Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:55

Мыйзам “чоңго" жана кембагалга бөлөбү?


Кыргызстандагы автокырсыктардын бири. ("Азаттыктын" архивиндеги сүрөттөн.)
Кыргызстандагы автокырсыктардын бири. ("Азаттыктын" архивиндеги сүрөттөн.)

Бишкек мэри Иса Өмүркуловдун уулу Азамат катышкан автокырсыктан каза болгон үч адамдын жакындары ага доосу жок экенин айтып, арыздарын кайтарып алды.

Сотко чейин чечүү амалы бар

Акыйкатчы Турсунбек Акун болсо Кыргызстанда мамлекеттик жогорку кызматтагылардын, же акчалуу бай адамдардын жакындары кылмыш жоопкерчилигинен кутулуп кеткен учурлар көнүмүш өнөкөткө айланганын айтып чыкты.

Автокырсыктан каза тапкан Жайнак Мурат уулунун жана Талгар Турдукеевдин туугандары тергөөнүн жүрүшүндө Азамат Өмүркуловго доосу жок экендигин айтып, бул боюнча арыздарын кайтарып алышкан. Кырсыкка кабылып, кайтыш болгон үчүнчү жүргүнчү Алтынай Турусбекованын жакындарынын доо арызы тууралуу маалымат жок.

Бишкек шаар мэринин уулу катышкан бул автокырсык боюнча соттук териштирүү 5-ноябрга белгиленип, бирок айыпталуучунун саламаттыгына байланыштуу кийинкиге калтырылган болчу.

Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев каза болгон үч адамдын туугандары доодон баш тартыша турган болсо аталган сот иши өндүрүштөн кыскарышы мүмкүн экендигин айтты:

- Аталган автокырсыктан үч адам каза тапкандыктан үч адам жабырлануучу катары өтүп жатат. Бирок алардын экөө тергөө учурунда эле Азамат Өмүркуловго дообуз жок деп жазып берген. Эгерде үчөө тең дообуз жок деген жыйынтыкка келе турган болсо, бул иш сот өндүрүшүнөн кыскартылат. Бирок кандай болгон күндө да сот отуруму болуп, соттун чечиминин негизинде каралат.

Мыйзам кызмат тандабашы керек

Бирок укук таануучулар автокырсыктан каза тапкан үч адамдын туугандарынын Азамат Өмүркуловго доосу жоктугу анын жаза чарасын жумшартуучу жагдай катары гана каралышы мүмкүн экендигин белгилешти. Өмүркулов алгач кармалып, бирок саламаттыгына байланыштуу үй түрмөсүнө бошотулган болчу. Мына ушундай шарт-ыңгайдан улам, мэрдин уулу сот жоопкерчилигине тартылбай калышы мүмкүн деген пикирлер да бар.

Акыйкатчы Турсунбек Акун Кыргызстанда акыркы жыйырма жылда бийликтеги адамдардын балдары мыйзам алдында жооп берген учурлар боло электигине токтолду:

- Бир эле Бишкектин мэри Иса Өмүркуловдун уулу эмес, бардык эле мамлекеттик жогорку кызматта иштеген адамдардын мына ошондой жорук-жосундары менен белгилүү болгон балдарынын бири дагы жоопкерчиликке тартылган эмес. Эгерде карапайым адамдын баласы бирөөнү унаасы менен уруп алып, буту-колун эле сындырган болсо, эбак эле камалып кетмек. Булардыкы бир эмес, үч адамды сүзүп кетсе деле камалбайт. Мыйзам бардык жарандарга бирдей болуш керек болчу. Бул эми кырсык. Бирок ошондой болгондо да жоопкерчилик бирдей болуш керек.

Анткен менен аталган окуя атайын жасалган кылмыш эмес, күтүүсүз жол кырсыгы болгондугуна маани берүү керек дегендер да жок эмес. Мына ошондуктан бул маселеде мыйзам талап кылган чаралардан мурун тараптар өздөрү бирин-бири түшүнүшүп алышкан оң деген пикирлер үстөмдүк кылат.

Шаар мэри Иса Өмүркулов болсо бул иш боюнча сот гана өз алдынча тыянак чыгара тургандыгын эске салды:

- Бул эми кырсык. Мындайды мен душманыма да каалабайт элем. Биз мына ошол окуя болгон күнү эле каза болуп калган балдардын үйлөрүнө барып, топурак салып, куран окуп, ата-энелерине көңүл айтып келгенбиз. Бул эми ар бир атанын эле кыла турган иши болсо керек. Ошол эле кезде мына ошол ата-энелер катуу жараат алып, ооруканада жаткан менин уулумдун саламаттыгы кандай деп сурап турушту. Биз ал ата-энелерге ыраазы болдук. Мен сот ишине кийлигишкен жокмун. Бул иш боюнча сот өзүнүн тыянагын чыгарат деген ойдомун.

Ошол эле кезде мыйзам алдында жарандардын укугу жана жоопкерчилиги бирдей деген түшүнүк кагазда гана жашап келе жатканын айткандар арбын. Анткени биринчи кезекте коомдук аң-сезимдин өзү мыйзамдын үстөмдүгүн кабыл алууга даяр эмес деген ойлор бар.

Талдоочу Турат Аким муну коомдогу укуктук маданияттын төмөндүгү менен байланыштырды:

- "Күч бар жерде уят жок" деп коюшат го. Мына ошондуктан мыйзам күчтүүнүн гана сөзүн сүйлөй тургандыгын унутпашыбыз керек. Мыйзам алдында жооп берген учурлар башка өлкөлөрдө болуп калышы мүмкүн. Буга жакында Израилдин президентин соттошкондугу мисал боло алат. Ошондой эле чет мамлекеттерде бийликтеги же чириген байлардын уулдарын мыйзамдын күчү менен камакка алышып, соттогон учурлар бар. Бирок бизде мына ошондой деңгээлге жетиш үчүн коомдук аң-сезим жогору болуш керек. Буга биздеги саясий мафия, калыптанып калган кландык кызыкчылыктар тоскоол болот.

Быйыл 15-августта Бишкек-Торугарт жолундагы Токмок шаарына жакын жерден Азамат Өмүркулов айдап бара жаткан Land Crusier машинеси менен Ауди унаасы сүзүшүп, жыйынтыгында үч адам каза тапкан болчу.

XS
SM
MD
LG