Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:17

Марска саякат жана Хигсс бозону


Марста жүргөн "Curiosity" жиберген кызыл планетанын фотосүрөтү. 9-август, 2012

Марста жүргөн "Curiosity" жиберген кызыл планетанын фотосүрөтү. 9-август, 2012

6-августта Бишкек убактысы боюнча саат он бир жарым ченде “Curiosity” көлүгү Жерден 570 миллион чакырымдай алыстагы кызыл планетага конду.

АКШнын космостук агенттиги – НАСАнын робот-аппараты Марста жашоо барбы, болочокто кызыл планетада жашоо мүмкүнбү деген түбөлүктүү суроолорго жооп издейт.

4-июлда Ядролук изилдөөлөр боюнча европалык борбор илимпоздор узактан бери издеп жаткан “Кудайдын бөлүкчөсү” деп аталган - Хиггстин бозону табылганын жар салышты. Окумуштуулардын айтышынча, Хигссдин бозону бар экени практикалык жактан тастыкталса, кванттык физика дүйнөсүндө революция жасалат экен.

Кызыл планетада жашоо барбы?

Мына ушул илимий-техникалык эки окуя тууралуу “Өңүт” программасындагы талкууга илимпоз-физиктер Миталип Таиров жана Шаршенбек Жусупкелдиев катышат. Физика илимдеринин доктору Миталип Талипов Кызыл-Кыя шаарындагы Педагогикалык институттун ректору, жогорку класстар үчүн физика окуу китептеринин жетектөөчү автору. Шаршенбек Жусупкелдиев Бишкектеги Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин окутуучусу, физика-математика илимдеринин кандидаты.

"Curiosity" көлүк-робот Марс планетасына конду


Былтыр ноябрда саякатка аттанган марсжүргү Марс планетасынын бетине конор замат өткөрүлгөн пресс-конференцияда НАСАнын администратору Чарлз Болден мындай деди:

- Бүгүн дал ушу тапта, “Кюриёситинин” дөңгөлөктөрү Марстын бетине чыйыр сала баштады. Азыр кызыл планетада жүргөн “Curiosity” буга чейин курулган саякатчы-көлүктөрдүн эң акылдуусу. Ал Марста жашоо барбы, болочокто бул планетада жашоо мүмкүнбү деген түбөлүктүү сурооорго жооп издейт.

Марсжүргүнү кызыл планетага кондуруу НАСАнын айтышынча, миссиянын эң татаал бөлүгү болду.

“Кюриёситини” кондуруу жети мүнөттүк террор менен коштолду. Анткени, жети мүнөттө планетанын бетине конгону саатына 20 миң чакырым ылдамдыкта учуп барткан аппаратты токтотуу керек эле. Бул эркин ыкма менен саатына 105 чакырым ылдамдыкта сүзүп баратып 2,1 секунддан кийин токтогонго окшоп кетет", - деп билдирди Болден.



Aкыркы жарым кылымда түрдүү өлкөлөр отуздан ашык жолу Марска көлүк-робот кондурмак болуп, анын 40 проценти гана максатына жеткен. АКШ алты жолу Марска спутник учуруп, мунун менен төртүнчү ирет аны ийгиликтүү кондурду. Шаршемби күнү Жердин орбитасына орусиялык-индонезиялык байланыш спутниктери «Экспресс-МД 2» жана «Телком-3тү» Байкоңур космодромунун учуруу ийгиликсиз бүттү. Маалыматтарга караганда, спутникке ылдамдык берчү блоктордун биринде авария болуп, иштебей калган. Былтыр да орустардын «Экспресс-АМ 4» спутниги тийиштүү ылдамдыкты ала албай калып, аппарат Тынч океанга чөктүрүлгөн. Орусия премьер-министри Дмитрий Медведев космостук тармактагы мындай кемчиликтерге чыдап болбосун, анын кесепетинен өлкө кадыр-баркын жана миллиарддаган акча жоготуп жатканын айтып, бул маселе боюнча келерки жумада өкмөттүн атайын жыйынын өткөргөнү жатканын эскертти.

“Кудайдын бөлүкчөсү” табылды

4-июлда Женевадагы Ядролук изилдөөлөр боюнча европалык борбор илимпоздор узактан бери издеп жаткан “Кудайдын бөлүкчөсү” деп аталган- Хиггстин бозону табылганын жар салышты. Окумуштуулардын айтышынча, Хигссдин бозону бар экени практикалык жактан тастыкталса, кванттык физика дүйнөсүндө революция жасалат.


Ядролук изилдөөлөр борборунун башкы директору Рольф- Дитер Хоейр Чоң адррондук коллайдерде алынган салмагы 125-126 гигаэлектронвольт жаңы майда бөлүкчө физиктер сыймыктанчу ачылыш экенине токтолду:

-Бул бүгүн тарыхый окуя. Биз анын башталышында турабыз. Алдыбызда көп жумуш күтүүдө. Бул бурулуш учур. Менимче, биз баарыбыз сыймыктанып, сүйүнүшүбүз керек. Мунун болочок үчүн глобалдык мааниси зор. Бул керек учурда болууда жана биз абадан оптимист боло алабыз деп ойлойм.

Адамдар ааламдын жалпы көлөмүнүн 4 процентин гана көрөт. Физиктер чөйрөсүндө “майда бөлүкчөлөрдүн кудайы” деген аткан конгон Хиггстин бозону ааламдын жаралышын жана жашоонун келип чыгуусун илимий жактан түшүнгөнгө жардамдашууга тийиш.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG