Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:59

"Данисте": Баткенде төрөттөн өлгөн эне-баланын санынын өскөнү коомчулукту тынчсыздантат


Майрам - алыскы тоо койнундагы айтылуу Зардалы кыштагынын тургуну. 09.12.2010.
Майрам - алыскы тоо койнундагы айтылуу Зардалы кыштагынын тургуну. 09.12.2010.

Кыргызстан жалпы пост-советтик аймакта төрөттөн өлгөн аялдардын саны боюнча дагы эле алдыңкы сапта турат. Өлкөнүн ордо шаарынан эң алыста жайгашкан Баткен облусунда энелер менен жаш балдардын өлүмү 2010-жылы өзгөчө көп катталды.

Өткөн (2010-) жылы Баткенде 2009-жылга салыштырмалуу, төрөттөн өлгөн аялдардын саны эки эсе өстү. Аймакта аялдардын 90 пайыздан ашууну аз кандуулук менен жабыркайт.

Ага кошумча төрөтканалардагы шарттар начар, дарыгерлердин кесиптик чеберчилиги да төмөн. Мыкты адистер айлыктын аздыгынан башка иштерге которулуп кетишкен.


Өзбекстан жана Тажикстан менен чектеш бул аймакта бир топ айылдардын тургундары оорукана бери турсун, бир акушери да жок күн кечиришүүдө.

Ал айылдарда кош бойлуу аялдарды ата-бабалардын ыкмасы менен эле төрөтүп алышат.

Зардалы айылына Баткен районунун борборунан кооптуу делген жол менен жөө-жалаң жүрүп отуруп, анан унаа менен 4 саатта эптеп жетесиң.

Мен райондук борбордон эртең менен жөнөп, унаабызды Кызыл-Таш деген жерге таштап, андан ары жөө кеттик да, кечке маал Зардалы айылына кирип бардык.

Айылга жетүү үчүн төрт саат жөө жүрүү керек. Бийик асканын боорунан таштарды кесип салынган жалгыз аяк жолдун туурасы кээде - төрт карыш.

Бир тарабың аска зоо болсо, экинчи тарабында буркан шаркан түшүп, Көк дарыя агып жатат.

Зардалыга барчу татаал чыйыр.
Бул тоолуу дарыяга түшкөн кишинин соо чыгышы күмөн. Адам араң жүрчү бул жолдо сыркоологон киши эмес, соо кишини алып өтүүнү элестетүү кыйын.

Биз менен чогуу бараткан Касым Рахманов аялы тумоолоп, бир ай мурда Баткенге келген.

- Айылда бир аз сыркоолоп калган кишини дарылоо үчүн да мүмкүнчүлүк жок. Дарыкана, атайын медициналык кызматкер дегенди билбей калдык... - дейт ал.

Зардалыга жетип, Дамин Ажыкабылов деген аксакал менен сүйлөшүп калдым.

“Эмне үчүн бул жерден кетпей жүрөсүз?”, - деген суроомо таң калгандай карады.

Сырттан келген кишиге бул катаал сезилген жер адамдарды эмнеге кармап турганын билүү деле кызык болсо керек: айылдын аваз кылып жашай турган жаратылышы деле кооз эмес, шамал тынымсыз уруп согуп турат, тоолору бозоруп, мал-жанга деле ыңгайсыздай сезилет.

Дамин аксакал болсо киндик кан тамган жердин тузу оор экенин айтат:

- Бул жерде отун–суу бекер, анан ата бабалар ушул жерде төрөлүп өскөн экен, кете албай отурабыз да. Баткенге барсак, таза суу жок, абасы да жакпайт.

Зардалыга келип, мен конуп калган үйдүн кожойкеси Пайзи эже балдарын эч кандай доктурдун жардамысыз эле төрөп алганын айтат.

Ал гана эмес, айылдагы кээ бир аялдардын көз жарышына көмөктөшүп, бир канча балага киндик эне да болгону бар.

- Элде мурда ушинтип эле көз жарышкан, кемпирлерден угуп жүрүп эле үйрөнүп алгам, - дейт ал.

Пайзи эже ыктыярдуу киндик эне катары далай келиндерге жардам бериптир:

Пайзи эже (солдо) өзү да балдарын үйдө төрөгөн, азыр зардалылык аялдарга үйдө төрөгөнгө жардам берет.
- Айылдагы кээ бир келиндер толгоосу келип калганда мени чакырышат. Барып, төрөтүп жүрөм.

