эсептешүү зарылдыгы себепчи болгон.

Барак Обаманын каршылары Куба өкмөтү дипломатиялык алаканы жакшыртуу үчүн эч кандай кадамга барбады дешет. АКШ президенттигине талапкер республикачы Марко Рубио Ак үйдүн Гаванадагы элчикананы ачуу планын сындап, Кубадагы социалисттик режим эми “эл аралык легитимдүүлүк” жана өз букараларын “репрессиялаганы үчүн олуттуу экономикалык колдоо алат” деген.

Гавана, Куба. 2015-жыл

Гавана, Куба. 2015-жыл

“Чек арасыз кабарчылар” уюму өткөн жумада АКШ Мамкатчысына жолдогон катында 2015-жылы Куба сөз эркиндигинин абалы боюнча дүйнөдөгү 180 мамлекеттин ичинде 169 орунда турганын эске салган.

Берегидей жагдайга карбай, президент Обама америкалыктардын Кубага визасы жок каттоосуна, АКШдагы кубалыктардын туугандарына акча жөнөтүүсүнө уруксат берип, бизнес компаниялардын иштөөсүнө уруксат берген. Бирок 53 жыл мурда Кубага каршы киргизилген эмбаргону алып салуу республикачылар үстөмдүк кылган Конгресстин ыктыярында.

Президент Дуайт Эйзенхауер Гавана менен дипломаттык алаканы 1959-жылкы Кубадагы революциядан эки жыл өткөндөн кийин токтотуп койгон.

Бул аралыкта, Жон Керри айткандай, АКШда он президент алмашып, Берлин дубалы кулады; бир муун алмашты, Ортолук жана Чыгыш Европа советтик башкаруудан бошонду. Ал эми социалисттик Кубаны 1958-2008-жылдары Фидел Кастро башкарса, андан бери бийлик иниси Раул Кастронун колунда.

XS
SM
MD
LG