Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:31

ЕБ Орусияга каршы санкцияны узартканы жатат


Орусиянын президенти Владимир Путин жана премьер-министри Дмитрий Медведев.
Орусиянын президенти Владимир Путин жана премьер-министри Дмитрий Медведев.

Европа Биримдиги Орусияга жана донбасстык жикчилдерге каршы мурда киргизилген санкцияларды 2016-жылдын 15-мартына чейин узартканга бел байлоодо.

Бул чара Москваны жана жикчилдерди Чыгыш Украинадагы урушту токтотуу боюнча февралда макулдашылган Минск келишимин аткартууга мажбурлоону көздөйт. Санкция жөнүндө чечим 2-сентябрда кабыл алынып, сентябрдын ортосунда ага министрлер кол коюшат.

Wall Street Journal гезитинин жазышынча, санкциялар Москва Донбасстагы жикчилдердин ок атууларын токтоттуруп, Украин өкмөтү менен элдештирүү боюнча өзүнө алган милдеттемесин аткартуу үчүн узартылмакчы.

29-июлда Украинанын президенти Петро Порошенко ушул эле Wall Street Journal басылмасына Донбасста былтыртан бери жүрүп жаткан калабада өлгөн аскерлер менен жөн-жай жарандардын саны 9 миңге чукулдап барат деп айткан.

Санкциялар адеп Орусия былтыр Крымды аннексиялап, Украинанын чыгышындагы жикчилдерге аскерий-техникалык көмөк көрсөткөнгө байланыштуу киргизилген. Алдагы тизмеде орусиялык жана донбасстык жикчилдердин жетекчилери, ишкерлер, 37 компания жана башка уюмдар бар.

Ушу чакта “кара тизмеге” орусиялык чиновниктер, депутаттар, жикчилдердин жетекчилери жана украиналык расмийлер болуп 150 адам кирет. Атап айтканда, Евробиримдик ырастагандай, Крым жарым аралы Орусияга интеграциялоого жооптуу вице-премьер Дмитрий Козак жана Крымды аннексциялоого ачык чакырган вице-премьер Дмитрий Рогозин, президент Путиндин кеңешчиси Владислав Сурков, Орусия куралдуу күчтөрүнүн Башкы чалгындоо башкармалыгы - ГРУнун зардалы Игорь Сергун жана башкалар кирген. Алардын Биримдикке мүчө 28 мамлекетке каттоосуна тыйуу салынып, банк эсептери “тоңдурулган”. Санкциялардын мөөнөтү 15-сентябрда бүтөт.

Мындай санкцияларды АКШ жана башка Батыш өлкөлөрү да киргизген. Москва бирок Украинанын чыгышындагы кырдаалга аралашпаганын айтып, андай ырастоолорду четке кагып жүрөт.

Wall Street Journal жазганга караганда, мурда санкцияларды 2016-жылдын 1-февралына чейин узартуу мүмкүнчүлүгү каралып жаткан. Себеби Евробиримдиктин айрым өлкөлөрү Украинанын чыгышында кырдаал бир кыйла стабилдүү болуп калгангандан улам тизмени кыскартууну талап кылышы мүмкүн деп боолгонгон. Бирок, дипломаттык булактардын ырасташынча, азыр Биримдиктин көпчүлүк өлкөлөрү санкция дагы алты айга узартылыш керек деген пикирде.

"Бул Биримдиктин мүчөлөрү арасындагы Украин кризисине байланыштуу келишпестиктерге карабай, алар Орусияга кысымды токтотпой, улантуу зарыл деген көз карашта экенин көрсөтөт" деп жазат Wall Street Journal гезити.

Бул тушта Вашингтон Украинанын чыгышындагы коогалаңга шылтап, дагы бир нече орусиялык компанияга санкция жарыялады. Жаңы такталган тизмеде, АКШ өкмөттүк Federal Register басылмасы 2-сентябрда маалымдагандай, жалпысынан 29 компания бар. Алардын ичинде түндө көрчү приборлорду чыгарчу “Катод” заводу, самолетторду жасачу “МиГ” корпорациясы, “Рособоронэкспорт” компаниясы, мамлекеттик “Роснефть” мунай-газ компаниясынын ондон ашык бучкагы (филиалы), Крымдагы бир нече порт жана башка ишканалар бар. АКШнын министрликтерине жана фирмаларына береги тизмедеги компаниялар менен келишим түзгөнгө тыйуу салынат, ал эми мурда түзүлгөн келишимдер токтотулат. Мамдепартамент эки жылдан кийин санкцияларды алып салышы же дагы узартышы мүмкүн.

Батыштын санкциялары Москваны Кытай, Египет жана башка өлкөлөр менен кызматташууга түртүүдө. Бул жөнүндө Путин обол 26-августта Москвада Египет президенти Абдел Фатах Сиси менен жолуккандан кийин айткан:

- Евробиримдиктин санкциясына каршы Орусия чектөөчү чараларды колдонгондон кийин биздин рынокто түзүлгөн ыңгайлуу жагдайды египеттик экспортерлор ийгиликтүү пайдаланууда. Быйыл алты айда Египеттен Орусияга азык-түлүктөрдү импорттоо 8%тен көпкө өстү.

Владимир Путин 1-сентябрда Синхуа агенттигине берген интервьюда да Батыштын санкциялары орусиялык ишкерлерди Кытай менен туруктуу кызматташууга шыктандырып жатканын баса белгиледи. Анын айтымында, Кытай менен экономикалык кызматташуунун негизин энергетика түзөт.

XS
SM
MD
LG