Бир жолу өзүмдүн сиңдимин толгоосу бир жумага созулуп кетиптир.

Мен барып төрөтүп алдым. Бирок жаны жок бала төрөлдү.

Анан илгеркилерден укканым боюнча жылуу сууга салып, киндигин саадым эле, бир сааттан кийин балага жан кирип кетти
.

Илгери кемпирлерден уккан элем “бала көгөрүп, жаны жок төрөлсө, тирүү болот, ал эми ак болуп, жаны жок төрөлсө, андан үмүт жок болот” дешчү. Албетте Жараткандан тилеп, арча салып дегендей анан төрөтөсүң да, - Пайзи эже саймедирлеп айткан баян мага жомокко тете угулду.

Ал өзү деле башка айылдык айымдардын баштан кечиргенин өз керт башы менен кечирген экен:

- Мен өзүм да балдарымды жайлоодо жүрүп эле төрөп алгам. Төрөгөндөн кийин белди бекемдеп, өзүбүздүн саламатчылыгыбызга кам көрөбүз. Оор жумуш жасабай, 40-50 күндөй этият болуп жүрөбүз.

Пайзи эженин жолдошу Абсамат мырза аялынын ден соолугунан кыйла эле түйшүк тартып келет экен.

- Айылда догдур болгондо, өз мезгилинде көрүнүп, ден соолугун бекемдесе жакшы болмок, - дейт Абсамат ага.

- Мага эми жети бала төрөп берди. Ошол балдардын апасы болуп берсе, мага жетиштүү. Бирок өз учурунда доктурга көрүнүп, ден соолугун бекемдеп алганда, жакшы болот эле. Азыр бир аз саламатчылыгынан кыйналып жүрөт, - деп ал жубайы жөнүндө айтып отурду. – Мен, чынын айтсам, өзүм үйдө от жагам, суу ташыйм, камыр жууруп берем, төшөктү да өзүм даярдайм. Аялым андай оор жумуштарга жарабай калган.

Абдысамат мырза айткандай, бул айылдын тургундарына, айрыкча аялдар үчүн, медициналык тейлөөнүн зарылдыгы канчалык олуттуу экени айдан ачык көрүнүп турат.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, буга чейин (совет доорунан кийин деле) Зардалыда атайын медициналык билими бар киши болгон экен.

Өтө жогорку деңгээлде тейлей албаса да, зарыл учурда дары-дармектерди берип, ийне сайганга жакшы эле болуп турган дешет.

Бирок, эмнегедир, “ай сайын баяндама (отчет) берүү үчүн Баткенге келбей жүрөсүң” деп аны жумуштан бошотуп, ордуна айылга буту басып барбаган бирөөнү Баткен шаарчасында эле Зардалыга деп жумушка алышкан экен.


Ошентип,
Баткен облусунда 2009-жылдын 9 айында төрөлгөн наристелердин 227 каза болсо, былтыр көз жумган наристелердин саны андан 44 көп болгон.
Зардалы айылы үчүн медициналык кызматкер катары жумушка алынган киши Баткенде туруп, баяндамасын жакшылап учурунда жазып, маянасын алып оокатын кылып жаткан сыяктанат.

Ал эми тоо башындагы айыл тургундары бир аз сыркоолоп калса эле үч күн жол жүрүп башка дарыгер издеп жөнөшөт.


Ошто медициналык билим алып, зарыл жумушу жоктор басып барбаган айылда иштеп жүргөн Гүлзат Асамидинова кызматтан алынышы тууралуу мага мындай деп айтты:

- Айылдын медиги болуп бир жылдай иштедим. Анан жетекчилер келип, отчетко барбай жатасың, арызыңды жазып бер дешти. “Эмне деп жазам?” десем, өздөрү арыз текстин жазып, аны көчүрттүрүп коюшту.

Мен декретке чыгышым керек болчу, бирок декретке чыгарбай эле бошотуп коюшту. Менин ордума башка бирөөнү кызматка алышкан. Ал киши бул жерде жашабайт
.

Ошондон бери бул айылдын тургундары "өз киндигин өзү кесип", ар ким алынча жашап жатат.

