Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:55

Соңку маалымат – “Азаттык дөбөсүндө”


Абдыманап Өмөшев жана Эрнист Нурматов
Абдыманап Өмөшев жана Эрнист Нурматов

Кара-Кулжанын эң алыскы Көк-Арт айылында “Азаттык аке” аттуу киши бар. Күн сайын үналгыдан уккан жаңылыктарын элет тургундарына өз убагында жеткирип турганы үчүн Абдыманап Өмөшевди бул жердегилер ошентип атап коюшкан. Анын үйүнүн жанындагы отургучту болсо айылдыктар “Азаттык дөбө” дешет.

Абдыманап Өмөшевди көкарттыктар жөн жерден “Азаттык аке” деп коюшпайт. Ал “Азаттык” үналгысынын ар бир чыгарылышын калтырбай угуп, башкаларга айтып берет.

Калтырбай уккан радионун атынан чакырышканына Абдыманап Өмөшев өзүнчө кудуңдап калат:

- Акыркы кабарларды толук угам. Депуттарыңдын урушун, чатышын, кыйкырганын, башка жаңылыктардын баарын билем. Укпай калгандар менден сурашат. Аксакалына да, көксакалына да айтам. Үйүм айылдын ортосунда болгондуктан ылдыйы да, жогоркусу да ушул жерге атайын келишет. Эл уга элек жаңылыктарды айта берген үчүн бул жердегилер мени “Азаттык” деп коюшат. Балдар болсо “Азаттык аке” деп чакырышат.

"Саясатта эмне кеп бар?"
Айылда тынымсыз жарык өчө бергендиктен көкарттыктар өлкөдөгү жана дүйнөдөгү жаңылыктарды сыналгыдан толук көрө алышпайт. Ошондуктан бул жерде ар бир экинчи-үчүнчү үйдө батарейка менен иштеген үналгы бар.

Андан да жаңылыктарды уга албай калгандар түз эле ушу Абдыманап Өмөшевдин үйүнө өтүп келишет. Анын короосунун жанындагы отургучту тегеректешип, акыркы кабарларды сурай башташат. Бул кичинекей дөбөчөнү да айылдыктар “Азаттык дөбө” деп атап алышкан.

70ке таяп калган Ирбаз Көкөев буларды айтып берди:

- Үналгысы барлар батарейин камдап алып кабар угушат. Бизге окшоп радиосу жоктор “Азаттыкты” уккандардан сурап алабыз. Абдыманаптын баласы да техникага уста. Радиосу да бузулбайт, батарейкасы да түгөнбөйт. Анан кабардан эч артта калбайт. Бизде андай бала жок, радио да жок. Намаз окуп, жайлоого кетип калып эле укпай калабыз. Анан сөзсүз ушу “Азаттыктан” сурайбыз да. Мына бу жерди да анын наамына атап “Азаттык дөбө” деп койгонбуз.

Чек арага жакын турган Көк-Арт райондун борборунан 120 километр, облустун борборунан 200 километр алыстыкта жайгашкан. Ал жакка тез-тез каттап, гезит-журнал алып окууга айылдыктардын дээрлик мүмкүнчүлүгү жок. Сыналгыдан 2-3 канал тартса да, көкарттыктар “Азаттыкты” туура, так маалымат бергени үчүн баалашат.

Айыл тургуну Азизбек Жумашев элетти радиосуз элестете албаганын айтат:

- Жарык кечке өчө берет. Мына үч күндөн бери жок, кечээ эле күйдү. Анан радио угабыз. Радиодон эң көп укканыбыз ушул “Азаттык”. Күтүп атып угушат. Сыналгыдан бурмалап берип коюшат да. Ошого чындыкты билиш үчүн, курч материалдарды угуш үчүн “Азаттык” радиосу сөзсүз биздин кулагыбызда.

Сатыбалды Кыдырмышев
Айылдын дагы бир тургуну Сатыбалды Кыдырмышев коомдук турмушта элеттиктер дайыма унутта калып жатканын белгилөөдө. Жолдун алыстыгынанбы, айтор бийликтегилер Көк-Артка айда-жылда бир келсе келет, болбосо жок.

“Жок дегенде азаттыкчылар силер тез-тез кабар алып тургула” дейт ал:

- Эстен чыгып бараткан элетке көбүрөөк келсеңер. “Азаттык” радиосунун угарманы көбүнчө айылдыктар болгондон кийин, айылга көп келип, анын көйгөйлөрүн алып чыккыла. Бирок баары бир “Азаттык” абдан жакшы материалдарды берип жатат. Багыты түз, болгонун болгондой айтат. Бардык маселени көтөрүп чыгып жашырбайт. Жаңы бийлик келгенде эле силерге катылып, жаап коюуга аракет кылганына карабай иштеп атканыңар чынында элге жагат. Бир гана маселе – эфирде материалдарды 3 жолудан ашык кайталанбаса жакшы болот эле.

700 түтүн жашаган көкарттыктар жайкысын 4-5 айлап жайлоодон түшпөйт. Ошол себептүү да радио алардын жашоосунун ажырагыс бөлүгүнө айланып калган.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG