Линктер

Кошмо Штаттарда президенттик шайлоо өнөктүгү өзүнүн негизги бөлүгүнө өттү. Республикалык жана Демократиялык партиялар чоң жарышка аттандырган миллиардер Дональд Трамп менен мурдагы мамлекеттик катчы Хиллари Клинтондун шайлоо платформаларында тышкы жана ички саясат боюнча кандай ири айырмачылыктар бар жана алардын потенциалдуу шайлоочулары кимдер? “Азаттыктын” кезектеги “Биз жана дүйнө” апталык берүүсүндө мына ушул маселе талдоого алынды.

Кошмо Штаттарда президенттик шайлоону утурлаган партиялык курултайлар - карапайым шайлоочулардын көңүлүн бурдуруучу гана эмес, риторика абдан көтөрүлгөн, талапкердин жетишкендиктери менен ишмердиги ораторлор тарабынан көтөрө чаба макталып, ошол эле учурда атаандаштын кемчиликтерин көзгө сайып көргөзгөн, кээде бул көбүртүлүп-жабыртылган, шайлоочуларды театралдык каражаттар менен моблизациялоону көздөгөн иш-чара.

Республикалык жана Демократиялык партиялардын ички партиялык күрөштө утуп чыккан талапкерлерин шайлоонун чоң жарышына аттандырып, кыргызча айтканда, бата берген соңку курултайлары да мына ушундай көрүнүштөрдөн cыртта калган жок.

Анын үстүнө быйылкы шайлоо эң чыгымдуу, балким эң карама-каршылыктуу болот деп күтүлүүдө.

Айырмаланган талапкерлер жана карама-каршы багыт

Шайлоо курултайлары өтүп жаткан учурда Дональд Трампка да, Хиллари Клинтонго да өз партиялаштары ичинен каршы топтор чыкканына карабай, ораторлордун дээрлик баары, чогулгандардын басымдуу бөлүгү жана үй-бүлө мүчөлөрү аларды мамлекет башчылыкка татыктуунун татыктуусу катары сүрөп жатышты.

АКШдагы президенттик шайлоонун быйыл сырт дүйнө көзүнө көрүнгөн өзгөчөлүгү - эки ири партиянын биринен президенттикке тарыхта биринчи ирет аял кишинин чыгышы.

Ал эми экинчи партиядан миллиардер эле эмес, мурда тележылдыз катары да таанымал, буга чейин шайланма же мамлекеттик кызматта иштебеген адам аттанып отурат.

“Азаттык” менен маегинде Огайо штатындагы Дейтон университетинин саясий илимдер боюнча окутуучусу Даниэль Бердсоңдун (Daniel Birdsong) оюнча, бул өнөктүк айырмаланган бир катар себептер бар.

"Талапкерлердин жеке өзүн гана мурдагы шайлоодогулар менен салыштырсак, эки ири партиянын бири Демократиялык партиядан президенттик үчүн билет биринчи ирет аял адамга тийип, муну менен тарых жасалууда. Башка майда партиялардан аял талапкерлер буга чейин президенттик шайлоого катышкан. Маселен, Жашылдар партиясынын төрайымы Жилл Стейн 2012-жылкы шайлоодо талапкер болгон, азыр дагы талапкер.

Трамп - да республикачылардын буга чейинкилерине салыштырмалуу уникалдуу талапкер. Мурда эч бир шайланма жана мамлекеттик кызматта иштебеген Республикалык партиянын истеблишментине каршы чыгып, өзү дагы алардын каршылыгына кабылып келбедиби. Бирок баштапкы шайлоодо республикачылардын быйыл адаттан тыш көп болгон он алты талапкери арасынан озуп кете алды. Мурда жаңылыктарды таратуучу ири медиага чыкпаганы менен бирок көңүл ачуучу медиага катышып, өзүнүн теледе реалити-шоусу болгон Трамптын бул жааттагы чеберчилиги, менимче, ага адамдары жаңылыктарды таратуучу медиа, Твиттер жана башка социалдык медиа аркылуу өзүнө тартуусуна салым кошту.

