Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:45

Жоокер Чубакка басым болуп жатабы?


Чубак Бакыт уулу
Чубак Бакыт уулу

Чубак Бакыт уулу 18 жашта. Ал аскерге түшөрү менен эле токмокко кабылганын, сокур ичегиси жарылганын айтууда. Анын командирлери Чубак аскерден качуу максатында калп айтып жатканын ырасташат.

23-майда токмоктолгонун айтып, сокур ичегиси операция болгон жоокер Чубак Бакыт уулу ооруканада дарыланууда. Бишкектин 74/12-аскер бөлүгүнө келип түшкөндөн сегиз күн өтпөй токмоктолгонун айткан Чубактын командирлери айтылгандар чындыкка жатпасын билдиришүүдө. Учурда Аскер прокуратурасы ишти териштире баштады.

26-майда “Азаттыкка” токмоктолуп ооруканага түшкөн аскердин тагдырын айтып, Бишкектеги Фучик көчөсүндө жайгашкан хирургиялык ооруканадан телефон чалуу болгон.

“Азаттыктын” кабарчылары ооруканага барганыбызда, бүкүрөйүп араң эле баскан катардагы жоокер Чубак Бакыт уулу суроолорго жооп берип, аны аскерде токмоктошконун, ичке катуу тепкенден кийин ушинтип сокур ичегиси түйүлүп калганын айтып берди.

Чубак Бакыт уулу быйыл 18 жашка толуп отурат. Энеси кичинесинде эле каза болгонун, атасы жумуш издеп Казакстан тарапка кетип жок экенин айтат. Өзү чоң энесинин колунда өскөн.

Ал 17-май күнү Бишкектеги Жаза өтөө башкы башкармалыгынын Кайтаруу жана күзөтүү департаментине караштуу 74/12 номурлуу аскер бөлүгүнө кызмат өтөөгө жиберилген. Аталган аскер бөлүгүндөгү документтерге караганда, 23-майда ал аскердик медицина бөлүмүнө түшүп, сокур ичегиси түйүлгөн деген шек менен Фучик көчөсүндөгү хирургиялык ооруканасына жеткирилген. 24-майда ага сокур ичегиси түйүлгөн деген диагноз коюлуп, операция болгон.

Чубак Бакыт уулу “Азаттыкка” билдиргендей, ал аскерге түшөрү менен эле кайсы бир сержант жаакка урган. Командирлери сураганда “мурда аттан жыгылгам” деп жашырып койгон. Кийинки күндөрү токмоктон буттары сыйрылып, көгөрсө да чыдап жүргөн. “Сержант Кубан Сүйүнбек уулу ичке тепкенден кийин чыдай албай калдым”-, дейт катардагы жоокер:

- Мен тиги жактан аскер бөлүгүндө көнүгүүлөрдү жасап аткам. Анан ичим ооруп дааратканага баргам. Сокур ичеги болдум окшойт деп айтсам, Кубан Сүйүнбек уулу деген келип, “сокур ичеги болгонуңду урганым барбы, бул жакка келгенден кийин баарын көтөрүшүң керек” деп ичке эки тепти.

Анан бүктөлүп эле медициналык бөлүмгө барып жаттым. Ал жактан да тургузуп пол жуудуруп, туалеттерге хлор септиришти. Анан башым айланып, ошол жерден жыгылдым. Жыгылгандан кийин тез жардам чакырып, бул жакка алып келди. Бул жакка алып келгенде сокур ичегим жарылып кетиптир.


Бул токмоктолдум деген жоокер чоң каалоо менен аскерге келгенин, эми кайра аскерге кайтуудан көңүл кайт болуп калганын да белгилөөдө. Чубак менен чогуу ооруканада дарыланып аткандар да анын токмоктолгонунан шек санашпайт. Анын сабалганы көрүнүп турганын, бүгүн жетекчилери келип психологиялык басым кылышканын айтышат.

Заир Абылкасым уулу: - Мен Чубак менен палатада чогуу жатам. Чубак келгенде туалетке киргенде сабады деп айтты. Сокур ичеги болдум деп айтса болбой сабашыптыр. Эгер армия ушундай болсо, Чубак ушундай кебетеде кызмат өтөй турган болсо менин деле көңүлүм калды го. Болбосо мен деле аскерге бара турган каалоом бар болчу. Андан көрө акча берип аскердик күбөлүк алган оң.

Эми командирлери Чубакты “кайра бар, биз өзүбүз колго алып, өзүбүз карап беребиз” деп атышат. Буга чейин карашпай аткан. Силер келип, сиздер айткандан кийин аскер бөлүгүнөн да, ооруканадан да баары келип, карап атышат. Буга чейин Чубакка жакшы көңүл бурулбай аткан. Ичсе ичет, ичпесе жок эле болуп аткан...

Ташмамат Исмаматов: - Баланы көбүрөөк тээп койгон. Биз ооруканага чогуу түшкөнбүз. Мен операция болуп, өйдө болуп кадимкидей басып жүрөм, бала болсо ушу күнгө чейин дагы эле эңкейип, басканы ушул. Көрүнүп эле турат го. Өзү деле айтты. Эми ал жакта тартипти күчөтсө болмок ошол чоңдору. Балага убал эле болду...

“Азаттык”: - Чубактын айткандарына ишендиңизби?

Ташмамат Исмаматов: - Эми жүрүш-турушун карап туруп эле албетте ишенесиң. Ишенбеске айла жок. Баланы көрүп бооруң ооруйт.

