Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:22

Сейитбеков эмне үчүн өзүн өрттөдү?


Маркум акыркы катында "Мени Кыргызстандагы митингдер жадатты. Эч кандай саясат токубагыла" деп жазган.
Маркум акыркы катында "Мени Кыргызстандагы митингдер жадатты. Эч кандай саясат токубагыла" деп жазган.

15-апрелде Ош шаарынын борбордук аянтында өзүн өрттөп, набыт болгон Каныбек Сейитбековдун сөөгү, жазып кеткен керээзине ылайык, Гүлчө айылындагы Памир жолунун четиндеги мүрзөгө коюлат.

Аны акыркы сапарга узатуу зыйнатына кетчү чыгымдарды Алай районунун акимчилиги көтөрүп жатат.

Өзүн өрттөп жиберген Каныбек Сейитбеков 65 жашта эле. Адабиятка жакын болгон. Жазган ырлары райондук гезитте бир канча жолу басылыптыр. Колунан көөрү төгүлгөн жыгач уста болчу дешет. Өзү жашаган Курманжан Датка айылында бир топ курулуштарга колу тийген.

Иниси Эрнис Сейитбеков агасын "жайдары адам болчу" деп эскерди:

- Дайыма тамашага салып сүйлөчү. Бирөөлөрдү негизсиз жамандаганын эстей албайм. Акыркы кездери пикет-митингдердин көбөйүп кеткенине нааразы болуп жүргөн. Артында төрт баласы калды. Бир уулун үйлөндүргөн. Бирок небере көрбөй кетти. Бир уулу, эки кызы турмуш куруша элек...

Эрнис агасынын өз жанын кыюуга аракет кылганын мурда байкаган эмес, ошондуктан анын өлүмү жакындары үчүн күтүүсүз болду.

Каныбек Сейитбеков өзүн Оштогу борбордук аянтта 15-апрель күнү кечки саат жетилерге жакын өрттөгөн. Атын атагысы келбеген ишенимдүү булактардын маалыматы боюнча, өрттөлгөнгө чейин анын колунда “Пикет, митингдерди токтоткула!” деген жазуулары бар плакат болгон жана ал өлкөдөгү саясий кырдаалдан чарчаганын айткан.

Өрттөнүп жаткан кишини мэриянын ыкчам маалымдоо кызматынын кезметчиси Сабыржан Абидов алыстан көрүп, Тез жардам чакырган.

- Мен бөлмөмдө отуруп, кишинин күйүп жатканын көрүп калдым. Дароо эле тез жардам чакырдым. Көчөдөн өтүп жаткандар жолду оңдоо үчүн төгүлгөн кумду сээп, өрттү өчүрүштү. Тез жардам кызматы дароо эле жетип келди. Артынан эле милиция келип, өрттөнгөн кишини ооруканага алып кетишти.

Ош облустук ооруканасынын башчысы Шайирбек Сулаймановдун айтымында, Каныбек Сейитбековдун жанын аман сактап калууга бардык аракеттер көрүлгөнү менен майнап чыккан эмес.

- Денесинин 96 пайыз бөлүгү күйүп кетиптир. 15-апрель күнү кечки саат он жарымга жакын жаны үзүлдү. Туугандары ошол эле күнү сөөктү Алайга алып кетишти.

Каныбек Сейитбековдун сөөгү эртең жерге берилет.

Керээз каты калды

Анын өз жанын кыйганына өлкөдөгү саясий абал таасир эткендиги өзү жазып кеткен керээз катында айтылат. Ички иштер министрлигинен маалымдашкандай, маркум өз жанын кыярдан мурда дептерге акыркы сөздөрүн жазып кеткен.

Маркум калтырган дептерде ал митингдерден жадаганын, Алмазбек Атамбаевге, Өмүрбек Бабановго жана Адахан Мадумаровго мындан ары өлкөдө стабилдүүлүктү сактоого ишеним артаарын билдирген.

Сейитбеков жазып кеткен акыркы катта райондун акими Таалайбек Сарбашевге да кайрылып, артында калган оорулуу аялына медициналык жардам берүүсүн суранган.

- Анын керээзи боюнча, аялына жардам берүүнү чечтик. Райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун адистери маркумдун аялынын ден соолугуна кам көрүүгө милдеттендирилди. Аялы кан басымы жана жүрөк оорусунан жабыркап келет экен. Андан сырткары, акыркы сапарга узатуу зыйнатына кетчү чыгымдарды да мойнубузга алдык. Үй-бүлөсүнө акчалай жардам беребиз. Район гана эмес, облустук бийлик да 25 миң сом жардам берип жатат.

Психологдордун байкоосунда, мындай кадамга адатта нерви жука кишилер кабылышат.

"Андайлар айланада болуп жаткан окуяларды жүрөккө жакын алышып, жалпы коомчулуктун көйгөйүн жеке өзүнө таандык сыяктуу кабылдайт да, андан арылуунун жолдорун издей баштайт. Көпчүлүгү ар түрдүү жолдор менен өз жанын кыят. Бул башкаларга да таасир этет, ушундай кылса боло берет турбайбы деген ойдогулар көбөйөт",- дейт психолог Темиркан Жарматова.

Кыргызстанда өлкөнүн саясий абалына нааразылык билдирип, өзүнө өрт коюу учуру биринчи жолу болуп жаткан жок. 2005-жылы депутат Баяман Эркинбаевдин агасы инисинин өлтүргөн кишилерди табуу иштери созулуп жатканына нааразы болуп өзүн өрттөгөн. Дарыгерлер анын жанын сактап калышкан.
XS
SM
MD
LG