Ал эми жаңылыктар медиасында таанымал Клинтондо талапкер катары башка көйгөйлөр чыкты. Андыктан, Филадельфиядагы курултай күндөрү аны адамдарга бөлөк жагынан көргөзүү аракеттери жасалды. Ал эми саясат боюнча сунуштарына көз чаптырсак, Хиллари Клинтондуку кыйла деталдуурак, Трамп болсо өзүн чоң идеяларды берүү жагынан көргөзүүдө, бирок алар кантип ишке ашат деген суроо берилгенде бир аз кыйналып калат", - деди Даниэль Бердсоң.

Биз мыйзамсыз миграцияны токтотуу, кура-жарак, зордук –зомбулук, наркозаттар биздин жамааттарга жайылбаш үчүн чоң чек ара дубалын курабыз

Байкоочулар менен эксперттер АКШнын быйылкы шайлоо өнөктүгүндө республикачылар менен демократтардын салттуу жана тарыхый айырмачылыктарынан тышкары быйыл алардын шайлоо платформасында тышкы, ички саясаттын маселелери боюнча ажырымдын адаттагыдан чоңдугуна көңүл бурушууда.

"Азаттыктын” орус кызматы менен маегинде Нью-Йорктогу Манхэттен институтунун кызматкери Диана Фурушгот-Рот буларды айтты:

"Абдан айырмалаган программа сунуш кылынууда. Бири Дональд Трамп тартипти бекемдөөнү, төмөн салыктарды, мамлекеттик тескөөнү алсыратууну, ата-энелер балдары үчүн мамлекеттик мектептерди тандоодо эркиндик алышын, согуш ардагерлери дарылангысы келген ооруканаларды тандоодо эркиндик алышын жактоодо.

Экинчи тараптан болсо Хиллари Клинтондун приоритеттери такыр бөлөк: ал полицияны расизм боюнча айыптаган чөйрөлөргө жан тартат, коомдун байыраак катмарлары үчүн салыкты көтөрүүнү сунуш кылууда, мамлекеттик тескөөнү биринчи кезекте энергиянын эски салттуу булактарын колдонгон ишканаларга күчөтүүнү көздөйт.

Ал ошондой мамлекеттик мектептерди тандоодо ата-энелерге эркиндик берилишин жактабайт. Анткени мындай багыт анын башкы шайлоочуларынын бири – мугалимдердин кубаттуу профсоюзун ачуулантат. Ал ошондой эле согуш ардагерлери оорукана тандоодо эркиндик алышын жактабайт. Бул да алардын профсоюздарынын турумунан улам. Андыктан америкалыктардын алдында бири-биринен кескин айырмаланган эки бөлөк тандоо турууда. Алар эмнеге артыкчылык берерин ноябрда көрөбүз" - деди Диана Фурушгот-Рот.

"Дубал куруу жана курбоо"

Шайлоо өнөктүгүн “Американы кайрадан улуу кылуу” деген ураан астында жүргүзүп жаткан Дональд Трамп тышкы саясаттын айрым орчун багыттарына келгенде олуттуу өзгөрүүлөргө барууну убада кылып жатат.

Дональд Трамп курултайдагы жана андан кийинки сөздөрүндө, мисалы, тышкы саясат маселелеринин ичинен “Ислам мамлекети” тобун биротоло жеңүү үстүндө иштей турганын, бирок АКШ Жакынкы Чыгыштын айрым өлкөлөрүнө режим өзгөртүү саясатынан баш тартуусу керектигин белгиледи.

- Бизде көп убакыт жок, бирок тарых бизди карап турат. Биз көтөрүлө алар-албасыбызды, дүйнөгө Америка али да эркин, көз карандысыз жана кубаттуу экенибизди көргөзө алар-албасыбызды байкап турат. Менин айта турганым - өзгөрүү керек, нерселер азыр өзгөрүшү керек. Биздин кредо глобализм эмес, американизм болот. Бизди Американы биринчи орунга койгон саясатчылар жетектемейинче, башка мамлекеттер бизге татыктуу сый-урмат мамилени жасабайт. Биз терроризм менен келишкен өлкөлөрдөн, алардын мындан арылганы далилденмейинче иммиграцияны дароо токтотушубуз керек. Мен биздин баалуулуктарды колдогон, биздин элди жакшы көргөн адамдарды гана кабыл алгым келет. Кыянатчылыкты, жек көрүүчүлүктү колдогондордун биздин өлкөгө келишин кубаттабайбыз, алар биздин өлкөгө эч убакта кирбейт. Биз мыйзамсыз миграцияны токтотуу, кура-жарак, зордук-зомбулук, наркозаттар биздин жамааттарга жайылбаш үчүн чоң чек ара дубалын курабыз.

Ошондой эле Трамп Орусия менен мамилени жакшыртарын, Крымды Орусиянын аймагы деп таануу маселесин карап көрөрүн, бул өлкөгө каршы киргизилген санкцияларды да кайра-карай турганын айтууда.

Биз дубал курбайбыз, мунун ордуна ким жакшы жумуш көздөсө аны таба ала тургандай экономика курабыз.

Ага катар Европанын коопсуздугу үчүн чыгымдын басымдуу бөлүгүн такай эле Кошмо Штаттар көтөрө албасын, эгер президенттикке шайланса НАТОну каржылоо Европадагы өнөктөштөр өз каржылык милдеттерин канчалык аткарышына көз каранды болорун, АКШдагы жумушчу орундарга зыянын тийгизген эл аралык соода келишимдерден баш тартарын билдирүүдө.

Демократтар болсо Дональд Трамптын чакырыктары менен убадаларын “демагогия”, атүгүл “коркунучтуу” деп сыпатташып, атүгүл “Американы кайрадан улуу кылуу” деген урааны түпкүлүгүндө туура эмес деп эсептешет:

- Америка азыркыга чейин эле улуу болгон, Америка буга чейин эле кубаттуу болгон. Мен силерге убада кылам, биздин улуулугубуз, биздин күчүбүз Дональд Трампка көз каранды эмес” ,- деди президент Барак Обама Демократиялык партиянын Филадельфиядагы курултайында.

Ал эми Хиллари Клинтон курултайдагы жыйынтык сөзүндө атаандашынын дүйнөгө көз карашын кескин сынга алуу менен төмөнкүлөргө токтолду:

- Америка кайрадан тагдыр чечер учурда турат. Кубаттуу күчтөрдүн биздин коомду бөлүп-жаруу коркунучу бар. Биз дубал курбайбыз, мунун ордуна ким жакшы жумуш көздөсө аны таба ала тургандай экономика курабыз. Биз динге тыюу салбайбыз, анын ордуна америкалыктардын, өнөктөштөрүбүздүн баары менен терроризмге каршы күрөшүү жана аны жеңүү үчүн иштейбиз. Мындан да маанилүүсү, кимдир бирөө баарын мен оңдой алам десе ишенбегиле. Дональд Трамптын мындай сөздөрү биздин баарыбыз үчүн кооптондурган коңгуроо болушу керек. Америкалыктар мен баарын жалгыз оңдой алам деп айтпайт, биз чогуу-чараан оңдойбуз деп айтабыз. Ооба, дүйнө биз эмне жасап жатканыбызды карап турат. Американын тагдырын тандоо биздин ишибиз, келгиле биригип, кубаттуу бололу. Келгиле, келечекке ишенимдүү жана каармандык менен карайлы.

Обама фактору

“Азаттыктын” маектеши, саясат таануучу Даниэль Бердсоңдун айтымында, америкалыктар добуш берүүдө тигил же бул талапкердин ириде тышкы саясат эмес, ички саясаттын салык өлчөмү, жарандык эркиндиктер өңдүү турмуштук маселелер боюнча турумдарына, сунуштарына артыкчылык берет. Ал азыркы өнөктүктө республикачыл Дональд Трамп менен демократ Хиллари Клинтондун потенциалдуу шайлоочуларынын бөлүнүшүн мындайча мүнөздөдү:

"Трамптын электоралдык базасынын чоң бөлүгү жумушчу катмардагы ак түстүү эркектер. Бул базанын мындан аркы кеңейиши республикачылар жапырт Клинтонго каршы добуш катары Трамп үчүн добуш берүүгө куштар болуп, ага мотивацияланабы, мына ушуга көз каранды болот.

Бирок буга чейин анын негизги электоралдык базасы жумушчу класстагы ак эркектер турган. Электораттын ичиндеги бул топ өлкө боюнча алганда убакыт өткөн сайын кыскарууда.

Ал эми Клинтондун электоралдык базасы ар кыл. Аны колдогондордун катмарында афро-америкалыктардын, латын америкалыктардын пайыздык көрсөткүчү жогору. Курултай күндөрү да Демократиялык партия Клинтонду ошол эле афро-америкалыктар, латын америкалыктар, аялдар, кумсалар үчүн көбүрөөк таанытууга аракеттер жасалгансыды.

Албетте, ак түстүү жумушчу эркектер арасынан Клинтонго, аялдар арасынан Трампка колдоо аз. Электораттын бөлүнүшү штаттардагы демографияга да жараша. Мисалы, мен жашаган Огайодо ак түстүү калктын пайыздык көрсөткүчү жалпы өлкө боюнча алганда эң көп, ал эми Флоридада тескерисинче латын америкалыктар көптүк кылат. Огайода азыр рейтинг жагынан Клинтон менен Трамп куйрук улаш келүүдө, ал эми Флоридада кеминде акыркы бир нече айда Клинтон Трамптан алдыда жүрдү. Бул көп жагынан электораттын демографиясына байланыштуу болду.

Адатта АКШда праймеризде талапкерден башка адамды колдошкону менен чоң шайлоого келгенде ошол партиянын талапкерин колдошот. Бул жөрөлгөнү бузгандар шайлоодогу тең салмакты бузгандай өтө чоң санда болбойт. Кайра эле өзүм жашаган, быйылкы праймеризде республикачылардан губернатор Жон Кейсик уткан Огайону айтсам, Трампка жумушчу ак эркектер арасынан колдоо балким республикачыларга буга чейин көрсөтүлгөндөн жогору. Ал эми Клинтонду жактагандар ак түстүү эмес калк, ак түстүү аялдар, жалгыз бой аялдар арасында көп. Бул топтогулар Клинтондун пайдасына ойнойт" - деди Даниэль Бердсоң.

Кошмо Штаттарда акыркы отуз жылдагы шайлоодо бийликте турган президенттин партиялашы республикачылардан эки ирет, демократтардан бир ирет уттурду.

Обама жана Клинтон курултайда. Филадельфия, 27-июль, 2016-жыл.

Обама жана Клинтон курултайда. Филадельфия, 27-июль, 2016-жыл.

"Азаттыктын” маектеши, Огайо штатындагы Дейтон университетинин саясий илимдер боюнча окутуучусу Даниэль Бердсоңдун азыркы шайлоонун жыйынтыгына Обама фактору да таасир бериши мүмкүндүгүн айтат:

- Акыркы отуз жылдагы шайлоолор менен салыштырганда азыркы шайлоодогу уникалдуу дагы бир нерсе, кызматтагы президент Обаманын салыштырмалуу популярдуулугу. Азыр Обаманын орточо рейтинги 50-51%. Бул Хиллари Клинтондун шайлоо өнөктүгүнө салым кошо алат. Мисалы, 2000-жылы демократтардын талапкери Альберт Гор Билл Клинтонго президент жана анын өнөктүгүнө салым кошчу адам катары таяна албаган. 2008-жылы Жорж Буштун рейтинги абдан түшүп кеткендиктен, республикачылардын талапкери, сенатор Жон МакКейн президент аны колдошун жана өнөктүк жүргүзүүсүн каалаган эмес. Ал эми 80-жылдарга барсак, 1988-жылы улуу Жорж Буш президенттикке шайланган кезде, Рональд Рейгандын да калк арасындагы кадыр-баркы салыштырмалуу жогору эле. Андыктан, менимче, Обаманын рейтинги да Клинтондун шайлоо өнөктүгү үчүн актив болот.

8-ноябрдагы шайлоону утурлай азыр бири экинчисинин дарегине ачуу сөздөрүн аябай жаткан Хиллари Клинтон менен Дональд Трамп алгачкы теледебатта 26-сентябрда беттешет.

Америкалыктардын алдында бири-биринен кескин айырмаланган эки бөлөк тандоо турууда. Алар эмнеге артыкчылык берерин ноябрда көрөбүз,

Башында олуттуу кабыл алынбай, республикачылар арасынан утуп чыгары күтүлбөгөн Трамптын акыр аягында талапкерликке жетишин эске алган талдоочулар азыр ал Клинтон үчүн жеңил-желпи жана оңой-олтоң атаандаш эместигине көңүл бурушууда.

Атүгүл Республикалык партиянын курултайынан кийинки айрым сурамжылоолордо Трамп Клинтондон бир аз озуп да кетти.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG