Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:29

Кыргызстандын демографиялык келечеги


22-мартта Бишкекте өткөн экономика менен демографиянын байланышын талкуулаган жыйында Кыргызстандын 2050-жылга чейинки демографиялык абалы тууралуу сөз болду.

Тегерек үстөлдөгү бул талкуу дээрлик экономикалык абал менен демографиялык өнүгүүнүн алака катышына арналды.

Бириккен Улуттар уюмунун Калкты жайгаштыруу фондунун техникалык көмөгү менен Кыргызстан калктын 2050-жылга чейин демографиялык өнүгүүсүн божомолдогон иш-чара иштелүүдө. Ага жараша курамына кыргызстандык жана орусиялык эксперттер кирген жумушчу топ 2050-жылга чейин Кыргызстандын калкынын саны, жыныстык жана жаш курамы, жумушка жарамдуулардын саны жана кандай өзгөрүүлөргө тушугуусу ыктымал сыяктуу өңүттөрдү талдоого алууда.

Жумушчу топтун мүчөсү, Москвадагы Экономиканын жогорку мектеби университетинин демография кафедрасынын башчысы Михаил Денисенко негизинен келечекте Кыргызстанда калктын саны өсөт дейт:
Баарын эле мигрант кыла бербей, өзүбүз да экономикабызды ойлонушубуз керек.


- Калктын саны айрым төмөндөө ыргактардын коштоосунда негизинен жогору карай өсүп турмакчы. 2020-жылга чейин 0,5%-0,8 пайызга, 2020-2030-жылдардын аралыгында 0,5%-0,8 пайызга чейин өсүүсү күтүлөт. Ал эми мигранттарга келсек, 2030-жылы Кыргызстандан чыгып кеткен мигранттардын саны жок эле дегенде бир миллиондон ашышы мүмкүн. Ал эми Кыргызстандын жалпы калкынын саны 2030-жылы орто эсеп менен алганда алты миллион үч жүз жетимиш үч миң чейин өсөт.

Эксперттик топтун изилдөөлөрүндө 2030-жылы кыргыз улутундагылар Кыргызстанда жалпы калктын 75 пайызын түзөрү айтылган. Орус жана башка улуттардын саны кыскарат деп, аны орус улутунун карып бараткандыгы менен түшүндүрүлгөн.

2030-жылы пенсия курагындагылар орус улутундагылардын үчтөн бирин түзөт экен. Ошол эле учурда кыргыздар менен өзбек тектүүлөрдө пенсия жашындагылар жалпы улуттун он пайызын түзөрү көрсөтүлгөн. Жумушчу топтун изилдөөсүндө жалпы калктын 20 пайызы пенсия жашындагылар түзгөн айрым өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстандын калкы жаш экен. Ага жараша калктын жумушка жарамдуу курамы да өсөрү, жарым миллионго жетери да ыктымал.

Негизги көңүл - адам факторуна

Эмгек, калкты жумуш менен камсыз кылуу жана миграция министри Алмазбек Абытов бул сыяктуу изилдөөлөр мамлекет үчүн абдан зарыл экендигин белгиледи:

- Демографияны экономика жана миграция менен бириктирген аябай жакшы. Булар түз жана реалдуу боло турган нерсени айтып жатышат. Эң эле жакшы нерсеси - демографиялык абал оң жагына таасир этет экен. 2030-жылга чейин экономиканы көтөрүп, аракеттерди кылбасак бир миллион адам мигрант болуп кетерин айтышууда. Баарын эле мигрант кыла бербей, өзүбүз да экономикабызды ойлонушубуз керек.

Демография боюнча адис Болот Сарыгулов мамлекет негизги көңүлдү адам факторуна буруш керек деп эсептейт. "Буга чейин демография багытында эч бир иш жүргүзүлбөй келген, бул - мамлекеттин эң чоң кемчилиги", - деди Сарыгулов.

- Көйгөйдүн баары адам факторунда. Кандай гана стратегияларды, саясатты, моделди түзбөйлү, баары бир эч нерсе чыкпайт.

Эксперттик топ тегерек үстөлдө кыргыз бийликтеринен улуттук стратегияны, социалдык-экономикалык программаларды иштеп чыгууда айтылган сунуштарды эске алууга чакырды.

XS
SM
MD
LG