Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:19

"Келечеги кең өлкөнүн" 19 жылдык мааракеси


Президент Ислам Каримов. Бухара. 30-август, 2010
Президент Ислам Каримов. Бухара. 30-август, 2010

1-cентябрда Өзбекстан күнкорсуздугунун 19 жылдыгын белгиледи. Өлкөнү төбөлсүздүктүн биринчи күнүнөн тартып башкарган президент Ислам Каримов соңку жыйырма жылда орточо эмгек акы 14 эсеге өскөнүн мааракелик майрамда шардана кылды.

Серепчилер экономикада өкмөттүн үстөмдүгү күчтүү экенине, саясый-экономикалык эркиндик өтө чектелүү экенин айтышат.
“Төбөлсүздүк бизге эч кандай жакшылык алып келген жок. Карапайым элге күнкорсуздук азап болду”.
Өзбек жараны


"Эгемендик элге азап болду"

Президент Ислам Каримов 1-сентябрда Ташкендеги Алишер Навои атындагы улуттук бакта күнкорсуздук күнүнө арнап өткөрүлгөн
Асакедеги "GM Uzbekistan" бирикмесинин күнкорсуздук күнүнө белеги: "Chevorlet Spark" жеңил машинеси.
салтанатта сүйлөп, акыркы жылдары экономика ишенимдүү өсүп жатканын сыймыктана айтты:

- Соңку эки жылда өлкө экономикасы 9 жана 8,1 процентке өссө, быйыл 8,5 процентке өсөт деп күтүлүп жатканы, көпчүлүккө дем берип, кубанычын арттырууда. Төбөлсүздүк жылдарындагы жетишкиндиктерибизди элестетүү үчүн мына бу мисалдарга токтоло кеткеним орундуу. 1990-жылга салыштырмалуу ички дүң жыйым орточо 3,5 эсеге өстү. Же жан башына эсептегенде 2,5 эсеге өсүш болду. Орточо эмгек акы үстүбүздөгү жылдын аягына 500 АКШ долларын түзүп, болжол менен 14 эсеге көбөйөт.

Бирок “Азаттык” радиосунун Өзбек кызматы өзбекстандык жарандар арасында аты-жөнүн сурабай өткөргөн сурамжылоо эл ичинде президент Каримовдун сөзүнө ынанбаган адамдар бар экенин күбөлөйт. Мына бу киши элдин кирешеси өспөй эле, тескерисинче, азайып жатканын айтат: "Президент адамдардын реалдуу кирешеси көбөйдү дебедиби. А чынында, киреше азайып барат.” А бу орус улутундагы аял баанын күн санап өскөнүнө нааразы: “Билесизби, баа ченеми жок өсүп кетти”,-десе, үчүнчү бир киши күнкорсуздук карапайым калкка жакшылык алып келбеди деген пикирде: “Төбөлсүздүк бизге эч кандай жакшылык алып келген жок. Карапайым элге күнкорсуздук азап болду”.
Президент Ислам Каримовго күнкорсуздук күнү белекке берүү үчүн намангандык зергер жасаган таажы.


"Кара базар жана кең келечек"

Талдоочулар Өзбекстандын күнкорсуздук жылдарындагы жетишкендиги жөнүндө кеп кылганда, демейде 15 миллион калктуу Казакстанды мисалга тутушат. Дүйнөлүк банктын эсебине караганда, Казакстандын экономикасы 28 миллион калктуу Өзбекстандыкына салыштырганда беш эсе чоң. Бул бир жагынан өлкөдө менчиктештирүү 2007-жылы, же Казакстандан беш-алты жыл кеч башталып, бейөкмөттүк сектордун жай өнүгүүсү менен түшүндүрүлөт.

Экинчи жагынан, табигый кен байлыктары жана эмгек ресурстары мол өлкөгө тышкы капитал аз келген. Себеби 2003-жылы Өзбек өкмөтү улуттук акча эркин алмаштырылат деп Эл аралык валюта фонду алдында өзүнө милдеттеме алганы менен, өлкөдө сумду чет элдик акчага эркин алмаштыруу мүмкүн эмес. Бул өз кезегинде чет элдик компанияларга Өзбекстанда иштеп тапкан валютасын өлкөдөн алып кетүүгө мүмкүндүк бербейт. Жана москвалык эксперт Санобар Шерматова баамдагандай, кара базарды жана сумдун эки ача курсун пайда кылган:

Өзбекстан. Пахта теримдеги мектеп окуучулары. 3-октябрь 2009
- Өзбекстан постсоветтик мейкиндиктеги акчанын кара базары бар бирден бир өлкө. Өзбек сумунун эки же үч курсу бар. Бул албетте, экономиканы катуу муунтуп турат. Ошондой эле чиновниктердин, милиция кызматкерлеринин чоң тобунун байуусуна өбөлгө түзүүдө. Валютанын кара базары качан жоголот, белгисиз.


Өзбекстан улуттук банкы орноткон нарк боюнча, учурда 1614 өзбек суму 1 АКШ долларына барабар. Бирок Ташкендин кара базарында пулпуруштар(акча алмаштыруучулар) 1 долларды Борбордук банк орноткон баадан кеминде 30 процент кымбат сатышат.

Өзбекстандык жарандар өздөрү да менчик сектордун өнүгүүсү үчүн шарт жок дешет. Бу атын атабаган жаран: “Кытайда (коммунисттердин) диктатурасы өкүм сүрсө да, элге экономикалык эркиндик берилген. Макул, Кытайды коюп, коңшу Кыргызстанды эле айталычы. Кыргызстанда саясый-экономикалык жана инсан эркиндиги кеңири кулач жайууда”, -дейт.

Эркиндик демекчи, Фридом Хаус уюму Өзбекстанды дүйнөдөгү эң эркин эмес өлкөлөрдүн катарына кошуп жүрөт. Ал эми адам укугун коргоочу Хюман Райтс Уоч жана башка эл аралык уюмдар өлкөдө адам укугу орой бузулуп, сөз эркиндиги чектелгенине такай көңүл
Рамазан айында Өзбекстандын базарларында баа көтөрүлдү.
бурат.

Санобар Шерматованын айтышынча, бийликтин коомду ашыкча көзөмөлдөөсү Каримовдон соң өлкө кайсы багытка буруларын божомолдоп айтууга мүмкүндүк бербейт:

- Өкмөт менен президенттик бийлик коомду былк эттирбей кармоодо. Өлкөдө көзөмөл өтө күчтүү. Президент Каримовдон кийин эмне болорун прогноздоо өтө кыйын. Анткени азыр Өзбекстанда бийлик алмашарын көрсөткөн эч кандай жышаан жок. Ислам Каримов президенттик вазийпасын чарчабай-чаалыкпай аткарууда. Ал мурдакы жылдардагыдай эле өлкөдөгү кырдаалды колдон чыгарбай көзөмөлдөп турат.

Президент Каримов “Өзбекстан келечеги кең мамлекет” экенин өз букараларына тээ 1990-жылдардын башынан бери айтып келет. Бирок макроэкономикалык көрсөткүчтөргө эмес, күнүмдүк дараметине көзкаранды мына бу жаран Каримов бийликтен кетсе гана Өзбекстан өнүгөт деп ишенет. “Каримов Өзбекстан келечеги кең өлкө деп айтууда. Иншалла, Каримов да кетет. Ошондон кийин Өзбекстандын келечеги кенен болот”, - деди атын атабоону суранган бул киши.

XS
SM
MD
LG