Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:13

Ливия өкмөтү ок атууну токтотуу боюнча жарыясын кандай аткарып жатканы бүдөмүк


Ливиянын тышкы иштер министри Муса Куса Триполидеги пресс-конференцияда. 18-март 2011
Ливиянын тышкы иштер министри Муса Куса Триполидеги пресс-конференцияда. 18-март 2011

Ырасмий Триполи анти-өкмөттүк козголоңчуларга каршы согушта ок атуулар токтотуларын жума күнү жарыя кылды.

Мындай кадам Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши Ливиядагы кан төгүүлөрдү токтотуу үчүн эл аралык коомчулукка “бардык зарыл болгон чараларды” колдонууга уруксат берген резолюция кабыл алгандан кийин жасалды. Аталган резолюцияга ылайык, түрдүү аскерий операцияларды жүргүзүп, бирок жөө аскерлерди колдонууга болбойт.
Ливиялык козголоңчу аял(солдо) БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун Ливия өкмөтүнө куралсыз элге чабуул жасалса, жоопко тартыларын эскерткенден кийин кубанганынан асманга автоматтан ок атууда. Бенгази шаары. 18-март 2011


БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун болсо куралсыз элдин каны төгүлсө, Ливиянын жетекчилери сот алдында жооп берип каларын эскертти.
Ливия жетекчилиги Улуттар Уюмунун резолюциясын аткаруу максатында ок атууларды жана бардык согуштук операцияларды токтотконун өлкөнүн тышкы иштер министри 18-мартта маалымдады.
Ливиянын тышкы иштер министри Муса Куса Триполиде сүйлөп, БУУнун Ливияга каршы күч колдонууга уруксат бергенин түшүнүксүз жана талаштуу экенин айтты:

- Коопсуздук Кеңешинин резолюциясы Ливияда аскер күчтөрүн колдонууга жол койгону өтө таң калычтуу жана негизсиз. Чынында эле андай болуп кетиши мүмкүн экенин көрсөткөн жышаандар болууда.

Жума күнү кечинде ливиялык эрегишчилер Каддафинин өкмөтүнүн согуштук аракеттер менен ок атуулар токтотулду деген жарыясын "жалган" жана "көз боёмочулук" деп билдирди.

Британия аба күчтөрүнүн "Tornado" согуштук учактары Шотланиядынын түндүгүндөгү аэродромдо. 18-март 2011
АКШ Мамкатчысы Хиллари Клинтон да жума күнү билдиргенге караганда, Триполинин жарыясын кандайча аткарып жатканы бүдөмүк калууда.
Клинтон айым ошондой эле БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюциясынын жыйынтыгында Каддафи бийликтен кетүүгө тийиш экенин кошумчалады:

- Менимче, Коопсуздук Кеңешиндеги басымдуу көпчүлүктүн добушу эки маселе боюнча өз ара кеңири түшүнүүчүлүк бар экенин чагылдырат: урушту токтотуу жана ар кандай сүйлөшүнүн жыйынтыгында полковник Каддафи кетүүгө тийиш деген чеим чыгарылыш керек деп ишенебиз. Бул кадам чогуу жасалыш керек.

Жума күнү НАТО Брюсселде БУУнун резолюциясын кантип аткаруу жолдорун талкуулай баштады. Ливиянын соңку кадамы НАТОнун болочок планына кандай таасир этери азырынча белгисиз. Анткен менен, Улуттар Уюмунун Ливиянын аба мейкиндигин “учууга тыйуу салынган зона” деп тааныган чечими НАТОго Каддафинин согуштук тикучарлары менен учактары абага көтөрүлсө эле, аларды атып түшүрүүгө мүмкүндүк берет.
Италиянын түштүгүндөгү Сициялия аралындагы авиабазада май куюп жаткан АКШнын согуштук учагы. 18-март 2011
Мына ушул негизде Франция жума күнү эртелеп, Ливияга каршы согуштук аракеттер “бир нече сааттын ичинде” башталат деп шашылыш жарыялап жиберген. “Сокку тез арада урулат. Эмне бутага алынарын жана анын формасы жөнүндө суроо жок жана анын кандай болорун, бүгүн эртең менен айтылгандай, сиздер түшүнөсүздөр. Ливиядагы согушту жана Каддафинин өз элинин канын төккөнүн токтотуу үчүн өткөн түнү болгон окуя абдан маанилүү”,- деп билдирген Француз өкмөтүнүн өкүлү Франсуа Баруа БУУнун Коопсуздук Кеңешинин соңку резолюцияна ишаара кылып.

Франция Ливия козголоңчуларынын убактылуу өкмөтүн тааныган жалгыз мамлекет.

Жума күнү премьер-министр Дэвид Кэмерон да анын өлкөсү “Торнадо” жана “Тайфун” согуштук учактарын Ливияга чукул жерлердеги базаларга жайгаштыранын Британ парламентинде билдирди. Италия өзүнүн аскерий базаларын Каддафинин күчтөрүнө каршы согушта пайдаланууга бергенге даяр турат. Катар, Норвегия, Польша да эл аралык коомчулуктун аракетине салым кошконго даяр экенин билдирген. Араб Лигасы да Улуттар Уюмунун резолюциясын колдогон.

XS
SM
MD
LG