Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:08

Чүй: Петровкадагы дүрбөлөң кырдаал жайгарылды


Москва районундагы Петровка айылында ай-буйга келбеген жигиттер күрттөрдү чектен чыккан ээнбаштык кылышты деп айыптап, алар жашаган үйлөрдү таш бараңга алышты. Эки ортодо ок атылып, эки адам жарадар болгону айтылууда. Айылдыктар күрттөрдүн 24 саат ичинде көчүп кетишин талап кылып жатышат.

Жаалы кайнаган жигиттер бүгүн уюшуп чыгып, ай-буйга келбей, күрттөр жашаган үйлөрдү ташбараңга алышты. Тартип коргоо кызматкерлери аларды токтотууга шаасы жетпей калды.

Натыйжада бир топ жигит күрттөр жашаган үйлөрдүн терезе-эшиктерин талкалап, үй оокаттарын чачып кетишти.

Бир катар күрттөр үйлөрүн таштап качып кетишти. Алардын бирөө каршылык көрсөтүп, ташбараңга алып жаткандарга каршы ок чыгарган.

Натыйжада, эки адам жарадар болуп, ооруканага жеткирилди. Бул маалыматты «Азаттыкка» аталган райондогу укук коргоочу Сапар Аргынбаев билдирди. Ок атышуу жана жарадар болгондор жөнүндө маалыматты расмий булактар ырастай элек.

Жергиликтүү элдин айтымында, 6-мартта бул айылда орус улутундагы төрт жашар кыз зордукталган.

Айылдыктар бул кылмышты 21 жаштагы күрт жигиттен көрүп жатышат. Участкалык милиция кызматкери мындай чектен чыккан көрүнүштү көрмөксөнгө салган, дешет алар. Ошол себептүү жергиликтүү элдин ичинен бир топ адамдар уюшуп чыгып, зөөкүрдү мыйзамсыз жазалоо аракетин жасашты.

Москва райондук милиция бөлүмүнүн башчысы Жениш Жоробековдун «Азаттыкка» айтымында, жаш кызды зордуктоо фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана күч органдары Петровка айылына келип, элди тынчтыкка чакырып, кырдаалды жөндөө аракетин көрүштү.

- Силер ушунтип тура берсеңер биз эч нерсе кыла албайбыз, алар өздөрү да качып үйлөрүнө келишпейт. Андан көрө тынчтыкка келип, таркагыла. Биз болсо ар бир үй бүлөнү кыдырып, паспортторун текшерип иш кыла баштайлы,-деди Чүй областынын губернатору Болоткан Кумаров топтолгон адамдарга кайрылып.

Тартип коргоо кызматкерлери чогулгандарды күчтөп таратып, баш иййбегендерин милиция бөлүмүнө алып кетишүүдө.

Укук коргоочулар Петровкадагы окуяны улут аралык жаңжалга жеткирбей, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, бир ээнбаштык үчүн бүтүндөй бир улутту жектөөгө жана куугунтуктоого жол бербеш керектигин белгилешүүдө.

- Азыр түшүндүрүү иштери аркылуу гана муну оң жагына чечсе болот. Бирок канчалык деңгээлде жергиликтүү бийлик аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзөт, кеп ошондо. Бирок бир гана күрт улутундагы тургундун ушундай иши үчүн баарын көчүп кетсин деген туура эмес,
- дейт «Кылым шамы» уюмунун жетекчиси, укук коргоочу Азиза Абдрасулова.

Жекшембиде кечкурун кыштактагы кырдаал толук жайгарылды. Кыргызстандын ички иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Бакыт Сейитов 80дей киши кармалып, Петровкадагы тополоңго тийешеси бар-жогу такталып суракка алынып жатканын "Азаттыкка" тастыктады.

XS
SM
MD
LG