Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:02

Иран АКШнын деңиз аскерлерин бошотту


АКШнын Иран кармаган кайыктары. 13-январь, 2015-жыл.
АКШнын Иран кармаган кайыктары. 13-январь, 2015-жыл.

Иран АКШнын анын аймактык сууларынан кармалган эки аскерий кайыгын жана аскер-деңиз күчтөрүнүн он өкүлүн бошотту.

АКШнын жаңылыш кирип кеткен кайыктарын жана аскер-деңиз кызматчыларын Иран тарап кечээ кармаган эле. Бул аскерий инцидент эки өлкөнүн мамилеси өтө кылдаттыкты талап кылып турган учурга туш келди.

Иран тарап кармап кеткен деңиз аскерлери жана эки кайык бошотулганын АКШ армиясы да ырастады.

Бирок алар деңизде болгон аскерий инцидент үчүн Вашингтон Тегерандан кечирим сураган - сурабаганы тууралуу азырынча айтыша элек.

Ал эми Ирандын куралдуу күчтөрүнүн эң элиталык бөлүгү – Ислам революциясынын сакчылар корпусу бүгүн мамлекеттик теледен окулган билдирүүсүндө америкалык деңиз аскерлер “кечирим суралгандан” соң бошотулганын белгиледи.

Мунун алдында Ислам революциясынын сакчылар корпусунда аскер-деңиз күчтөрүн башкарган контр-адмирал Али Фадави мамлекеттик теледеги интервьюсунда АКШнын кайыктары Ирандын сууларына навигациялык системасы бузулганынан улам жаңылыш кирип кеткенине көңүл бурган болчу:

- Биздин соңку бүтүмүбүзгө караганда, кесип өтүү (деңиздеги эл аралык жана аймактык чек араны) душманчыл, мисалы тыңчылык сыяктуу максаттарды көздөгөн эмес. Алар бул районго навигациялык системасынын туура эместигинен улам келишкен, Ирандын Фарси аралдарындагы аймагына жакындап калганын билишпегенин, муну атайылап жасашпаганын моюнга алышты.

Иран менен АКШнын ортосундагы бул аскерий инцидент президент Барак Обама Конгресстин кош палатасында жылдык соңку кайрылуусун жасаардын жуп алдында болду.

Коргоо министрлиги - Пентагондун өкүлү Питер Куктун билдиргенине караганда, аскерий кайыктар менен байланыш алар Кувейт жана Бахрейн ортосундагы сууларда жүргөн кезде үзүлгөн.

АКШнын деңиз аскерлери Иран кармап кеткенден кийин. Ислам революциясынын сакчылар корпусу тараткан сүрөт.
АКШнын деңиз аскерлери Иран кармап кеткенден кийин. Ислам революциясынын сакчылар корпусу тараткан сүрөт.

АКШнын расмий өкүлдөрү да кайыктардын биринде механикалык проблема болгонун, кайыктардын жана аскер кызматчылардын кармалганы билинген соң алар иран тарап менен байланышка чыгып, алар тез арада бошотуларына кепилдик алышканын, мамлекеттик катчы Жон Керри Ирандын тышкы иштер министр Жавад Зариф менен окуя боюнча телефондон сүйлөшкөнүн кошумчалашкан.

Президент Обаманын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисинин орун басары Бен Родес администрация кырдаалды жайгаруу үстүндө иштеп, оң чечим болот деп күтүп жатканын билдирген эле.

Инцидент жөнгөрүлгөнгө чейин Иран тараптан ар кандай комментарийлер айтылып жатты.

Маселен, Ирандын аскер күчтөрүнүн командачысы генерал-майор Хасан Фирузабади бул инцидент АКШнын аймактагы күчтөрү үчүн акыркы жаңылыштык жана Иранга каршы жаңы санкцияларды киргизүүгө аракеттенген Конгресс үчүн сабак болушу керек деп билдирген.

Кылдаттыкты талап кылган мамиле

Аскерий инцидент болгон аймактын картасы.
Аскерий инцидент болгон аймактын картасы.

Бул окуя АКШ менен Ирандын мамилеси өтө кылдаттыкты талап кылып турган учурга туш келди.

Азыр Иран өзөктүк программасын кыскартуу боюнча АКШ баштаган дүйнөнүн алты державасы менен былтыр июлда кол койгон келишимдин аткарылар - аткарылбашы сыналып жаткан кез.

АКШда республикачылар, Иранда консерваторлор бул келишим үчүн азыркы бийликтерди сындап келишет.

Эгер Иран ал келишимдин шарттарын аткарса, Тегеранга каршы мурда киргизилген санкциялар баскыч - баскычы менен алынышы керек.

Улуттар уюмунун өткөн айдагы баяндамасында Иран быйыл 15-октябрда орто аралыкка учуучу баллистикалык ракетаны сынаганы көргөзүлгөн соң АКШдан Тегеранга каршы жаңы санкциялар киргизилүүсү мүмкүндүгү айтылган эле.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG