Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:05

Орусия жана Беларус адам соодасынын "кара тизмесинде"


Адам соодасынын курмандыгы болгон кыз
Адам соодасынын курмандыгы болгон кыз

Дүйнөдө кеңири кулач жайган адам соодасы тез мүлк-дүнүйө чогултканга мүмкүндүк берет. Мындай дасмия миллиондогон адамдарды аёосуз эксплуатациялоо, ошондой эле аялдарды сексуалдык кызмат көрсөтүүгө мажбурлоо аркылуу топтолот.

АКШ Мамдепартаменти мындай тыянакты 188 өлкөдөгү адам аткезчилигин жана “бүгүнкү кулчулуктун” абалын изилдеген докладында жасады. АКШ Мамдепартаментинин аталган жылдык изилдөөсү 27-июлда жарыяланды.

Мамкатчы Жон Керринин докладды коштогон катында адам соодасынын көлөмү 150 миллиард долларды түзөрү жана ал өзүнчө өнөр жай экени белгиленет. Аткезчилердин торуна чалынган 20 миллиондон көп аял-эркектер жана балдар курулуштарда, кендерде, сойкуканаларда жана үй кызматтарында кул абалында иштетилет. Мамдепартамент бул көрүнүштү “бүгүнкү кулчулук” деп атайт.

Жон Керри докладды коомчулукка тааныштырып жатып, эч ким “бүгүнкү кулчулукка” кол шилтеп койбошу керек экенине астейдил токтолду:

- Ар бирибиз өзүбүздөн аткезчиликтин курмандыгы кайсы бир таанышыбыз болуп калса эмне болмок деп сурашыбыз абзел. Эгер ал коңшубуз болсочу, же уулубуз, же кызыбыз, же тууганыбыз болуп калсачы?

Жакынкы Чыгыштагы террорчулар аялдарды жана балдарды сатуу, Ортолук Европада секс аткезчилиги, Түндүк Африкада айыл чарба жумушчуларын эксплуатациялоо, Түштүк-Чыгыш Азияда балыкчыларды кулчулукка алуу кеңири жайылганы айтылат.

Докладда экс-советтик Өзбекстандын пахта теримге балдарды пайдаланууну кыскартуу аракети оң бааланып, эң төмөнкү 3-топтон “кылдат байкоо астында болчу” ортоңку 2-топко жылдырылган (2-топко адам соодасына каршы минималдык деңгээлде аракеттенген өлкөлөр кирет). Ага карабай, 2014-жылы Өзбекстанда пахта теримге адамдарды күчтөп айдоо чоң илдет бойдон калган.

Кыргыз өкмөтү адам соодасынын курмандыктарын коргоодо, аларга жардам көрсөтүүдө минимум гана аракеттерди жасагандыктан 2-топко кошулган. Кемчилик ирети, андай адамдарды аныктоо боюнча чиновниктер тийиштүү жоболор менен камсыздалбаганы көрсөтүлөт. Бирок Мамдепартаменттин докладында жазылганга караганда, Орусияда мыйзамсыз иштетилип жүргөн 21 адам, Түркияда жана Бириккен Араб Эмирлигинде сексуалдык кызматтарга пайдаланылып жүргөн 23 аял аныкталганын өкмөт өзү маалымдаган. “Кылдат байкоо астында” турган 2-топто Украина, Түркмөнстан, Кытай, Азербайжан да бар.

Беларустун адам аткезчилигине каршы аракети талап кылынган “минималдык стандартка” жооп бербейт деп бааланып, өлкө 2-топтон 3-топко түшүрүлгөн. Берегидей илең-салаңдыктын кесепетинен “чет өлкөлөргө көңүл ачуучу жайларга жана мейманканаларга иштегени барган беларус аялдар сексуалдык кызмат көрсөтүүгө пайдаланылат”. Беларуста “өкмөттүк мекемелер менен ишканаларга катар менчик фирмалардын кызматкерлери үчүн ишембилик өткөрүп, алар өкмөттүк долбоорлорго акча которууга милдеттендирилет” деп көрсөтүлөт докладда.

Жон Керри кедейликтен байдөөлөт жашоого умтулган адамдарды сексуалдык кызматтарга жана кул сыяктуу иштетүүнү “зөөкүрлүк”, “мээримсиздик” деп атады:

- Аткезчилер - мээримсиз жана зөөкүр. Алар жардылыктан жанын сабап качкандардын, же жамандыктан, жаңжалдан баш паанек издегендердин үмүтүн кантип пайдаланганды билишет.

Адам аткезчилиги, адамдарды оор жумуштарга кыйнап иштетип, колго жукпаган маяна берүү илдетке айланган төмөнкү 3-топтогу Иран, Түндүк Корея, Сирия сыяктуу 23 өлкөнүн тизмесинде Орусия да бар. Анын себеби Орусия “эркектерди, аялдарды жана балдарды күчкө салып иштетүүнүн жана сексуалдык аткезчиликтин булагы, багыты” бойдон калган.

Мамдепартамент 2013-жылы эле Орусияны 3-топко кошкон. Ошондо Москва Кошмо Штаттарды адам аткезчилиги жана жарандарды мыйзамсыз иштетүүнү баалоодо “ынагыс методологияны” колдонду деп сындаган.

Адам аткезчилиги боюнча доклад чыккандан 90 күндөн кийин президент Барак Обама 3-топтогу өлкөлөргө санкция колдонушу ыктымал.

Адам соодасына каршы ырааттуу чара көргөн 1-топтогу өлкөлөргө Армения, Британия, Германия, Франция кирет.

XS
SM
MD
LG