Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:55

Өмүрбек Текебаев: Бийлик жан соога сурап жатат


“Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев камактан чыгары менен Улуттук биринчи каналдан чыгып сүйлөп, Бириккен Элдик кыймылы өлкөдөгү бийликти жана жоопкерчиликти колго алып жатканын, премьер-министр Данияр Үсөнов Ак үйдө жашынып алып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, оппозициядан жан соога сурап атканын билдирди.

" Биз БЭК кыргыз элинин курултайын уюштурган борбордук аткаруу комитети азыркы кырдаалдын жоопкерчилигин өзүнө алып, төмөндөгү билдирүүнү мага тапшырышты. Курултайдын негизинде элдик дружинаны уюштуруу бүткүл Кыргызстан боюнча.

Урматтуу мекендештер! Нарында, Көлдө, Таласта, Чүйдө, Бишкекте, Ош, Жалал-Абаттын кээ бир жерлеринде бийлик толугу менен эл тарабына өттү. Эгерде кайсы бир жерде өтпой аткан болсо, элге каршылык кылып жаткан болсо, ошол акимдерге, ошол прокурорлорго, ошол милиционерлерге айтабыз, өз ата-энеңерге, өз ага-туугандарынарга ок атпагыла. Анткени эртең элдин алдында, туугандардын алдында, тарых алдында, абийир алдында жооп беришке туура келет. Ошондуктан бардык жерден урматтуу мекендештер, өз коопсуздугуңузду, коңшунун коопсуздугун, мал-мүлктү, жалпы элдин өмүрүн сактап калыш үчүн элдик кошундарды, элдик дружиналарды түзүү зарыл.

Бишкек шаарынын коменданты болуп Мадылбеков Турат – милициянын полковниги дайындалды. Бүткүл Бишкек шаарынын укук коргоо органдары, аскерлери толугу менен коменданттын алдына баш ийүүгө өтүүсү зарыл. Азыр бүт чоң топ Исмаил Исаковду түрмөдөн бошотууга кетти. Ал келсе куралды күчтөрдү толугу менен өзү көзөмөлгө алмакчы.

Болот Шерниязов азыркы убакта Ички иштер министрлигинин ишин көзөмөлгө алуу үчүн ал жакка шашылыш жөнөп кетти. Борбордук аткаруу комитети төрагасы Роза Отунбаева, мүчөлөрү Сариев Темир, Эмил Каптагаев, Алмаз Атамбаев, Болотбек Шерниязов, Элмира Ибраимова, Дүйшөн Чотонов, Абдыганы Эркебаев, Кеңеш Дүйшөбаев, Азимбек Бекназаров, Сооронбай Жээнбеков, Топчубек Тургуналиев, Исмаил Исаков жана мен Өмүрбек Текебаев.

Кыргыз элинин тагдыры анын өз колунда болуш керек. Эч бир Адам, эч бир үй-бүлө Бакиевдер бизди кул кылып, атып, сабап, иштете албайт. Андай өмүрдөн көрө биз өлүмдү артык көрөбүз. Бүгүн Кыргызстандыктарга өлүм жана өмүр деген маселе кабыргасынан турат. Биз өмүрдү тандап алабыз, биз эркиндикти тандап алабыз.

- Бийликтин кайсы жетекчилери менен сүйлөшүүнү жүргүзүп атасыздар?

- Данияр баш болгон өкмөт Ак үйдө жашынып алып балдарды атып жатат. Биз канчалык жамандаган Акаев атпастан качып кеткен. Жүзгө жаш бала өлүп калган болуш керек, муну аянттан келген жаштар айтат. Азыр бир топ аткаруу комитетинин мүчөлөрү Роза Отунбаева, Темир Сариев баш болгон бир топ мүчөлөр Данияр Үсөнов баш болгон өкмөт менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн кетти. Сүйлөшүүлөрдүн бир гана маңызы болот. алар тез аранын ичинде өз ыгарым укуктарын өз ыктыяры менен тапшырыш керек. Өкмөт тараптан бир гана өтүнүч болуп отурат бул жан соога, мен аянттагы элден эптеп кутулсанар дейт. Мына ушуга окшогон оор маселени, бул абдан оор маселени чечүү үчүн биздин жогоруда айтылган атуулдар сүйлөшүүгө кетти.

- Экинчи бир чоң маселе, Акаев качкандагындай талап-тоноо болбосо, ушул боюнча да элге кайрылып айтып кетсеңиз?

- Көчөдө жүргөн балдар азыр телевидение көрбөсө керек. Ошентсе дагы урматтуу мекендештер, көчөдө балдарыныздар, күйөөлөрүңүздөр жүрөт, өмүрү коркунучта. Алар провокацияга берилип, элдин мүлкүн тоноп, карапайым эч күнөөсү жок адамдардын өмүрүнө коркунуч келтирип коюушу мүмкүн. Мына ушундай адаттан, ушундай кылмыштан сак болуп, алыс болсун деп эскертесеңиздер.

XS
SM
MD
LG