Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:34

Өрт Сибирь токойлорун жок кылып жатканын окумуштуулар эскертти


Сибирь токоюндагы өрт.
Сибирь токоюндагы өрт.

Окмуштуу жана экологдор быйылкы жайдагы кургакчылык Сибирь токойлоруна катуу зыян келтиргенин, бийлик өрттүн масштабын кыскартып берип жатканын билдирди. Greenpeas 27-сентябрда Франспресске берген маалыматында өрт 2 млн. гектар Сибирь токоюн жалмаганын, ал үчүн климаттын жылуусу себеп экенин билдирген.

Орусиянын Федералдык токой чарбасы быйылкы жылы 125 миң гектар аянтта токой зыянга учураганын кабарлаган. Greenpeasтин Орусия боюнча маалымат катчысы Алексей Ярошенко “Сибирде болуп көрбөгөндөй катастрофа орун алууда”, бийлик өрткө каршы күрөштө натыйжасыз болууда деп айыптады.

Анын айтымында, өткөн жумада 5 миллиондой калк жашаган Красноярск жана Иркутск шаарларынын айланасында өрт масштабы кеңейди. Коюу түтүнгө байланыштуу кээ бир мектептер жабылды. Ярошенконун маалыматы боюнча, азыркы кезде 900 миң гектар токой дагы эле өрт кучагында. Спутниктен тартылган сүрөттөр да Сибирде өрттүн масштабы өкмөт маалымдагандан кең экенин аныктаганын эксперттер белгилешүүдө. (AiT)

XS
SM
MD
LG