Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:30

Кубанын Гуантанамо аралында америкалык түрмө ачылганына он жыл толду. Мурдагы президент Жорж Буштун тушунда АКШ өкмөтү ал абакка Ооганстанда кармалган, “ал-Каида”, "Талибан" жана башка террордук уюмдарга байланышы бар деп шектелгендерди камаган.

Адам укугун коргоочу уюмдар мындай түрмөнүн өкүм сүрүшүн кескин сынга алып келишкен. АКШнын азыркы президенти Барак Обама түрмөнү 2010-жылдын январына карата биротоло жабууну буйруганы менен бул ишке ашкан жок.

Эл аралык "Мунапыс" уюму Гуантанамо абагы ачылганынын он жылдыгына арналган баяндамасында АКШ өкмөтүнүн бул жайды жаба албаганын адам укуктары үчүн "уулуу мурас калтыруу" деп атайт.

Аталган уюмдун пикиринде, “Гуантанамо АКШ өкмөтү 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуулдарга жооп берүүдө адам укуктарын сактоо чараларын аткара албаганынын символу болуп калды".

"Мунапыстын" эсебинде, 2002-2008-жылдардын аралыгында Гуантанамо абагына террорчулук үчүн шектелген 779 чет элдик алынып барылган.

Алгачкы туткундары 2002-жылдын 11-январында жеткирилген Гуантанамо АКШ баштаган күчтөрдүн Ооганстандагы аскерий операциялары учурунда кармалып, “ал-Каида” террордук түйүнүнө, "Талибанга" жана башка террорчул уюмдарга тиешеси бар деп шектелгендерди кармоочу жана алардын үстүнөн тергөө жүргүзүүчү жай катары ачылган.

Адам укугун коргоочулар көп өтпөй эле АКШнын кадамын согуш туткундары боюнча Женева конвенциясын бузуу катары сынга алышкан эле. Мурдагы президент Жорж Буш 2002-жылдын 28-январында укук коргоочулардын дооматтарына мындайча жооп кайтарган:

- Биз Женева конвенциясынын духун кармануудабыз. Силер "абактагылар жайындабы" деп айтып жатасыңар. Биз аларга медициналык жардам берүүдөбүз, аларга жакшы мамиле жасалууда. Биз аларга Женева конвенциясына ылайык эмес мамиле жасап жатканыбыз боюнча далил жок, балким ырастоолор болушу мүмкүн. Айтып жаткандар эмнени сүйлөп жатышканын билишпейт.

Барак Обама Гуантанамо боюнча жардыкка кол коюп жаткан кези.

Барак Обама Гуантанамо боюнча жардыкка кол коюп жаткан кези.

Гуантанамо түрмөсүнүн мыйзамдуулугу боюнча талкуулар ал ачылгандан бери уланып келүүдө. Сурак учурунда тыюу салынган ыкмалар колдонулган деп айтылган чуулгандуу түрмөнү шайлоо өнөктүгү учурунда эле жабууну убада кылган Барак Обама президенттик кызматка расмий киришкенден эки күндөн кийин эле, 2009-жылдын 22-январында тиешелүү жардыкка кол койгон:

- Учурда Коргоо министрлиги тарабынан Гуантанамодо кармалып тургандарды талаптагыдай жайгаштыруу жана АКШнын улуттук коопсуздугуна, тышкы саясий кызыкчылыктарына жана сот адилеттигинин кызыкчылыгына байланыштуу мен Гуантанамо түрмөсүн токтоосуз жабууга буйрук берем. Биз мындан кийин Гуантанамо бир жылдан кеч эмес мезгил ичинде жабылуусу боюнча жараянды сунуш кылабыз.

Барак Обама алгач атаган мөөнөт боюнча түрмө 2010-жылдын 22-январынан кеч эмес жабылуусу керек эле. Бирок Эл аралык "Мунапыс" уюмунун он жылдыкка арналган баяндамасында келтирилген маалыматка караганда, өткөн жылдын декабрь айында абакта 23 өлкөдөн 171 айыпкер болгон. Алардын токсону Йемендин жараны.

Жалпысынан Гуантанамого алынып барылган 779 чет элдиктин 600дөн ашууну 2002-жылдан бери башка өлкөлөргө которулган. Гуантанамодон мекенине кайтарылган оогандардын бири, азыр ооган парламентинин депутаты Хажи Нахим Кочи түрмөдөгү күндөрүн мындайча эскерет:

Хажи Нахим Кочи

Хажи Нахим Кочи

- Биздин эң чоң көйгөй психологиялык кысым эле. Бизде үй-бүлөбүздөн, өлкөбүздөн, жамаатыбыздан эч жаңылык болгон жок. Тыш дүйнөдө эмне болуп жатканын билбедик. "Кызыл чырымдын" эсебинен үй-бүлөбүздөн алган ар бир кат жасалма болчу. Үй-бүлөң эмне болуп жатканы тууралуу же жакшы жаңылыктар каттан өчүрүлүп салынчу. Кат үйүңдөн келегенин сезчү эмессиң.

Гуантанамолук айыпкерлер арасында Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары да болгон. Мисалы, Тажикстандын 11 жаранынын ону ар кайсы мезгилде мекенине кайтып, экөө өз өлкөсүндө узак мезгилге түрмөгө кесилген. Бирөөсүнүн тагдыры белгисиз.

Казакстандын Гуантанамодон мекенине үч жараны кайтса, Өзбекстандын төрт жаранынын төртөө тең мекенине эмес, Европа өлкөлөрүнө жөнөтүлгөн.

Кезинде мурдагы президент Жорж Буш Гуантанамодогуларды аскерий трибуналдарда соттоого уруксат берсе, азыркы президент Барак Обаманын тушунда ал трибуналдардын иши кайра каралган эрежелердин негизинде уланды. Он жыл ичинде алты гана сот иши жыйынтыкталып, төрт айыпкер соттолгон.

Гуантанамо түрмөсүнө каршы АКШдагы соңку нааразылык акциясы. Вашингтон, 10-январь, 2012-жыл.

Гуантанамо түрмөсүнө каршы АКШдагы соңку нааразылык акциясы. Вашингтон, 10-январь, 2012-жыл.

Мындан тышкары бир айыпкердин иши АКШнын аймагында, кадимки федералдык сотто каралып, ал өмүр бою эркинен ажыратылган.

Он бир адам түрмө ачылган он жылдан бери айыпсыз жана сотсуз отурат. Обама администрациясынын пикиринде, камакта калгандардын 48ин соттоого же бошотууга болбойт. Бирок алар абакта кармалуусу керек.

Конгресс администрациянын айыпкерлердин айрымдарын АКШ аймагына которуу планына каршы чыгып, алар Гуантанамодон башка жакка которулушун чектеген. Учурдагы эреже боюнча кайсы бир айыпкерди которордон мурда өкмөт Конгресстин чалгын комитетине маалымат берип, ал адам террорчулукка аралашпай турганын кепилдөөсү керек.

Америкалык “Вашингтон Пост” басылмасы жазгандай, он жылдан кийин да Гуантанамо түрмөсүнүн келечеги бүдөмүк болуп турат.


  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG