Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:00

Жалал-Абадда ок тийген ишкер каза тапты


Иллюстрация
Иллюстрация

Жалал-Абад шаарындагы “Тажмахал” эс алуу жайынын кожоюну Абдусатар Азизов октон башына алган жаратынан улам ооруканада каза болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” маркумдун жакындары билдиришти.

63 жаштагы ишкерди 18-январда шаардагы Индустриал көчөсүнөн белгисиз адам унаасын токтотуп, травматикалык тапанча менен башка аткан. Оор абалда ооруканага жеткирилген Азизов өзүнө келе албай көз жумду.

Кылмышка шектүү катары шаардын 24 жаштагы тургуну кармалды. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү кафе кожоюну анын апасына акарат келтирип, ыза кылганы үчүн ушундай кадамга барганын айткан.

Учурда окуя боюнча кылмыш иш козголуп, кармалган адам сурак берүүдө.(RsK)

XS
SM
MD
LG