Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:52

АКШда полициянын афроамерикалыктарга курал колдонуусуна байланыштуу тутанган нааразылык акциялар айрым шаарларда ушул дем алыш күндөрү, өткөн түнү да уланды. Беш полиция кызматкери атып өлтүрүлгөн Даллас шаарына 12-июлда президент Барак Обама барары күтүлүүдө.

Полиция кызматкерлери афроамерикалыктарды атып салган акыркы эки учурдан улам тутанган демонстрациялар ушул дем алыш күндөрү Луизиана штатынын ошол окуялардын бири катталган Батон-Руж шаарынан тышкары Нэшвилл, Индианополис, Вашингтон, Мемфис, Атланта шаарларында да өттү. Атланта шаарындагы нааразылык дүйшөмбүгө караган түнү да уланды.

Антлантадагы ынды кара демонстранттардын бири NBC телеканалына буларды айтты:

- Мен өңдүү адамдардын, түрдүү расадагы башка көптөгөн кишилердин чогуу келип, бул жерден позициясын билдирип жатышканы абдан жакшы. Биз мындан чарчадык, келгиле, бир нерсе кылып өзгөртөлү. Биз тарыхпыз, биз келечекпиз! Силер муну эмне кылганы жатасыңар?

Black Lives Matter (“Кара түстүүлөрдүн өмүрү мааниге ээ”) деген кыймылдын бир нече жүз жактоочусу Теннеси штатынын айтылуу Мартин Лютер Кинг киши колдуу болгон Мемфис шаарында жолдогу чоң көпүрөнү торошуп, автоунаалардын тыгынын жаратышты.

Батон-Руж шаарында демонстрантты полиция кармаган учур. 10-июль, 2016-жыл.

Батон-Руж шаарында демонстрантты полиция кармаган учур. 10-июль, 2016-жыл.

Ал эми Луизиана штатынын Батон-Руж шаарында жүздөгөн демонстранттар 9-июлда түндө жана 10-июль күндүз коопсуздук күчтөрү менен көчөдө тирешип, полиция кармоолорду да жүргүздү.

“Ассошейтед Пресс” агенттиги келтирген маалыматка караганда, бул жерде кан жолду бууганга аракеттенген 30-40тай киши жекшемби күнү камакка алынган. Жалпысынан дем алыш күндөрү кармалган демонстранттардын саны 160ка жетет.

Штат губернатору Жон Бел Эдварс бийликтер нааразылык акциялары кыянатчылыктар менен коштолуусуна жол берилбей турганын эскертти:

- Өкүнүчтүү факт - биздин штатка жана Батон-Руж шаарына адамдар Луизиананын сыртынан келүүдө. Алар нааразылык акцияларына тынч мүнөздө, мыйзам чегинде катышууну көздөсө, "кош келипсиңер" дейбиз. Бирок бул жакка келип алып, биздин тургундар арасында жек көрүүчүлүктү козутуп, кыянатчыл, мыйзамсыз иштер менен алектенүүсүнө жол берилбейт. Ачык айтайын, биз мындайга макул болбойбуз.

“Ассошейтед пресс” агенттиги жазгандай, Миннесота штатынын борбору Сент-Пол шаарында ишемби-жекшемби полиция менен демонстранттардын кагылышуусунда 100дөй киши кармалып, 21 полиция кызматкери жаракат алды.

“Кара түстүүлөрдүн өмүрү мааниге ээ” кыймылынын активисттери АКШ полиция кызматкерлери афроамерикалыктарга карата куралды негисиз колдонууда деп эсептешүүдө.

Азыркы нааразылыктар өткөн шейшемби күнү Луизиана штатынын Батон-Руж деген шаарында ак түстүү полиция кызматкерлери кылмышка шектелген Элтон Стерлинг ысымдуу, ал эми 7-июлда Миннесота штатында Филандо Кастиле ысымдуу афроамерикалыкты атып салган учурларга байланыштуу тутанды.

7-июлда Техас штатынын Даллас шаарында ушундай мүнөздөгү тынч нааразылык акциясы учурунда беш полиция кызматкери снайпердин огунан мүрт кеткен. Бийликтер полицияга ок ачкан кишини 25 жаштагы афроамерикалык Мика Жонсон деп жарыялашты.

Мика Жонсон

Мика Жонсон

Мурда аскер кызматчысы катары ооган согушуна катышып келген Жонсон өзү полиция менен узакка созулган тирешүү учурунда өлтүрүлгөн эле.

Далластын полиция башчысы Дэвид Браун окуядан кийинки пресс-конференцияда жана интервьюларында кылмышкер ак түстүүлөрдү, өзгөчө полиция кызматкерлерин өлтүрүүнү көздөгөнүн, мындан да масштабдуу кол салууларды пландаганын айтып чыкты.

12-июлда Даллас шаарына президент Барак Обама өзү да барганы жатат. 9-июлда Варшавада сүйлөгөн учурунда президент буларды айтты:

- Мен Америка айрымдар болжогондой бөлүнүп калбай турганына бекем ишенем. Бардык расадагы, коомдун бардык катмарындагы америкалыктар Далласта болобу, башка жерде болобу полицияга жасалган кечирилгис кол салууга адилеттүү кыжырданып жатышат. Азыр кайгы-капа, кыжырдануу өкүм сүрүүдө. Бирок азыркы көрүнүштөр жамааттардын ишинде жана америкалык болууда биз каалабаган нерселер экенин таануу жагынан бир пикир бар. Мына ушул нерсе биздин оң, туура жолго багыттоодо негиз катары кызмат кылат.

АКШ президенти Далластагы окуяларга байланыштуу Испанияга жасаган алгачкы сапарын бир күнгө кыскартты.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG