Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:15

Борч кризиси ЕБны супердержавага айлантабы?


Европа Борбордук банкынын сыртындагы евро акчанын белгиси. Франкфурт. Германия
Европа Борбордук банкынын сыртындагы евро акчанын белгиси. Франкфурт. Германия

Евробиримдиктин байгер өлкөлөрү Грекия сыяктуу финансылык капсалаңга кабылган шериктештерин акчалай жактан жөлөп-таягандан жадап бараткан учур.

Европа Биримдигинин байгер өлкөлөрү Грекия сыяктуу финансылык капсалаңга кабылган шериктештерин акчалай жактан жөлөп-таягандан жадап бараткан учур. Мындай абал евромейкиндикке мүчө
Бизде не саясый федерация, не монетардык федерация жок.
Жан-Клод Трише

мамлекеттер арасындагы экономикалык жана саясый интеграцияны тереңдетүүгө өбөлгө болобу? Же борч кризиси Евробиримдикти жаңы килейген супер держававага айлантабы?

"Орток дастаркон" саясатынын зыяны

Грекия, Италия жана Испаниянын дебеттик кризиси 17 мамлекеттин орток акчасы еврону толкун айдаган кемедей чайпалтып турган чак. Евронун проблемасы Европа Биримдиги үчүн да чоң мүшкүлгө айланууда.

Мурда экономисттер бирдиктүү фискалдык саясатка өтпөй туруп, орток акчаны колдонууга киргизүү бир конуштун элини жалпы кредиттик картаны пайдалантып койгонго тете экенин эскертип келишкен. Конуштун ар бир мүчөсү жамааттык кредиттик картаны качан жана кантип колдонуунун эрежесине макулдук бермейинче, акчаны ашыкча сарптаган адамдын борчун үнөмдүү жашаган экинчи бирөө төлөп калары анык. Мындай көрүнүштү евромейкиндиктин
Европа Борбордук банкынын төрагасы Жан-Клод Трише Европарламенттин жыйынында сүйлөөдө. Брюссель. 29-август 2011

мүчөлөрү ушу тапта баштан кечирүүдө. Бу абалдан чыгуу үчүн уюмдун көрөңгөлүү лидерлери Германия жана Франция ысырапчыл шериктеринин чыгымдарын көзөмөлгө алууну каалашууда.

Андай көзөмөл тууралуу Европа Борбордук банкынын төрагасы Жан-Клод Трише 5-августта мындай деди:

- Евроалкак үчүн стабилдүүлүктүн жана өнүгүүнүн пакты сөзсүз керек. Азыр башаламандык өкүм сүрүүдө. Бизде не саясый федерация, не монетардык федерация жок. Биз бюджеттик саясат кандай иштеп жатканын кылдат байкап туруубуз абзел.

Буга чейин бюджеттик көзөмөлдү күчөтүү талабы чабал өлкөлөр Европанын финансылык стабилдүүлүк фондунан карыз сураганда гана айтылып, алар биринчи кезекте экономиканы реформалоого үндөлөр эле. Береги фонддо 440 млрд. евросу бар. Бул акча, серепчилердин айтымында, Испания же Италиядай килейген мамлекеттер кризиске кабылса, аларды жөлөп-таяганга жетпейт.

Трише Париждеги экономикалык конференцияда айтканга караганда, Европанын федералдык өкмөтүнүн финансы министринде саясаты уюм мүчөлөрүнө коркунуч туудурган өлкөлөрдү мажбурлагандай укугу болушу шарт.

Суверендүүлүк интеграцияга каршы келгенде
Лондондогу Barclays банкынын жанындагы иштебей турган банкоматтар. Лондон, 31-август 2011



ЕББнын төрагасынын сөзү Европа лидерлеринин үстүбүздөгү аптада Брюсселде болгон жыйынында айтылган сунуштарга үндөшүп турат. Лекин, бул үндөөлөр улуттук өкмөттөрдүн саясый рекомендацияларын ашып түшүүдө. Мисалы, Франция жана Германия лидерлери евроалкактагы экономикалык кызматташууну тереңдетүүгө чакырып, ошол эле маалда ар бир өлкөнүн эгемендигине шек келтирилбеши керек экенин айтышкан. Канцлер Ангела Меркел жана президент Николя Саркози августта Парижде өткөн кездешүүдө бюджеттик дефициттин өлчөмүн ар бир улуттун конституциясында аныктап алууга жана Биримдиктин лидерлерин ар жарым жылда экономикалык саясатты координациялап турууга чакырган. Бирок эки лидер евромейкиндик өз баалуу кагазын же бонд чыгаруусуна каршы. Германиянын “Дойче банкы” да евробондго макул эмес.

Анын жүйөөсүн Брюсселде жайгашкан “Bruegel” изилдөө борборунун директору Жан Пизани- Фери мындай деп түшүндүрдү:


Грекиялык коммунисттердин Pame профессионалдык союзу улуттук өкмөттүн бюджеттик саясатына каршы байыркы Акрополисте нааразылык акциясын өткөрүүдө. Афины шаары. 27-июнь 2011
- Евробондду чыгаруу улуттук өкмөттөр үчүн өз салык төлөчүүлөрүнү башка өлкөгө бере салуу дегенге тете. Төбөлсүз мамлекет үчүн бул маанилүү маселе. Себеби, салык күнкорсуз өлкөнүн дөөлөтү. Мындай кадамга күчтүү өнөктөштөрдүн күчтүү кепилдиги жок барууну эч ким каалабайт. Анткени, сиздин өнөктөшүңүз карыз алып, анысын төлөй албай калса, сиздин букараларыңызга кайрылып, борчту төлөөнүн кезеги силерге жетти дейт. Буга эч ким ынабайт. Ошон үчүн консервативдүү фискалдык саясатты карманган көпчүлүк өлкөлөр мындай жолойго өтүү ырыпчыл өлкөлөр үчүн бекер нанүштө болот деп коркушат.

“Bruegel” институту еврозонанын мүчөлөрү евробондду өз муктаждыгынын 60 процентине чейин жапканга пайдалансын деген сунуш киргизген.

Президент Саркозинин сөзүнчө, евробонд Европадагы интеграциянын башталышында эмес, жараян аяктап баратканда чыгарылышы мүмкүн. Идея боюнча, евробондду Биримдиктин кризиске кабылган өлкөлөрү коммерциялык баада алып пайдаланышмак. Азыр Грекиядай кубатсыз өлкөлөр карыз алса, Германия сыяктуу лөктөргө салыштырганда алда канча кымбат төлөөгө мажбур.

Ушу тапта Евробиримдиктин мүчөлөрү өз суверендүүлүгү жөнүндө көп тынчсызданып жатышканы менен азыркы финансылык кризис акча маселеси чек араны жеңил аттап, башка өлкөнү кошо түйшөлтчү проблемага айланып кете аларын айгине кылууда.

XS
SM
MD
LG