Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:02

Мартин Лютер Кингдин кыялы жана Обаманын жеңиши


Американын теги африкалык жарандары Ак үйдүн башына кара түстүү адам жакыңкы аралыкта келет деп күтүшпөсө керек. Обаманын жеңиши расалык проблема толугу менен жоюла элек өлкө үчүн эмнени билдирет?

Жарандык укуктар үчүн күрөшүп келген, динаятчы Мартин Лютер Кинг 1963-жылы “Менин кыялым” деген даңазалуу сөзүн сүйлөгөндө, расалар ортосунда теңдик орнойт, адамдарды түсүнө карап баалоо жоюлат деп эңсээрин айткан. Кулчулдук, сегрегация же кара түстүүлөрдү бөлүү, мыйзамдаштырылган дискриминацияны баштан кечирген ошол кездеги Америка үчүн бул өзүнчө бир чоң максат болчу.

АКШдагы каралардын ири жеңиши 1954-жылга туура келет. Өлкөнүн Жогорку соту мектептердин жалаң каралар же актар үчүн бөлүнүшүн мыйзамга каршы келет деп тапкан. Бирок айрым коомдук жайларда “жалаң актар үчүн” деген жазуулар кала берди.

1955-жылы алабамалык Роза Паркс деген аял автобуста ак түстөгү адамга орун берүүгө баш ийбей койгондон кийин расалык дискриминациянын жоюлушу үчүн күрөшкөн Жарандык укуктар кыймылы жаралган. Алардын ар кандай тынч иш-чаралары көпкө чейин полициянын зомбулугуна, массалык камакка алууларга туш болуп келди.

1963-жылы бул кыймыл уюштурган Вашингтонго карай жүрүш баш калаага чейрек миллиондой активистти чогулткан. Дал ошол жерде Мартин Лютер Кинг тарыхка кирип калган сөзүн сүйлөгөн.

1964-жылы дискриминациянын айрым түрлөрүнө тыюу салынса, кийинки жылы добуш берүү жөнүндөгү дискриминациялык жобо мыйзамсыз деп табылган. 1968-жылы Кинг Америкадагы каралардын жашоосу жакшырат деп үмүттөнөөрүн айткан эле.

Ошентип, Кингдин кыялын 40 жылдан кийин Обама турмушка ашырды.

Эми талдоочулар, адистер АКШдагы расалар аралык мамилелердин жаңы доору башталды деген комментарийлерин байма-бай жазып киришти. Таасирдүү жазуучулардын бири “Жарандык согуш аяктады” жеп жазса, башкасы “расисттер чегинишүүдө” деп эсептейт.

Чикагодогу расизм, саясат жана маданиятты изилдөө борборунун директору Майкл Доусон мындай ырастоолордун жүйөөсү бар деп эсептегени менен, эми Америкада расизм өткөн чакта калды деген ойдон алыс:

- Өлкөнүн айрым бөлүктөрүндө, көбүнесе түштүктөгү элет жеринде жарандык согуш кандайдыр бир деңгээлде уланып жатат. Ошол аймактарда Обаманы колдогондордун жана ага каршы добуш бергендердин активдүүлүгү жогору болду. Жана ал жердеги ак америкалыктардын бир тобу кара түстөгү президенттин болушун анча жактырышпайт.

Обаманын жеңишин айлар, балким жылдар бою талкуулашат. Бирок бир нерсе анык: ак америкалыктар 1976-жылдан бери демократтардын бир дагы президенттикке талапкери үчүн мынча добуш беришкен эмес.

4-ноябрь күнкү шайлоодо расалык өңүттүн ролу канчалык олуттуу болду деген маселеге сереп салгандар арбын.

- Америкалыктардын көбү үчүн раса бул шайлоодо белгилүү бир роль ойногону менен, башка маселелерге көбүрөөк көңүл бурулду. Жана бул маанилүү кадам, олуттуу алга жылуу болуп эсептелет.


Буга чейинки кара түстүү талапкер Жесси Жэксондон айырмаланып, Обама шайлоого афроамерикалык адам катары эмес, Американын жараны катары катышты.

Бир катар байкоочулар болсо Обама каралардын дискриминацияга каршы күрөшүн сөз кылбагандыгы үчүн жеңди деген оюн айтышат.

XS
SM
MD
LG