Актилек Зарипбеков: - Силер келип кеткенден кийин аскер бөлүгүнөн да жетекчилери көп келип атышат. Бөлмөсүндөгү байке да айтып атат, “баланын нерви күчтүү экен” деп. Келип алышып эле эмнеге мобинтип айтасың деп басым кылып, бул ооруганына карабай чыдап, айтканынан кайтпай отурат деп. Эми жигит өзү деле айтып атат, айыксам кайра барам депчи. Бул деле мекенге кызмат өтөйм деген нерсе болуш керек. Эр жүрөк, азамат жигит экен...

Аскат Асанкадыр уулу
Өзүн “Чубактын атасымын” деп тааныштырган Сыргак Сарыбашев Чубактын авасы (атасынын тууганы) болот. Ага микрофон узатканыбызда, аскерде баары эле таяк жей турганын, ушинтип көнүп кетерин, Чубак аскерге кайра барып кызмат өтөй турганын айтууда:

- Балам кызмат өтөйт. Кудай буйруса жакшы болуп кетсин, андан ары жакшы болуп кетсин. Бүт баары эле армияда таяк жейт. Бүт эле көнөт. Балам кызматын өтөп келет...

Аскер бөлүгүнүн жетекчилери болсо Чубак Бакыт уул аскерге келгенден тартып эле кызмат өтөө ниети болбогонун, сокур ичегиси түйүлгөндөн тарта аскерден калуу амалын кылып атканын айтышууда.

Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин жетекчи орун басары, полковник Муратбек Кожобековдун айтымында, ички териштирүүлөрдүн натыйжасында катардагы жоокер Чубак Бакыт уулу токмоктолду деген маалымат тастыкталган жок:

- Токмоктолгону боюнча кечээ мен өзүнөн угуп келдим. Келип бул жакта ар бир айтылган, бир эмес, эки сержантты айткан, анан алар менен мен бир-бирден сүйлөштүм. Анан эч кандай толуктоочу, тактоочу маалымат түшкөн жок. Мен таң калып атам, кандай болгон депчи. Кечээ дагы айтып атат, фельдшер врач, аял киши чапты депчи. Аял киши кантип чапсын эркекти, мен түшүнбөйм да. Аны укканда мен ойлоп атам, эптеп кызмат кылгысы келбеген да. Себеби ошондон болду.

18-майда жазылган түшүнүк катында деле Чубак Бакыт уулу ден соолугуна байланыштуу аскерге баруу каалабаганын, бөйрөктөрү, кулагы ооруй турганын айтса болбой “киши жетпейт” деп аскерге жиберип ийишкенин жазган экен.

Кубан Сүйүнбек уулу
Чубакты ичке тепкен делген Кубан Сүйүнбек уулу болсо айтылгандардын баары жалган жалаа деп эсептейт. “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып ал, аскерде кызмат өтөгөн 7 айдан бери бир дагы жоокерге кол көтөрбөгөнүн, Чубак Бакыт уулун тааныбай турганын билдирди:

- Ал биринчи ротанын төртүнчү взводунан. Аны менен менин ишим деле жок. Алардын өзүнчө сержанттары, өзүнчө командирлери бар. Алар өздөрү карайт. Ал эми мен үчүнчү взводду, өзүмдүкүн карайм. Болгону ошол, тепкен эмесмин, чапкан эмесмин. Аны тааныбайм да. Мен ушуга чейин чаап, балдарды урушуп көрө элекмин. "Молодойлорго" тийгенде деле мен өзүмдүн артымды ойлошум керек да. Эртеңки күнү эмне болуп кетет деп...

Чубак баш ийген взводдун кенже сержанты Аскат Асанкадыр уулу да жогорку жетекчилеринин сөзүн кайталап, аскерге келгенде эле Чубак кеткиси келип жүргөнүн, азыр аскерде дээрлик ур-токмок жок экенин, Чубак Бакыт уулунун айткандары жалган экенин билдирди:

- Билбейм анын кызмат өтөөгө көңүлү жок. Ошон үчүн эле. Ал негизи кетем деп эле жүрчү, ыйлап эле. Билбейм, башында өз көңүлү менен эле келген, анан балким жакпай калгандыр. Аны менен келгендер татынакай эле кызмат өтөп жүрүшөт.

Бүгүн бул окуя боюнча Аскер прокуратурасы да териштирүүсүн баштады. Полковник М.Кожобековдун айтымында, прокуратуранын адамдары ушул тапта Чубак Бакыт уулуна байланыштуу бардык документтерди алып кетишти.

Жоокерлердин укуктарын коргогон, Европа биримдигинен каржыланган “Жоокерлердин энелери кеңеши” уюмуна кечээ эле бул тууралуу билдирилсе да, аталган уюмдун өкүлдөрү токмоктолду делген жоокердин абалын көрүү үчүн бүгүн барган эмес.

Чубак кызмат өтөгөн аскер бөлүгүндө аталган уюмдун жетекчиси Галина Афонинаны жолуктурдук. Ал “Азаттыктын” суроолоруна жооп берүүдөн баш тартып, анын жардамчысы сабалды делген жоокерге эртең барышарын кошумчалады. Ал арада Чубак менен кошо дарыланып аткандар “басымдын айынан Чубак эртең башкача сүйлөп, сабалган жокмун деп калбаса болду” деп шектенишүүдө.

Чубак Бакыт уулу: Аскерде токмоктошту
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:06 0:00

XS
SM
MD
LG