Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:24

Депутат малды идентификациялоо иштери кечеңдеп жатканына нааразы


Кара мал.
Кара мал.

Бул маселени ЖК депутаты, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын мүчөсү Зиядин Жамалдинов парламентте көтөрдү. Депутаттын айтуусунда, малды идентификациялоо быйыл күздө башталат деп айтылган, бирок эмгиче баштала элек. Жамалдинов малды идентификациялоо боюнча тиешелүү тендерлер да бүгүнкү күнгө чейин аягына чыкпай жатканын кошумчалап, мындан кыргызстандык малчылар өндүргөн эт-сүт азыктары сыртка сатылбай жатканын белгиледи.

Кыргызстандагы эпизоотикалык абалга байланыштырып, Казакстан менен Орусия эт-сүт азыктарын сатып алууга чектөө киргизген. Бул малдын баасы төмөндөөсүнө алып келгенин малчылар айтышууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG