Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:57

Коалиция кыл учунда


Өкмөттү кураган парламенттик коалиция ыдыроо алдында турганын аны түзүүчүлөрдүн бири, “Ата Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев билдирди. “Ата Мекендин” жетекчиси коалиция жакынкы күндөрдө ыдырарын айтууда.

Москвадан келген күтүүсүз колдоо

Парламентте жана саясий майданда жүрүп жаткан күрөшкө караганда, коалицияны уратуунун туусун “Ата Мекен” фракциясы көтөрүп алды.
Бул фракция “Республиканын” лидерин коррупцияга байланыштуу айыптап, биринчи вице-премьер-министрлик кызматтан кетүүгө чакырганы маалым.

“Ата Мекен” партиясына колдоо күтүүсүз жактан келди. 9-мартта Кыргызстанга келген Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаттары
Семен Багдасаров менен Алексей Островский Өмүрбек Бабановду “Мегаком” боюнча кескин айыптап, мындай аракеттер кыргыз-орус мамилесине доо келтирерин эскертти. Бул Бабановго “Ата Мекен” тарабынан жасалып жаткан чабуулду күчөтүп жиберди.

Өмүрбек Бабанов
Азыр кыргыз коомчулугунда Багдасаров менен Островский Кремлдин тапшырмасы менен келдиби же айрым кызыкдар орус ишкерлеринин ишаарасы менен келдиби деген суроо турат.

Орус депутаттарынын экөө тең Мамлекеттик Думадагы азчылыкты түзгөн фракциялардан. Маселен, Семен Багдасаров Сергей Мироновдун “Адилет Орусия” (Справедливая Россия") фракциясынын мүчөсү. Ал эми Алексей Островский болсо Владимир Жириновскийдин ЛДПР фракциясынан. Ошондуктан алардын аракетине Орусиянын саясатын аныктоочу “Единая Россия”, өкмөт башчы Владимир Путин кандай көз карашта экени белгисиз.

Сергей Мироновдун партиясы менен “Ата Мекен” партиясы өнөктөш. Экөө тең социалисттик багыттагы партиялар. Ошондуктан “Ата Мекендин” чабуулун Орусиядагы өнөктөшү колдоду деп теория жүзүндө айтууга болот. Бирок ал реалдуу эместей. Анткени орус депутаттары Жогорку Кеңештин жетекчилигин көбүрөөк мактап-жактап кетишти. Бирок орус депутаттарынын сөздөрү коалицияга урулган сокку болуп калды.

"Ата Журттагы" эки ачакейлик

Коалициянын кыйроосу реалдуу экенин “Ата Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев да эскертти. Бул коалициянын тароо мүмкүнчүлүгү жөнүндө жүрүп жаткан имиштерди тастыктады. Ташиевдин айтымында, Бабановго коюулуп жаткан айыптоолор тастыкталса, алар токтоосуз коалициядан чыгышат.

Бирок “Ата Журттун” дагы бир лидери, Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков, тескерисинче, коалицияны таратууну көздөгөндөргө алданып калбоого чакырууда:

- Депутаттар, ошого “барымтачы” болуп калбасаңыздар. Мамлекеттин тынчтыгын, келечегин ойлосок. Себеби кээ бир саясатчылар, ушул коалицияны бузууну көздөгөн башка фракциядагылар шашылыш түрдө билдирүү берип жатышат, "биздин эч кандай тиешебиз жок, бузукулар башка жакта", деп жатышат. Ошондуктан этият болсоңуздар.


Коалицияны бузуу аракетин айыптаган билдирүүнү “Ата Журттун” дагы бир мүчөсү Жылдыз Жолдошева да жасады:

- Азыр Бабановго каршы жасалып жактан кадамдар - коалицияга каршы жасалып жаткан кадамдар. Бул - Акматбек Келдибеков, сизге каршы жасалган кадам. Алмазбек Шаршеновичке, бир сөз менен айтканда коалицияга каршы жасалган кадамдар.

Жолдошева башкаруучу коалицияны кеңири жыйын өткөрүп, маселелерди талкуулап алууну сунуштады.

Ишеним баасы

Мунун өзү коалицияны бузууга демилгечи болот деп жаткан “Ата Журттун” ичинде бирдиктүү пикир жоктугун айгинелеп турат. Бирдиктүү пикир депутаттык эки комиссиянын ишинен кийин келиши мүмкүн экени айтылууда.

Ал комиссиянын бири Бабановдун “Мегаком” боюнча аракетин текшерүүгө киришсе, экинчиси ошол эле Бабановдун Транзиттик борборго ортомчулук кылган ишканага тиешеси бардыгын иликтөөдө.

Транзиттик борбор боюнча ишти иликтеп жаткан депутаттык комиссиянын мүчөсү Туратбек Мадылбеков март айынын соңуна карай комиссия өз жыйынтыгын бериш керектигин билдирди:

- Эми бизге бергенине бир апта болду. Дагы 15 күндүн ичинде бүтүп калат го дейм. Май куйуучу компанияны текшерип чыгууга бир ай берилген.

Эгерде комиссиянын жыйынтыгында Өмүрбек Бабанов айыптуу деп табылса, анда коалициянын кыйроосуна түздөн-түз жол ачылышы толук мүмкүн.

Азырынча Бабанов ишеним көрсөтпөөгө негиз жок экенин өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев да айтып чыкты.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG