Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:34

"Араб жазы" - АКШ дипломатиясынын жаңы барагы


Президент Барак Обама. АКШнын Мамдепартаменти, Вашингтон, 19.5.2011. AP.
Президент Барак Обама. АКШнын Мамдепартаменти, Вашингтон, 19.5.2011. AP.

19-майда Мамлекеттик департаментте сүйлөгөн сөзүндө президент Барак Обама араб чөлкөмүндөгү элдик толкундоолор боюнча АКШнын көз карашын билдирди.

«"Араб жазы" америкалык дипломатиянын жаңы барагын ачты» деп айтты президент Обама.

Карапайым элдин кайрат-жигери менен бийлик алмашкан Египет менен Туниске АКШ экономикалык колдоо көрсөтө тургандыгы дагы айтылды.

Президент Обаманын Мамлекеттик департаментте сүйлөнчү сөзү расмий Вашингтондун Жакынкы Чыгыштагы «араб жазына» карата саясий программасы катары алдын-ала кабарланган эле.

Тунис менен Египеттеги диктаторлук бийликтин кулашына, ага удаа тутанган Ливия, Сирия, Йемен, Бахрейиндеги массалык толкундоолорго токтолгон Барак Обама АКШ менен Араб чөлкөмүн экономика, коопсуздук, тарыхый жана адамдардын тагдыры жакындатып тураарына токтолду.

“Алты ай ичинде биз Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африкада болуп көрбөгөндөй окуяларга күбө болдук. Аянттан аянтка, шаардан шаарга, өлкөдөн өлкөгө өтүп, элдер өздөрүнүн өзөккү укуктарын талап кылып көтөрүлүп жатышты», - деген Барак Обама бул чөлкөмдөгү эки президент бийликтен кеткенин, аларды дагы жолдоочулар бардыгын айтты.

Обама сөзүндө Тунистеги ыңкылаптын кыймылдаткычы болгон окуяны мисалга тартты. Тунисте көчөдө жашылча-жемиш саткан киши коррупциялашкан бийликке каршылык иретинде өзүн-өзүн өрттөп салганын дүйнөлүк медиа көрсөткөн эле.

«Бизге тарыхый мүмкүнчүлүк берилди. Америка көчөдөгү карапайым сатуучунун ар намысын каардуу диктатордун күчүнөн жогору баалай турганын көрсөтүүгө өбөлгө түзүлдү», - деп белгиледи Американын лидери.

Ошондой эле Вашингтондун мурунку бийлигинин Араб чөлкөмүндөгү жагдайга карата бир беткей шартты карманып турганы тескерисинче өлчөмсүз кыжырданууну пайда кылгандыгын дагы айтып кетти.

«Араб жазынын» байчечекейи болгон Тунис менен Египетке АКШ көлөмдүү экономикалык көмөк убада кылып, Каирдин 1 миллиард доллар карызын кече тургандыгын ачыктады.

Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африкадагы өзгөрүүлөрдү экономикалык жактан колдоо максатында Ак үй Соода жана Инвестиция боюнча өнөктөштүк демилегисин түзө тургандыгы айтылып, ага Европа биримдиги баш болгон башка өлкөлөргө салым кошууга чакырык ташталды.

Ыңкылап аралаган Аравия чөлкөмүндөгү өлкөлөрдүн ар бирине токтолгон Б.Обама Сириянын президенти Башар ал-Асадга кайрылды:

"Сириялыктар демократияга өтүү талабын коюуда кайратмандыгын көрсөтүүдө. Президент Асадда эки жол бар - өткөөл мезгилди баштоо же жараянга бөгөт болбой кетүү».

Ошол эле учурда Сирия АКШнын өнөктөшү экендигин президент Обама баса белгилей өттү.

Америкалыктар Ливияда полковник Каддафинин режимин талкалоо үчүн НАТО күчтөрүн колдоп жатса, ошол эле учурда Сириядагы өкмөттүк күчтөрдүн карапайым калкка салган кыргынына айбыгып катуу айтпаганы буга чейин сынга кабылып келген.

Вашингтон Бахрейндеги репрессиялар менен массалык толкундоолорду күч менен басууну көрүп туруп үн салбай койгон. Адистер буга ал жердеги америкалык аскер-деңиз базасынын тагдыры, бул өлкөнүн оппозициясы ирандык шийиттерге таянганы Вашингтонду көз жуумп коюуга мажбурлады деп баалашкан.

«Бахрейн бизге илгертен бери өнөктөш. Биз анын коопсуздугун жактайбыз», - деген Обама Иран бул өлкөдөгү баш-аламандыктан пайдаланып кетүүгө ашыкканын эске сала кетти.

Бир саатка созулган сөз соңунда Барак Обама араб дүйнөсүндө талылуу палестин-израил жаңжалына токтолду. Ал Палестин менен Израилди 1967-жылдагы эки өлкөнүн чек арасын таанууга биринчи жолу эл алдында ачык чакырды.

Президент Обама "ал-Кайида" лидери Усама бин Ладендин жок кылынышын мусулман дүйнөсү менен америкалыктардын алакасындагы жаңы баскычтын башаты катары баалап:

«(Усама) бин Ладен азапкөй эмес, тескерисинче кан жуткуч.
Аны көпчүлүк араптар көзү тирүүсүндө эле адам санынан чыгарып салган»
, - деп айтты.

«Араб жазы» америкалык дипломатиянын жаңы барагын ачканын баса белгилеген президент Обама: "Биздин айтайын дегенибиз эң жөнөкөй. Эгер силер реформа жасоо тобокелдигин көтөрсөңөр, Кошмо Штаттардын толук колдоосуна ээ болосуңар», - деген көз карашты жар салды.

Барак Обама Жакынкы Чыгыш ыңкылабы тууралуу. 19.5.11.
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:43 0:00
Түз линк



Тасма. Барак Обама Жакынкы Чыгыш ыңкылабы тууралуу. 19.5.2011.

АКШ президенти Б.Обама: “Алты ай ичинде биз Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африкада болуп көрбөгөндөй окуяларга күбө болдук. Аянттан аянтка, шаардан шаарга, өлкөдөн өлкөгө өтүп, элдер өздөрүнүн өзөккү укуктарын талап кылып көтөрүлүп жатышты. Эки мамлекет башчы кызматтан кетти. Дагы башка окуялар болушу ыктымал. Биз билебиз, бул өлкөлөр биздин жээгибизден алда канча алыс экенине карабастан, болочогубуз экономика жана коопсуздук, тарых жана диний ишеним жаатында бул чөлкөмгө тыгыз байланыштуу”.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG