Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:53

“Бирдиктүү Орусия” Володинди Мамдуманын төрагасы кылып бекитти


“Бирдиктүү Орусия” партиясы Вячеслав Володиндин талапкерлигин Мамлекеттик Думанын төрагалыгына бекитти. Премьер-министр Дмитрий Медведев вице-спикерлик кызматка депутат Ирина Яровая менен журналист Петр Толстойду сунуштады.

23-сентябрда Орусия президенти Владимир Путин Думанын спикерлигине Володинди шайлоону сунуштап, ошол эле маалда парламент төрагасын депутаттар өздөрү чечиши керектигин билдирген.

Володин 2011-жылы президенттик администрациянын жетекчи орун басары болгон. Ал ички саясат маселелерин жетектеп келген. Вячеслав Володин 2014-жылы “Путинсиз Орусия жок болот” деген сөзү менен коомчулуктун эсинде калган. (SDz)

XS
SM
MD
LG