Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:08

6-мартта АКШ долларынын наркы дүйнөнүн башка негизги валютасы еврого салыштырмалуу бир кыйла өстү. Евро акыркы 12 жылда биринчи жолу долларга салыштырмалуу арзандады.

Атүгүл эки дүйнөлүк акча теңме-тең алмашылган учур болду. Бул евро жүгүртүүгө чыккандан берки 16 жыл үчүн экинчи көрүнүш.

Жалпы европалык акча - евро 2014-жылдын май айынан бери Кошмо Штаттардын долларына салыштырмалуу акырындап кубатын жоготууда. Былтыр жазда 1 евро 1 доллар 40 центке сатылса, жума күнү 1 евро 1 доллар 10 центке барабар болуп калды.

Ассошиэйтед агенттигинин маалымдашынча, 6-мартта Парижде атүгүл евро менен доллар теңме-тең алмашыла баштаган.

Серепчилер евронун эзелки кубатынан тайып, доллардын күчтөнүп жатышын жалпы экономикалык абал менен түшүндүрүшөт. Буга биринчи кезекте АКШнын айыл чарбасынан башка тармактарында иштегендердин саны февраль айында 235-240 миң адамга көбөйөт, жумушсуздук 5,7 проценттен 5, 6 процентке түшөт деген ишеним оң салым кошту.

Бул шартта Европа борбордук банкы проценттик ставкаларын төмөндөтүүнү чечти. ЕББнын төрагасы Марио Драги 9-марттан баштап чыгашалуу мамлекеттик баалуу кагаздар сатып алынары жөнүндө Кипрде жума күнү жасаган маалыматы евронун наркына таасир этти.

- Биздин акча-кредит саясатыбызды кошумча дагы олуттуу өлчөмдө жумшартуубуз евромейкиндиктин экономикасын колдоого жана өнүгүүсүнө ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталды. Финансы рыногуна кирүү жана жеке секторду тышкы инвестициялоонун баасы бир кыйла жакшырды. Өзгөчө, компаниялар жана кожолуктар үчүн насыя алуу мурдагыдан ыңгайлуу болуп калды.

Европа борбордук банкы, маалымдалганга караганда, ай сайын 60 миллиард еврого өтүмсүз өкмөттүк баалуу кагаздарды сатып алат. Бул жараян 2016-жылдын сентябрына чейин созулат.

Бүгүнгө карай ЕББ экономиканы жандандыруу үчүн Афиныга 100 миллиард евро чегерген же акыркы 1,5 айда кредиттин көлөмү 50 миллиарддан 100 миллиард еврого көбөйгөн. Башкача айтканда, финансы рыногуна кошумча акча кошулду.

Евронун арзандоосу Европа монетардык союзуна мүчө 19 мамлекеттен тышка сатылчу товарларды өтүмдүү кылып, АКШ жарандарынын Европага каттоосун арзандатат. Евронун арзандоосу Грецияга чет элдик туристтердин көп келүүсүнө өбөлгө түзөт дейт Грециянын туристтик компаниялары.

АКШнын Борбордук банкы болсо, ЕББдан айырмаланып, проценттик ставкаларын көбөйтүүгө кам көрүүдө.

Евро 1999-жылы 1-январда алгач колдонууга чыгарылганда 1, 17 долларга тең болчу. 2000-жылдын аягында 1 евро 0, 82 долларга түшүп кеткен. Ошондо Европа борбордук банкы башка борбордук банктар, анын ичинде АКШ борбордук банкы жардамдашып жатып, 2002-жылы евро жана доллардын наркы барабар болгон. 2008-жылы дүйнөлүк финансылык кризис АКШнын Lechman Brothers инвестициялык банкын сазга тыкканда 1 евро 1 доллар 60 центке серпип жеткен. Бирок былтыртан бери евро секин-секин күчтөн тайууда. Ал эми 6-мартта ЕББнын төрагасы Марио Драги экономиканы стимулдаштырууга 1 триллион евро бөлүнөрүн жарыялагандан кийин евро акыркы 12 жылда болуп көрбөгөндөй арзандады.

Мындай жагдайда келерки айларда евро дагы арзандайт деп боолгошот кээ бир талдоочулар.

Жума күнү доллар кубаттанганга катар алтындын баасы качты же 1 унция алтын 1196, 7 долларга сатылды. Bloomberg агенттигинин маалымдашынча, өткөн бир жумада алтын 1, 2 процентке арзандаган. Февралда алтындын баасы 5, 2 процентке арзандаган. Бул былтыр сентябрдан берки эң чоң көрсөткүч. Анын себебин эксперттер Грецияда дефолттун болбой калуусу, доллардын жана компаниялардын акцияларынын кымбаттоосу, ошондой эле алтын сыяктуу ишенимдүү металлдарга талаптын төмөндөшү менен түшүндүрүштү.

Демейде алтын август, сентябрь жана декабрь айларында жакшы сатылат. Кытайлар демейде металлдарды январь же февраль айларында Ай календары боюнча Жаңы жыл алдында сатып алышат. Индияда жыл аягында үйлөнүү тойлорунун жана майрамдардын сезонунда алтын жакшы өтөт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG