Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:15

Кыргызстан төртүнчү президентин тандоодо


Бишкектеги бир добушканадан көрүнүш.
Бишкектеги бир добушканадан көрүнүш.

Таңкы саат сегизден тарта Кыргызстанда президенттик шайлоо үчүн добуш берүү башталды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, шайлоочулар өлкө ичинде жайгашкан 2 миң 289 шайлоо участогунда жана чет өлкөлөрдө жайгашкан 29 шайлоо участокторунда добуш беришет. Шайлоонун жыйынтыктарын мамлекеттик автоматташтырылган система көзөмөлгө алып турат.


15:00 - 37 пайыздай шайлооочу добуш берди


БШК Саат 15ке чейин шайлоочулардын 36,41 пайызы добуш бергенин кабарлады. "Шайлоо" мамлекеттик автоматташтырылган системасынын маалыматы боюнча, 3 миллион 32 миң 681 шайлоочунун 1 миллион 104 мин 228 шайлоочу добушун берди. Эң көп активдүүлүк Чүйдө (48,96%) байкалууда. Андан кийин Нарында (47,53%), Таласта (45,93), Бишкекте (41,93%), Ысык-Көлдө (38,4%), Баткен (33,01%), Жалал-Абад (29,81%), Ош (28,74%) облустарында. Эң төмөн көрсөткүч Ош шаарында - 26,98%.


​Саат онго карата Кыргызстанда добуш берген жарандардын саны 107 миңден ашкан.

Ал эми түшкү саат 12ге карай БШК Кыргызстан боюнча шайлоочулардын жалпы санынын 19,29 пайызы добуш бергенин кабарлаган. Бул саатка карай эң жогорку активдүүлүк Нарын жана Чүй облустарында байкалып, шайлоочулардын 27 пайызынан көбү добуш берген.




Отунбаева туруктуулук үчүн добуш берди


Отунбаева: Туруктуулук алып келчү талапкерге добуш бердим
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:41 0:00
Түз линк
Президент Роза Отунбаева бүгүн Бишкектеги № 1215 шайлоо жайынан добуш берди. Өлкө башчысы добушканага чогулган журналисттерге "Кыргызстанга туруктуулук жана өнүгүү алып келчү талапкерге өз добушун бергенин" айтты. Президент ошондой эле кыргыз эли көрөгөч, татыктуу мамлекет башчысын шайлап алаарына ишенээрин билдирди. Роза Отунбаева былтыркы апрел окуяларынан кийин өлкө жетекчилигине келген. Бүгүн өтүп жаткан шайлоодо жеңген талапкерге президенттик кызматты жаңы жылдан тарта өткөрүп бериши керек.


Жалал-Абадда мушташ чыкты


Бирок облустук милиция бул мушташтын шайлоого тиешеси жоктугун айтууда. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Малик Нурдиновдун “Азаттыкка” билдиришинче, бүгүн түштөн кийин, саат төрттөр чамасында шаардагы №14 мектепте жайгашкан шайлоо участкасынын 100 метр ары жакта мончонун тушунда мурдатан бери жаатташып жүргөн балдар мушташа кетти. Бирөөсү башынан жаракат алып ооруканага жеткирилди. Азыр бул балдардын баары кармалып, тергөө жүрүп жатат. Уруш чыгарган балдардын жанынан бир травматикалык тапанча менен бычак табылды.

Калган аймактарда кырдаал тынч экени кабарланууда. Бул күнү коопсуздукту жана тартипти сактоо үчүн 6 миңден ашык милиция кызматкерлери тартылып, элдик кошуундардын 14 миңден ашык мүчөлөрү кол кабыш кылышат. БШК шайлоочулар 3 миллион 32 миңден ашкандыгын мурдараак жарыялаган. Добуш берүүнүн жүрүшүнө жергиликтүү байкоочулардан тышкары эл аралык 792 байкоочу көз салууда. Алардын катарында 46 өлкөдөн өкүлдөр бар.


Шайлоочулардын нааразылыгы


Бул күнү көпчүлүк шайлоо бекеттеринде өзүн тизмеден таппай калган шайлоочулар болуп жатат. Алардын бир тобу нааразылыгын билдирип БШК алдына да келишти. Президент Роза Отунбаеванын уулу Атай Садыбакасов да добуш берейин деп барып, тизмеде жок болуп чыкканын "Азаттыкка" да билдирди. Садыбакасовдун айтымында, ушул эле добушканадан белгилүү мамлекеттик ишмер, Кыргызстандын мурдагы жетекчиси Турдакун Усубалиевдин да тизмеде жок экени белгилүү болду.

Тизме чатагы боюнча "Азаттыктын" суроолоруна жооп берген БШК мүчөсү Ишенбай Кадырбеков: "Тизмеден өзүн таппай, добуш бере албай калгандардан БШК мүчөсү катары кечирим сурайм", - деди.

Анын айтымында, ал арыздардын дээрлик 90 пайызы боюнча тактоо иштери жүргөндө проблема адамдык фактордон улам келип чыкканы аныкталды. Проблема чечилип, ал адамдар добуш бере алышты. Ал эми калган учурлар боюнча маселе чечилген жок, ал шайлоочулар добуш бере алышпайт.

Кадырбеков тизме боюнча проблема бар экенин, бирок ал жалпы шайлоонун жыйынтыгына таасири тийбестигин да белгиледи.

"Азаттыктын" атайын шайлоо күнү үчүн уюштурулган акысыз телефонуна (0550 31 61 65) чалгандардын да көпчүлүгү өздөрүн тизмеден таппай калганын айтып жатышат.

Шайлоочулардын үнүн бул жерден уксаңыз болот.



Мурдагы шайлоолордо шайлоо бекеттери эртең мененки сегизден кечки сегизге чейин иштечү. Жаңы шайлоо мыйзамдары боюнча бул жолу добушканалар кечки саат жетиде жабылат.

Президенттик орун үчүн 16 талапкер ат салышууда.


Тасмада: Бишкектеги добуш берүүдөн бир үзүм

Бишкек: алгачкы добуш берүүлөрдөн бир үзүм
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:22 0:00
Түз линк
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG