Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:16

Кытай-АКШ: экономика, андан соң адам укуктары


АКШ президенти Барак Обама менен Кытайдын мамлекет башчысы Ху Цзинтао. Вашингтон. 2011-жылдын 19-январы.
АКШ президенти Барак Обама менен Кытайдын мамлекет башчысы Ху Цзинтао. Вашингтон. 2011-жылдын 19-январы.

19-январда АКШнын президенти Барак Обама Кытайдын мамлекет башчысы Ху Цзинтао менен Ак үйдө сүйлөшүү жүргүздү.

Сүйлөшүүнүн негизги нугу эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыка жана адам укуктары маселелерине бурулду. Кытайдын жетекчиси анын өлкөсү "адам укуктары жаатында дагы көп иштерди жасашы керектигин" билдирди.

Кытай жетекчиси Ху Цзинтао Ак үйгө келгенде аскер кароолу тизилип, эки өлкө гимни жаңырып, 21 жолу салют атылып, анын сапары чоң шаани менен коштолду. Кытайдын жана Америка Кошмо Штаттарынын жетекчилери тосмонун артында турган жүздөгөн эл менен алыстан учурашып, андан соң өз ара сүйлөшүүгө бет алышты.

Барак Обама дээрлик 30 жылдай мелүүн тартып калган кытай-америка мамилеси эки чоң дөөлөттүн жалпы кызыкчылыктарын көздөп, Кытай менен АКШнын гүлдөп-өнүгүшү жана коопсуздугу үчүн мындан ары өөрчүй берерин айтты.

Президент Обама кытай бийлиги мындай жогорку даражалуу жолугушууда сөз кылууну анча жактырбаган адам укуктарына да токтолду:

- Тарых көрсөткөндөй, бардык улуттардын жана бардык адамдардын укуктары, анын ичинде ар бир адамдын жалпы укуктары кадырланган коомдун турмушу оңолуп, келечеги кең, жашоосу акыйкат болот.

Ху Цзинтао Кытай менен АКШ орток мамилени өнүктүрүү жолун бирдей сыйлашы зарылдыгын баса белгилеп, XXI кылымда эки өлкөнүн өз ара алакасы позитивдүү нукка түшүп, кызматташтык жана шериктик ар тараптуу баскычка жеткендигине токтолду:

- Биздин өнөктөш кызматташтыгыбыз өз ара кадырлашууга негизделиши керек. Биз көп кырдуу жана ар кыл түстүү дүйнөдө жашап жатабыз. Кимибиз болбосун, экинчи тараптын дагы негизги кызыкчылыктары менен өнүгүү жолун сыйлообуз зарыл. Биз өз ара түшүнүү менен бири-бирибизге ишенимди тереңдетип, ар кыл деңгээлде сүйлөшүү, байланыштар аркылуу жалпы кызыкчылыктардын аймагын кеңейтели.

Экономикада толук түшүнүүчүлүк

Эки лидердин сүйлөшүүсү расмий Вашингтон менен Бээжин ортосунда талаш-тартышты жараткан улуттук акчадан тартып, Кытайдын импортту чектөөсү, интеллектуалдык менчик укугу, коргонуу менен коопсуздук маселелерин камтыды.

Сүйлөшүүнүн соңунда эки лидер маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп беришти.

Барак Обама кытай жетекчиси менен сый тамак маалында жана андан кийинки жолугушууда “эң натыйжалуу” сүйлөшүү болгонун айтса, Ху Цзинтао эки өлкөнүн соода-экономикалык “жаркын келечегине” ишенерин билдирди.

Ху Цзинтаонун иш сапары маалында Кытай тарап АКШ менен 45 миллиард дооларлык соода-сатык келишимине кол койду.

Бул жолу эле Кытай АКШдан 200 “Боинг” учагын 19 миллиард долларга сатып алууга макулдашканы кабарланды. Мындай соода келишимдери АКШда 235 миң жумушчу орун түзүп, эмгек базарын 10% жеңилдетет.

Эки лидер кытай юаны боюнча дагы орток ымалага келе тургандыгын билдиришти.

“Кытай базар экономикасына бет алганын” белгилеген Обама эки ири дөөлөт дүйнөлүк экономиканын жанданышы үчүн дагы биргеликте салым кошот деп белгиледи.

Адам укуктарында суроо көп...

Адам укуктары - Вашингтон менен Бээжиндин өз ара алакасына келгенде эң курч маселе. Бир кабарчынын алгачкы эле суроосу Барак Обамага багытталып, ал адам укуктарын сыйлабаган өлкөнү АКШ кантип өнөктөш кылып жаткандыгына кызыкты.

Президент Обама эки өлкөнүн саясий системалары, маданияты эки түрдүү экенин айтып, бирок ага карабастан, Ху Цзинтао менен сүйлөшүүсү маалында адам укуктары кайда болбосун универсалдуу болуп саналаарын баса белгилегенин ачыктады.

Кытай лидери ушул эле маанидеги суроого алгач котормо түшүнүксүз болуп калгандыгына шылтап, жооптон кыйгап кетүүгө аракеттенди эле, экинчи журналисттин өжөрлүгү ага жол бербеди.

Ху Цзинтао анын өлкөсү адам укуктары жаатында дүйнө тааный тургандай илгери жылышка жеткендигин баса белгилеп:

- Кытай эң көп калкы менен өнүгүп, кылым жаңырткан реформаларды жүзөгө ашырып жаткан өлкө, - деп айтты жана ошону менен катар эле, “адам укуктары жаатында дагы көп нерселер жасалышы керектигин” кошумчалады.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG