Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:12

Клинтон америкалыктарды биригүүгө үндөдү


Хиллари Клинтон Демократиялык партиянын атынан президенттикке номинацияны кабыл алып жатып, америкалыктарды биримдикке чакырды. Мурдагы мамлекеттик катчы өз сөзүндө республикачыл атаандашы Дональд Трампты сындап, ачык эле шылдыңдады.

Демократиялык партиянын Филадельфияда өткөн курултайынын жабылышына келген Хиллари Клинтонду тарапкерлери кол чабуулар, аны сүрөөнгө алган ураандар менен тосуп алышты.

Өлкө тарыхында алгачкы жолу Ак үй үчүн аял-талапкер ат салышарын белгилеген Хиллари Клинтон бүт дүйнөнүн назары Америкага бурулганын айтты:

- Ооба, дүйнө биз эмне кылып жатканыбызды жакындан карап турат. Ооба, Американын тагдырын биз тандайбыз. Менин урматтуу америкалыктарым, биз бирге, күчтүү бололу. Келечекке кыраакылык, ишеним менен карайлы. Сүйүктүү өлкөбүз, балдарыбыз үчүн бүгүнкүдөн да жакшы эртеңки күндү куралы. Ошондо Америка мурда болуп көрбөгөндөй кубаттуу болот. Рахмат. Ылайым, Жараткан сиздерди жана Америка Кошмо Штаттарын колдосун.

Дональд Трамп
Дональд Трамп

Мурдагы мамлекеттик катчы, мурдагы сенатор жана АКШнын мурдагы биринчи айымы өлкөнү бөлүп-жарууну каалаган күчтөр бар экенин, атаандашы, республикачыл партиянын талапкери Дональд Трамп өлкөнү калган дүйнөдөн обочодо калтыргысы келээрин, анын мындай саясатына каршы биригүү керектигин белгиледи:

- Өзүңөрдөн сурап көргүлөчү, Дональд Трамптай кызуу кандуу адам башкы командачы боло алат деп чындап эле ойлойсуңарбы? Дональд Трамп жада калса өзүнүн шайлоо кампаниясын тескей албайт. Кымындай провокация болсо эле, журналист олуттуу собол узатса, дебаттарда талаш чыкса, нааразылыгын билдирген адамдарды көрсө эле ачууга алдырып коёт. Эми аны Ак үйдөгү кабинетте реалдуу кризиске туш болгонун элестетсеңер. Твиттерде жазгандарга эле ачууланып, өзүнөн чыгып кеткен адамга ядролук куралды кантип ишенип берсе болот?

Байкоочулардын баамында, Трамп өлкөнүн экономикалык абалына нааразылыкка, террордук коркунучка, “Ислам мамлекети” радикал уюмунан чочулоо өңдүү сезимдерге басым жасап келатат. Апта башында "Рейтерс" жана "Ипсос" чогуу өткөргөн сурамжылоо республикачыл талапкер Клинтондон озуп чыкканын көргөздү. Бирок мындай тенденция партиялык курултайдан кийин боло турган иш дешет аналитиктер.

Хиллари Клинтон ошондой эле ички жана тышкы маселелерди терең билгенин, бул жаатта жетиштүү тажрыйба топтогонун көргөзүүгө аракеттенди.

- Ирандын ядролук программасы бир да ок атылбай чектелгенине абдан сыймыктанам. Эми ал аракеттерди бекемдеш керек, Израилдин коопсуздугун колдоону улантуу зарыл. Климаттын өзгөрүүсү боюнча глобалдуу келишимге жетише алганыбыз үчүн сыймыктанам. Эми ар бир өлкө, анын ичинде биз да алган милдеттенмелерди аткаруунун отчетун берип турууга тийишпиз. НАТО боюнча өнөктөштөрүбүз туш болгон, анын ичинде Орусиядан келген коркунучтарга туруштук берүүдө алар менен бирге болгонубуз үчүн сыймыктанам.

Твиттерде жазгандарга эле ачууланып, өзүнөн чыгып кеткен адамга ядролук куралды кантип ишенип берсе болот?

Клинтон партиялашы, номинация үчүн жарыштагы атаандашы Берни Сандерстин дарегине жылуу сөз айтып, ыраазычылыгын билдирди.

Демократтар жыйынынын акыркы күнүндө Ооганстандагы контингенттин мурдагы кол башчысы, Иракта каза болгон мусулман жоокердин атасы жана Клинтондун кызы Челси чыгып сүйлөштү.

Буга чейин курултайда экс-президенттер Жимми Картер жана Билл Клинтон, учурдагы мамлекет башчы Барак Обама Хиллариге колдоосун билдиришкен.

Трамптын талапкерлигин көргөзүү жыйынында республикачылардын мурдагы президенттери чыгып сүйлөшкөн эмес.

Талапкерлердин биринчи эрөөлү 26-сентябрда, ал эми шайлоо 8-ноябрда өтөт.

XS
SM
MD
LG