“Айылга “Азаттыктын” кабарчысы келиптир” дегенди уккан 2-3 аял топтолуп калган экен.

Алар менен баарлашып, бир топ кызыктарды уктум.

Айылдын келиндери биринен бири талашып, “райборборго төрөтканага барганда акчаң дурус болсо гана сени карайт, бир аз жүдөңкү болсоң, сага дарыгерлер анча назар сала бербейт” деп жатышты.

Өзүн Олоң деп тааныштырган эже:

- Эми "Зардалынын аялдары арызданыптыр” деп айтышат да. Болбосо, айта турган сөз көп эле. Төрөтканада берген сүйүнчү акчаңа жараша карайт. Колуңду карап турушат. Анан эсен-аман төрөп алганыңа сүйүнүп бересиң. “Мынча бер” деп айтышпайт, бирок аз берсең, жакшы карабай коюшат.

Ушул жерден Майрам да сөзгө аралашты:

- Төрөтканада үстүңдөгү кийимиңе да карайт. Мындай бир аз кымбатыраак кийинип барсаң, “акчасы көбүрөөк окшойт” деп жакшы карашат. Анан айылдан жүдөңкү баргандарды тилдеп, бакырып-чакырып жакшы кабыл алышпайт да.

Мен Зардалыда жолуктурган айылдыктардан “Силердин башкы эле көйгөйүңөр эмне?” деп сурап жаттым.

Жооптору бирдей – “Жок дегенде, өзүбүздө бир догдур болсо” дешет, башка жооп жок. Энелердин орчун көйгөйү ушул эмей эмне!

Облустун “борбордук Зардалысы”

Ушинтип зарыл жумушу жок кишинин буту басып келбеген алыскы Зардалыдагы абалды көргөндөн кийин, мен Баткен облусунун борборундагы жагдайды билүү үчүн жөнөп кеттим.

Баткен районунун борборуна машинеде 25 мүнөттө жете турган жакыныраак Боз-Адыр айылында да бир топ аял үй шартында эле төрөп алышканын уктум.

Бир чети Зардалы катаал шарты, жолдун алыстыгы менен түшүнүктүү дейин десең, борбордук ооруканалар дээрлик жанында турган Боз-Адырдын тургундарына үйдө төрөшүнө эмне себеп болду?

Муну билүү үчүн айылда бир топ жылдан бери аялдар дарыгери болуп иштеген Тажикан Эгемназаровага жолуктум.

Анын айтымында, Боз Адыр айылындагы төрөтканада жылуулук жок, кышкысын толгоосу келген аялдарды үйүнөн эле төрөтүп калышкан.

Мунун эч кандай деле коркунучу жок”, - деп эсептейт дарыгер.

Зардалынын аялдары шаардык төрөтканадагы абалды талкуулап отурушту.
- Дээрлик 40 жылдан бери ушул айылда акушерка болуп иштедим.

Ал мезгилде миңден ашуун аял төрөттүм. 5 миңден ашык бала көз жарды. Кудайга шүгүр, бир да аял нараазы болгон жок. Баары дени сак төрөп алышты.

Үй шартында төрөгөн аялдар жөнүндө айта туган болсом, шартка жараша ушундай болуп жатат
.

Төрөтканабызда жылыткыч жок болгондуктан (ток печке менен жылытышчу), кыш мезгилинде үйүнөн төрөтүп жүрдүм. Эгер аялдын дени сак болсо, үйүндө төрөткөндүн зыяны деле жок. Анан бир аз шектүү болуп, кан басымы оордунда болбосо же башка нерсе болсо, үйүнөн төрөтпөйм.

Үйдөгү микробдор аялга көнгөн болот. Зыяны жок. Анан толгоосу келген аялга жакшы сүйлөп, дем берип туруш керек
.

Келечекте эне боло турган бой жеткен кыздар үчүн өз ден соолугуна кам көрүү, канткенде дени-сак бала төрөлө турганы жөнүндө атайын сабактар, кошумча түшүндүрүү иштери болсо жакшы болмок, - дейт Тажикан эже.

Бирок кош бойлуу экенин билгенден тарта учурунда догдурга көрүнбөй, кийин төрөт учурунда өлгөндөрдүн саны былтыр (2010-жылы) көбүрөөк болду.

Алардын бири, 28 жаштагы Акбермет деген келин төрөтканга келгенде өзүн жакшы эле сезип келген. Бирок төрөттөн чыкпай калды.

Анын апасы Бүүниса Матисакова көз жашын көлдөтүп, кызынын кайтыш болуп кеткенине кимди күнөөлөштү да билбей турган чагы.

- Тагдыр экен деп эле отурам, бирок көп сөздү айта албайм, анткени дагы эле ошол төрөтканага барабыз. Зыяны тийип калабы деп чочулайм.

Баштап "догдурларга жакшылап карап төрөткүлөчү”, - десем, “баары жакшы, өзү төрөп алат” дешти. Анан эле кан басымы түшүп кетти да, жүрөгү токтоп калды” дешти. Кимге айтам арызымды. Баары бир майнап чыкпайт. Арыздана турган болсом, эртең эле дагы ошол төрөтканага барабыз, - дейт Бүүниса эже.

Баткен облусунда 5 төрөт үйү, 83 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу бар.

Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун 70-80 пайыздайынын арасында акушер-гинеколог дарыгери жок.

Баткен шаарындагы төрөтканада 2009-жылы 1800 жакын аял төрөгөн, 2010-жылы алардын саны 2200 энени түздү, жылдан-жылга төрөгөн энелердин саны арбып баратат.

Бирок, ошол эле учурда, облус боюнча 2009-жылдын 9 айында төрөлгөн наристелердин 227си каза болсо, былтыр (2010-жылы) көз жумган наристелердин саны андан 44кө көп болду.

Батке облустук ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн башчысы Махбуба Хусейнова аймакта аялдардын аз кандуулугу көп катталып жатканын айтат.

Анын айтымында, аялдардын төрөттөн көп жабыркап жатышына миграция да чоң таасирин тийгизүүдө.

Анткени боюнда бар келиндер төрөөргө жакындаганда гана Орусиядан келишет. Ага чейин догдурга көрүнүшпөйт, аба ырайы алмашат, анан келин кыйналып калат, дейт Махбуба Хусейнова:

- Бизде өз ден соолугуна кам көрүүнү алдыга коюшпайт келин-кыздар. Анан келип дарыгерди да, өздөрүн да кыйнашат.

Энелердин саламатчылыгына жалпы коомчулук кызыкдар болушу керек. Жаш келиндерге улуу муундагы энелер кеп кеңешин берип, дарыгерге көрүн, жакшы тамактан деп айтып турушу зарыл.

Баарын эле дарыгердин милдети деп ойлогонубуз туура эмес. Биздин ишибиз бир аз кооптуу болгондуктан маянабызда, башка дарыгерлерге салыштырмалуу кичинекей кошумчабыз бар.

Анан эми, Кудайга шүгүр, кубанган аталар сүйүнчүсүн беришет. Анан болочок энелер үчүн түшүндүрүү иштерин уюштурушса, мен жан дилим менен бармакмын.

Бой жетип калган кыздар үчүн бул багытта сабактарды да өтүш керек. Алар кантип эне болушту, кантип ден соолугуна кам көрүштү билиши керек.

Ал үчүн атайын кошумча сабактарды өтүш абзел. Биз даярбыз жардам бергенге
.

Баткен облусунун губернаторунун социалдык маселелер боюнча орун басары Бакир Имаровдун айтымында, КМШ өлкөлөрүндө Кыргызстан, ал эми өлкө ичинде Баткен облусу эне-баланын өлүмү боюнча алдыңкы саптарда турат.

- Баткен облусунда ушул багытта атайын анализ жасалган, - дейт Имаров. - Анын жыйынтыгына ылайык, аймакта энелердин ден соолугунун начардыгы, энелер витаминге бай тамактана албай жатышканы, төрөтканаларда шарттын начардыгы, анан дарыгерлердин кесиптик чеберчилигинин төмөндүгү – төрөттөгү өлүмгө башкы себептерден.

Аймактагы дарыгерлердин кесиптик чеберчилигин арттыруу максатында ЮНИСЕФ атайын окууларды өткөрдү. Ага тийиштүү дарыгерлер катышып, билимин жогорулатышты. Украинадан, Молдовадан келип окутушту.

Мындан сырткары, мүмкүнчүлүккө жараша төрөтканалардын шартын жакшыртуу багытында да иш аракеттер көрүлүп жатат
, - дейт Имаров мырза.

XS
SM
MD
LG