Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:20

“Жарандык көзөмөл” кеңешинин коомдук угуусуна депутаттар келген жок


Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

Аталган кеңеш референдумга коюлчу Башмыйзамга киргизилчү өзгөртүүлөр боюнча коомдук угууну 27-сентябрга белгилеген. Бирок иш-чарага Конституцияны жаңылоо демилгечилери келишкен жок.

- Фракция лидерлери, комитет төрагалары, жалпысынан 40 чакты депутат келген жок, - деп “Жарандык көзөмөл” кеңешинин мүчөсү Рита Карасартова “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтуусунда, айрым депутаттар “Кадыржан Батыровдун жанында отурганы үчүн жарандык коомго каршы” экенин айтып, иш-чарага катышпастыгын билдиришкен.

Карасартова 27-сентябрда парламенттин тиешелүү комитети тарабынан жактырылган Башмыйзам долбоору шашылыш, регламент талап кылган тартипте каралган жок, деген пикирде.

Бүгүн Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш жана соттук-укуктук маселелер, регламент комитети мыйзам долбоорун биринчи окуудан жактырды.(ZKo)

XS
SM
MD
LG