Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:40

Чакан өкмөт: Беш министрлик - беш жоопкерчилик


Сейитбек Усманов, Борбор Азиядагы Эркин базар институтунун изилдөө директору.
Сейитбек Усманов, Борбор Азиядагы Эркин базар институтунун изилдөө директору.

Эки ыңкылап максатына жетпеди. Эмне дегенде, бүгүн эмне өзгөрдү? Эч нерсе. Тетирисинче - эл бийликке ишенбейт, бийлик элге ишенбейт.

Кыргызстанда өкмөт өзүнчө, эл өзүнчө - эки түрдүү планетада жашайт. Мындай түзүлүшкө эл каршы эмес, тескерисинче, өкмөттөн алысыраак болсок эле дейт. Анткени өкмөттүк мекемелер менен кездешкен сайын толгон токой көйгөйлөр башталат.

Ушундай курч кырдаалга төмөнкү көрсөткүчтөр далил:

• Ички иштер министрлиги биздин коопсуздук үчүн жоопкер болсо да, элдин аларга болгон ишеними кылмышкерлер менен бир деңгээлде;

• Кээ бир адамдарга «Беларус» же Кытай тракторун таратып койгону болбосо, Айыл чарба министрлигинен дыйкандар бир да пайда көрбөйт;

• Билим берүү министрлиги болгону менен эл сапатсыз билим алат. Мисалы, мектеп окуучулары PISA тестинин натыйжасыда 2010-жылы 65 мамлекеттин ичинде 65-орунду алды;

• Коррупцияга (жемсөөлүккө) каршы комитет болгону менен биз дүйнөдө коррупциянын деңгээли боюнча 166-орундабыз.

Бул проблемалар Кыргыз өкмөтүнүн ишин талапка ылайык аткарбай жаткандыгынын көрсөткүчү. Өкмөт азыркы милдеттерин аткара албаганына карабастан жылдан жылга жаңы жоопкерчиликтерди мойнуна алууда. Алсак, 2009-жылы Мамлекетик мүлк министрлиги түзүлгөнү менен мамлекеттик мүлк мурдакыдан натыйжалуураак колдонулуп, коррупция азыраак болуп калдыбы? Жок. 2010- жылы Жаштардын иши боюнча министрлик түзүлгөнү менен жаштардын акыбалы жакшырдыбы? Жок. Министрликтердин жана агентстволордун саны көбөйгөнү менен элдин эң негизги проблемалары: жумушсуздук, коопсуздук, билим берүү, мыйзамдуулук, ден соолук маселелери чечилбей турат.

Жүздөгөн программалар жазылган, миңдеген мыйзамдар кабыл алынганы менен алардын көбү кагаз бетинде гана калып келет. Эмнеге? Мыйзам жазуу же комиссия түзүү бул элдин көңүлүн башкага буруу, негизи максат болсо элди алдоо. Саясатчылар сөзүндө бирди айтып, иште башкача кылып келет - бул бийликтердин жүзү.

Өкмөт 20 жылдан бери элдин негизги проблемаларын чечпеди. Эгер өкмөт элдин эң негизги жана маанилүү проблемаларын чечпей жатса, демек азыркы 20 министрлик жана 30 чакты агенство, комиссиялардан кандай пайда? 2010-жылы өкмөт 1.2 миллиард доллар сарптады (мамлекеттик бюджет), демек биз салыкты бекер эле төлөп жатабызбы? Ооба. Азыр каражат натыйжасыз колдонулуп жатса, анда эмнеге жылдан жылга өкмөт бюджетти көбөйткүсү келүүдө? Жоопкерчиликтүү өкмөт болмоюнча 10 миллиард долларлык бюджет деле биздин орчундуу проблемаларды чечпейт. Министрлер жоопкерчиликке тартылбаса, натыйжалуу иштегендин эмне кереги бар?

20 жылдан бери Кыргызстанда өкмөттөр кантип иштегенин, министрлер кандай кыйратышканын жана кандай үйдө жашагандарын көрүп келебиз. Ошол эле маалда жалпы жашоо деңгээлибиз дүйнө элдеринин эң артында; мугалимдер болсо дагы деле 2 000 сом айлык алат; жаштар болсо жумушсуз. Эгер өкмөттү жана министрлерди жоопкерчиликке тарта албасак, алар 20 жылдан кийин деле эч нерсе аткарбай, мойнубузга минип отура беришет.

Кантип жоопкерчиликтүү өкмөт түзүү керек?

Жоопкерчиликтүү өкмөт - бул чакан өкмөт. Анда анын иштери жөнөкөйлөтүлгөн жана түшүнүктүү, ачык болот. Проблеманын негизи - өкмөт мойнуна өтө көп милдеттерди алып алганы. Натыйжада иштери чала, же такыр эле аткарылбай калууда.

Мындан алыс болуш үчүн өкмөт өз жоопкерчиликтерин беш негизги багытка бөлүп жана алардын аткарылышын дүйнөлүк деңгээлде ченегендей болушу керек. Ошондо беш министрлик гана калат:

I. Коопсуздук - коопсуздугубузга жоопкер;
II. Мыйзамдуулук - мыйзамдар айкын аткарылышына жоопкер;
III. Экономикалык өнүгүү - жеке ишкердиктин өнүгүүсүнө жоопкер;
IV. Социалдык өнүгүү - билим берүүнү, саламаттыкты сактоону жана пенсияны реформалоого жооптуу;
V. Каржы - салык, бажы чогултуу, анан ошондон ачык бюджет түзүүгө жооптуу.

Беш министрлик - беш жоопкерчилик. Ар бир жоопкерчиликтин аткарылышы дүйнөлүк деңгээлде ченелет. Азыр болсо министрликтер өздөрүн өздөрү баалайт, анан жакшы иш аткардык деп өздөрүн өзү куттуктап, кубанышат.

Мындан алысташ үчүн, министрликтердин иши төмөнкүдөй бааланат.

Коопсуздук министрлиги

  • Ички коопсуздук - сурамжылоо аркылуу калк пикирин билип, анан бул көрсөткүчтү башка мамлекетер менен салыштырса болот. Мисалы Грузияда ички иштер министирлигине 82% эл ишенет.
    • Чек ара аскерлери тыш душмандардан, коопсуздуктан сактайт.

      Мыйзамдуулук министрлиги
    • Кыргызстанда мыйзамдуулуктун сакталышы жана коррупцияны жоготуу максаты менен иштейт.
    • Мыйзамдуулукту Дүйнөлүк Мыйзамдуулук Индекси боюнча ченейбиз - азыр Кыргызстан катышпайт.
    • Коррупциянын денгеелин Transparency Internationalдин негизинде ченөө керек - азыр 166-орундабыз.

      Экономиканы өнүктүрүү министрлиги
    • Кыргызстанда дүйнөдөгү эӊ жакшы экономика шарттарын түзүүгө жоопкердүү.
    • Муну эмки дүйнөлүк көрсөткүчтөр менен ченесе болот. Дүйнөлүк банктын Бизнес жүргүзүү изилдөөсү (Doing Business report) - азыр 44-орундабыз. Фрейзер институтун Дүйнөлүк Эркин экономика индекси (Economic Freedom of the World Report) - Азырр 62-орундабыз. Дүйнөлүк Экономика Форумунун Дүйнөлүк атаандаштык Индексин изилдөө (World Competitiveness Report)- Азыр 121-орундабыз.
    Социалдык өнүгүү министрлиги
  • Билим берүү:
  • Орто мектептердин деӊгеелин PISA тести аркылуу текшерсе болот - азыр 65 өлкөдөн 65-болуп келдик.Университеттерди дүйнөлүк университетердин сурамжылоосу менен ченесе болот. Кыргызстандан бир дагы университет дүйнөдөгү 500 мыкты университеттердин арасында жок.
  • Саламаттыкты сактоо:
  • Саламаттык системасынын сапаттуулугун Дүйнөлүк Ден соолук уюмунун сурамжылоосу аркылуу арттыруу. Кыргызстан бул сурамжылоого азырынча кирген жок.
  • Пенсиялык система:
  • Дүйнөдөгү алдыңкы пенсия системасын биздикине салыштырып аудит кылуу керек.


Каржы министрлиги

  • Салык жана бажы чогултуу, анан ачык бюджет түзүү.
  • Бюджеттин ачыктыгын Open Budget Index боюнча караса болот. Азыр биз акыркы орундарда турабыз.

Ар бир министрдин алдында даана, объективдүү бир жылдык максат коюлат. Ошол максатта министр мыйзамдын чегинде жетишүүгө толук эркиндик түзүлүшү шарт. Экономика министрлигине кандай максаттарды койсо болот:

• Дүйнөлүк банктын Бизнес жүргүзүү боюнча көрсөткүчүндө (Doing Business report) Кыргызстанды 44-орундан 20-орунга жеткизүү;
• Фрейзер институтун Дүйнөлүк эркин экономика индекси (Economic Freedom of the World Report) боюнча 62-орундан 31-орунга жеткизүү;
• Дүйнөлүк экономикалык форумдун Дүйнөлүк атаандаштык боюнча көрсөткүчүндө (Global Competitiveness Report)- 121-орундан 60-орунга жеткизүү.

Жаңы Зеландия инфляцияны кантип жоготту?

Жаңы Зеландия узак жылдар бою инфляциянын бийик деңгээлинен кыйналып жүрдү. Муну токтотуш үчүн 1989-жылы улуттук парламент улуттук банктын иши жөнүндө жаңы мыйзам кабыл алды. Ага ылайык, Жаңы Зеландиянын Улуттук банкынын төрагасы инфляцияны 3% аз деңгээлде кармашы шарт эле. Ага жетиш үчүн бардык монетардык методдорду колдонсо болот. Ошондон бери Жаңы Зеландияда инфляция 2% деңгээлде келатат. Банктын төрагасы мындай ийгиликтери үчүн борбордук банкты 14 жыл башкарды.

Кыргызстанда жоопкерчиликтүү өкмөт качан болот?

Бүгүнкү күндө өкмөттө элдин мүдөөсүнө ылайык иштегенге кандай кызыкчылыгы бар? Кызыкчылыгы жок жана болбойт дагы. Кез-кезде өкмөттүн кызыкчылыгы элдин кызыкчылыгы менен шайкеш келип калган гана учурлар бар. Жалпысынын эл менен өкмөт эки башка багытта же тетири иштешет, ошондуктан эл менен өкмөт эки түрдүү планетада жашайт деп макаламдын башында айттым эле.

Өкмөттүн ишин объективдүү жана эл аралык деңгээлге жараша баалаганга мүмкүн болгондо өкмөт эл алдында жоопкердүү болот. Эгер эл аралык көрсөткүчтөрдү колдонууга өтсөк, анда өкмөттүн ишине туура баа берсек болот жана аны жоопкерчиликке тарта алабыз. Жоопкерчилик болбосо, Кыргызстанда эч нерсе өнүкпөйт жана болбойт.

Сейитбек Усманов, Борбор Азиядагы Эркин базар институтунун изилдөө директору.

XS
SM
MD
LG