Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:12

Тахира: Чыңгыз менен Болот агалардын элеси дилибизде


Прагадагы Ч.Айтматов менен Б.Миңжылкиевге арналган кечедеги сүрөт. 30-сентябр, 2010-ж. TCh.
Прагадагы Ч.Айтматов менен Б.Миңжылкиевге арналган кечедеги сүрөт. 30-сентябр, 2010-ж. TCh.

Сентябрдын этегинде Прагада Чыңгыз Айтматов менен Болот Миңжылкиевдин элесине арналган концерт-кечеге бардык. Анын негизги уюштуруучуларынын бири – опера ырчысы, профессор Тахира Менаждинова болду.

Праганын күзгү ажайып кечтеринин биринде, 30-сентябрда, Орусиянын Чехиядагы элчилигинин алдындагы маданият борборуна кишилер агылып келип жатышты. Арасында чехтер эле эмес, орусиялыктар да, ала-тоолуктар да, башка чет элдиктер да бар.

Ала-тоолуктардын ыраазы болчу жөнү бар. Кече – кыргыздын чыгаан жазуучусу Чыңгыз Айтматов (1928-2008) менен даңазалуу опера ырчысы, аргендей бас үнү менен ааламды тамшанткан Болот Миңжылкиевдин (1940-1997) элесине арналган концерт жана адабий окуу менен коштолду.

Кеченин уюштуруучуларынын бири Тахира Менаждинова айым – ушул тапта Прагада байырлаган опера ырчысы жана Прага эл аралык консерваториясынын профессору. Теги – орусиялык татар. Мындайча айтканда, далай кыргыз чыгаандарынын таежеси.

Тахира Менаждинова Прагадагы кечеде ырдап жаткан кези. 30.09.2010. TCh.

Тахира эже менен мындан мурда да Чехиядагы татарлардын сабантуй майрамы маалында жана башка маданий окуялар учурунда жолуккан элем. Анын көздөрүнөн Ала-Тоого сый-урматты сезгем.

Кечедеги бетачаар сөзүндө ал маркум Чыңгыз Айтматов менен анын өмүрүнүн соңку жылдары телефон аркылуу байланышып жүргөнүн, анын акыркы романын жарыкка чыга элегинде автордон электрондук кат аркылуу алып окугандыгын эскерди.

Ал эми Болот агай менен Тахира эже ондогон жылдар бою Кыргыз опера жана балет театрында чогуу эмгектенген, андан далай чыгармачыл таасир алган. Болотту ал кайталангыс үнү менен Батышты багынткан өтө таланттуу ырчы катары жогору баалады.

ХХ кылымда кыргызды өз өнөрү аркылуу Батыш менен Чыгышка тааныткан эки алп - Чыңгыз менен Болоттун арбагын сыйлап, орус жана чех опера ырчыларынын (анын ичинде Орусиянын эл артисти Юрий Горбунов менен чех опера ырчысы, өз шакирти Ванда Шипова, көркөм окуу чебери, доктор Лилия Жербер бар) башын кошуп эскерүү кечесин уюштурган Тахиранын бул саамалыгы ала-тоолуктарды ойлондурбай койбойт.

Ал ысырапчыл аш-той же шаан-шөкөт өткөрүп отурбады. Жылкы түгүл тоок да сойгон жок. Бирок тээ Борбордук Европанын бир татына шаарында ар түркүн улуттун өкүлдөрүнүн башын кошуп, музыка, опера арияларынан үзүндү аткаруу, көркөм окуу өнөрү аркылуу заманбап кыргыз улутунун интеллектуалдык көрөңгөсү кур эмес экенин Европа коомчулугуна эскертип койду.

Кечеде акын Шайлообектин Чыңгызга арналган кошогунун бир үзүндүсүн Жаңыл Жусубжан окуп, Болот тууралуу даректүү тасмадан үзүндү да тартууланды.

Мага ошол концертке эки алптын арбактары келип, адабий-музыка кечесине өздөрү да куштар болуп отургандай туюлуп кетти...
XS
SM
MD
LG