Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:48

Петреус: НАТО талиптердин таасирин азайтууда


Генерал Девид Петреус
Генерал Девид Петреус

АКШ менен НАТОнун Ооганстандагы аскерий күчтөрүн жетектеген генерал Дэвид Петреус БиБиСиге курган маегинде альянс талиптердин утушунун алдын алды жана батыш аскерлеринин аракеттери ийгиликтүү улана берээрине ишендирди.

БиБиСи маалымат кызматына курган маегинде генерал Петреус Ооганстанда талиптердин көптөн берки көзөмөлү акырындап басаңдатылып, талиптер жашынган жайлардын көпчүлүгүн батыш күчтөрү акыры басып ала баштаганын белгиледи.

«Эртеби-кечпи АКШ менен НАТО Ооганстандагы согушкерлерди жеңет, бирок бул уруш катаал болот», - деп божомолдоду генерал.

Мурун талиптердин тышкы иштер министрлигинде иштеген кабулдук серепчи Вахид Мождах генерал Петреустун билдирүүсүнө макул болбой турганын айтты.

«Менимче, Ооганстандагы абалды жөнгө салуу аракеттери ийгиликтүү болуп атат деген сөздөр атайын америкалык жарандарга багытталган. Бул жерде эмне болуп жатканын билген ооган тургундары өздөрү талиптер али жакын арада жеңилбей турганын билишет», - деди Вахид Мождах.

Талип режими жөнүндө китептин автору Мождах Батыштын улам күчөп бараткан аскерий операцияларынан козголоңчулар эмес, карапайым тургундар көбүрөөк жабыр тартып жатышканын айтат. Бул жергиликтүү оогандыктарды кыжырлантып атканын белгиледи.

Батыш күчтөрүн мурда жетектеген генерал Стэнли МакКристаллдан айырмаланып, Петреус Ооганстандагы аскерий аракеттерде өтө катаал эрежелерди киргизди. Маселен, согушта жөнөкөй тургундардын өлүмүн азайтыш үчүн болжолдоп эле бомбалай берүүгө чектөөлөр коюлду.

Азыр согушта жарандар арасындагы жоготуулардын саны бир топ азайганына карабай, маселе дале курч турган суроолордон.

«Америка Ооганстанда кудум караңгыда сыйпалап жол издеп жүргөндөй. Бүгүн бир нерсени айтса, эртең такыр эле башканы айтат. Бул жакка [Ооганстанга] келгендердин баары талиптерди жеңип атабыз дешет. Бирок талиптер Кабулдун босогосун аттап калышты. Эми аларды талкаладык деп кайдагы болбогон кепти айтышат. Биз Ооганстанда туруп муну сезе да, көрө да элекпиз», - деди Вахид Мождах.

Генерал Петреус билдиргендей, АКШ жана НАТОнун аскерлери эмки жылдын июлунан тарта өлкөдөн чыгарыла башташат. Бирок ал бир топ убакытты алышы мүмкүн. «2011-жылдын июлу. Негизинен бул мөөнөт – чоң процесстин башталышы. Ал деген аскерлер Ооганстандан толугу менен чыгарыла баштайт, согуштун бүтөр күнү белгиленет дегенди билдирбейт», - деди генерал Петреус.

XS
SM
MD
LG