Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:31

Кыргызстан БУУну президенттик шайлоону колдоого чакырды


Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев
Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев

Бириккен Улуттан уюмунун Башкы ассамблеясынын 71-сессиясында сөз сүйлөгөн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев 2017-жылы өтө турган Кыргызстандагы президенттик шайлоону колдоого БУУну жана өнөктөш өлкөлөрдү чакырды.

- Бириккен Улуттар уюмун жана өнөктөш өлкөлөрдү биздин аракеттерди колдоого чакырабыз. Биз шайлоолорду эл аралык стандартка ылайык өткөрүү үчүн бардык аракеттерди көрүп жатабыз, деди Абдылдаев.

Министр 2015-жылы Кыргызстандагы парламенттик шайлоо учурунда биринчи жолу биометрикалык технология киргизилгенин белгилеп, шайлоо жыйынтыгы бардык саясый күчтөр тарабынан таанылып, элдин биримдиги бекемделгенин айтып өттү. Бул шайлоону эл аралык коомчулук бир добуш менен демократиянын негизинде өттү деп тааныганын кошумчалады. (SDz)

XS
SM
MD
LG