Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:08

Оппозициячыл эки партия бирикти


“Ата-Журт” жана “Бүтүн Кыргызстан” партиялары бирдиктүү оппозициялык лагерге биригерин жарыялашты.

Жаз алды менен оппозиция жандана баштады. Парламенттеги оппозициячыл "Ата-Журт" партиясы менен былтыркы президенттик шайлоодо жеңилип калган саясатчы Адахан Мадумаровдун "Бүтүн Кыргызстан" партиясы күчтөрүн бириктирди.

Эки лидердин коюлган мөөрү али кургай электе серепчилердин алды эки партиянын тегине карата алгачкы жоромолун жарыялап жиберишти.

Атап айтканда, колдоочуларынын көпчүлүгү түштүктөн турган эки партиянын биригиши аймактык ажырымга алып келбес бекен деген кабатыр суроону коюшту. Анткени кландык жана жердештик сезим али күчтүү бойдон калып жаткан Кыргызстанда шайлоочулар партияларга анын идеологиясынан мурда алардын лидерлеринин чыккан тегине жараша баа беришет эмеспи.

Саясат таануучу Марс Сариев эки партиянын биригиши улут аралык жана аймактык ажырымдан оңоло албай жаткан өлкөнүн кооопсуздугуна олуттуу доо кетириши ыктымал деп эсептейт:

- Мындай карасак “Ата-Журт” менен “Бүтүн Кыргызстандын” көпчүлүк электораты өлкөнүн түштүк аймагында экени жашыруун эмес. Ошондуктан электоралдык тилкеси окшош болгондуктан алардын биригиши мындай караганда туура. Бирок бул бир бүтүн мамлекеттеги шайлоочулардын аймактык таандыктыгына жараша ажырымга алып келиши да мүмкүн.

Деги эле аталган партиялардын биригебиз деп чыкканы бул саясий элитанын бийлик менен болгон буга чейинки мунасага келүү шарттарынын бузулушунан улам болууда. Алар күткөн жыйынтык болгон жок. Чынында алар күчтүү саясий лидерлер. Адатта бийликке келген саясатчы күчтүү атаандаш менен кызматташууну туура көрбөйт. Жыйынтыгында саясий элитанын ортосунда атаандаштык күчөп кетти.


Бирок мындай кабатыр ойго жаңыдан биригип жаткан саясий күчтөрдүн өкүлдөрү макул эмес. Алар жаңы тандемдин катарында ар кайсы аймактан жана улуттан чогулган, жалпы улуттук кызыкчылыктарды карманган саясатчылар бар деп ишендирүүдө.

“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров эки партиянын биригүүсү аймактык ажырымга алып келет дегендер атайын эле чагым салып жатышат деп эскертти:

- Бир эле мына ошол эки партия эмес, Кыргызстандын келечегине кайдыгер карабаган аттуу-баштуу инсандар, саясатчылар жана алардын ичинде чыгармачыл инсандар бирдиктүү саясий күч катары биригип жатабыз.

Биздин партияны өлкөнүн бир аймагынын гана колдоосуна ээ болгон партия катары кароого болбойт. Анткени партиянын жүз он миңден ашуун мүчөсүнүн алтымыш пайызы Бишкек, Чүй жана Нарында турат. Анан ошону кантип бир гана түштүктүн партиясы катары карашыбыз керек? Мунун бардыгын аймактык картаны ойнотуп, бөлүп-жаруу менен башкарууну каалагандардын ойлоп тапканы катары баалоого болот.


Бийлик бөлүштүрүүнүн машакаттары

Ошондой эле серепчилер бийлик бөлүштүрүүдө контрэлитанын четте калгандыгы оппозициячыл күчтөрдүн бир муштум болуп бийликке каршы биригүүгө өбөлгө түзгөндүгүн белгилешти. Президенттик шайлоодон кийин Алмазбек Атамбаев өзүнүн саясий атаандаштары менен кызматташууга даяр экенин, Мадумаров жана Ташиев менен сүйлөшүүлөргө бара тургандыгын убада кылган. Бирок шайлоодон бери эки ай өтсө да негизги эки атаандашын кызматташууга чакырганы билинбейт.

Мына ушундан улам дымагы күчтүү эки оппозициячыл лидер күчүн бириктирүү аркылуу бийликти алар менен эсептешүүгө аргасыз кылуу максатын да көздөп жатышы мүмкүн дейт саясат таануучу Уран Ботобеков:

Президенттик шайлоо, 30-октябрь, 2011-жыл
Президенттик шайлоо, 30-октябрь, 2011-жыл
- Атамбаев шайлоодон мурун да кийин да аталган эки саясатчы менен сүйлөшүүлөргө барып, алар менен кызматташам деген убадасынын өтөөсүнө чыккан жок. Ошондуктан аталган партиялар биригүү аркылуу "бийлик биз менен эсептешсин" деген саясий кадам жасап жатышы да мүмкүн. Бирок биригүүнүн эң эле негизгиси - алдыдагы шайлоолордо күчтү чачыранды кылбай бириктирип, саясий күрөштүү улантуу максаты бар экендиги байкалат.

“Ата-Журт” партиясы 2010-жылы бийлик алмашуусунан кийинки парламенттик шайлоодо биринчи келип, парламенттик коалицияга кирген. Былтыркы президенттик шайлоодон кийин куралган коалицияга кирбей, оппозицияда калган.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясы парламенттик шайлоодо алтынчы келип, сыртта калган. Анын лидери Адахан Мадумаров президенттик жарышта экинчи орунду камсыздаган. Эки партиянын биригүүсү Кыргызстандагы саясий картаны канчалык өзгөртөт? Азыркы бийликке атаандашкан бардык күчтөрдү өз туусу астында баш коштура алабы?

XS
SM
MD
LG