Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:49

Ливия өкмөтү өлкөдө ок атуулар токтотулганын жарыялады


Ливия -- Бенгази шаарында миңдеген кишилер байрак ала чуркап, ураалашкан үн менен БУУ чечимин колдоого алышты, 18-март.
Ливия -- Бенгази шаарында миңдеген кишилер байрак ала чуркап, ураалашкан үн менен БУУ чечимин колдоого алышты, 18-март.

Андан мурдараак БУУнун Коопсуздук Кеңеши Ливиянын аба мейкиндигин “ учууга мүмкүн эмес аймак” деп жарыялаган эле.

БУУнун Коопсуздук Кеңеши 17-мартта кабыл алган резолюция ливиялык жарандарды Муаммар Каддафиге ишенимдүү күчтөрдөн коргоо үчүн эл аралык коомчулукка “бардык зарыл чараларды колдонууга” уруксат берген.

18-мартта Ливиянын тышкы иштер министри Муса Куса Ливия Улуттар Уюмунун мүчөсү катары Коопсуздук Кеңешинин резолюциясына баш ийерин билдирди:

- Ошентип, Ливия ок атуулар токтоосуз токтотулсун жана аскерий операциялар токтосун деп чечти.

Ливия мындай кадамды Батыш өлкөлөрү жана НАТО кезексиз жыйынга чогулуп, Ливиянын аба мейкиндиги боюнча БУУ кабыл алган чечимди аткаруунун жолун талкуулап жатканда жасады.

Бешинчи күнгө караган түнү БУУ олтуруму кабылдаган №1973 чечим Ливия аскерий аба күчтөрүн ал өлкө асманына көтөрүлүүсүнө тыюу салган. Анда согуштук аракеттер дароо токтотулсун деп айтылат. Бул талап бир гана Каддафи режимине эмес оппозиция күчтөрүнө да багышталган. Чечим карапайым жарандарды Каддафилик аскерлерден коргоого багытталган.

Каддафи режимине көрүлчү дагы бир чара - Ливиянын Борбордук банк жана улуттук карамай компания эсеп чотун тоңдуруу каралган. Оппозиция башкы тиреги - Бенгази шаарында миңдеген кишилер көчөгө жабылып чыгып, байрак ала чуркап ураалашкан үн менен БУУ чечимин колдоого алышкан. Ал эми Каддафи уулу Сейф аль-Ислам өз кезегинде Ливия бийлигин БУУ чечими коркута албайт, ливиялык учактар жарандар турган жерлерди бомбалаган эмес деген эле.

Кырк жыл түшпөс кан болуп бийликте турган Муаммар Каддафи феврал айынын ортосунан тартып анын режимин кулатабыз деген элине каршы учактар жана танк менен чабуул жасап келди. Оппозиция турган жерлерди артиллериядан аткылады.

БУУдагы Орусия туруктуу өкүлү Виталий Чуркин айтышынча:

- Чечим кабыл алууда кайсы бир Кеңешке мүчөлөрдүн күч колдонууга берилүүсү артыкчылык кылды. Бул өкүнүүнү жаратат.

Бул кадам кыйла жолу Каддафи режимине эскертүү берилип, бирок натыйжа чыкпаганда болуп атканын БУУдагы АКШ туруктуу өкүлү Сюзан Райс айтты:

- Коопсуздук Кеңешине мүчө өлкөлөр көпчүлүгү канчалаган сааттар бул чечимди кабыл алардан мурда талкуулар жана эсептер жүргүзүлдү. Кеңештин мүчөлөрү акыры бизди угуп, тийешелүү чечим кабыл алышты.

Орусиялык саясатчылар бири Анатолий Адамишин пикиринде, аскерий күч гана Каддафини токтото алат:

- Эл аралык укук болбосо да, бери дегенде, тажрыйба бар. Эгерде кайсы бир мамлекетте чындыгында массалуу түрдө адам укугу тебеленип атса анда гуманитардык себеп менен ал өлкөгө басып кирүүгө болот.

18-мартка караган түнү болсо Ливияда ок атышуу уланган. Ал өлкө аба куралдык күчү Бенгази шаарына бир нече бомба таштаган. Ал жерде жайгашкан оппозиция күчү абадан болчу чабууладан коргонуу системасын колдонуп учактарды аткылашкан.

Ал эми ушул макала даярдалып атканда «Ал-Арабия» сыналгы билдиргенге караганда, Мисрата шаарын артиллерия менен аткылоодон төрт киши мерт болуп бери дегенде 70 киши жарадар болушкан. Мурунку күнү ал шаарды Каддафи режими каратып алганы айтылган эле.

Соңку маалыматтарга караганда, Ливиянын батышындагы Мисрата шаарында аскерлер менен Кадафинин 40 жылдык бийлигине каршы чыккан көтөрүлүшчүлөр салгылашууда. Бул арада ошентип Ливия өкмөтү өлкөдө ок атуулар токтотулганын жарыялады.

XS
SM
MD
LG